Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин «Жашыл экономика — 2024» форуму боюнча пресс-конференциясынын жыйынтыгы тууралуу

Новости
17-Октябрь 2024-ж.
130

2024-жылдын 17-октябрында КУМА «Кабарда» Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жашыл экономиканы өнүктүрүү алкагында өтүүчү, "Жашыл экономика - 2024" форумуна арналган пресс-конференция өткөрдү. Министрдин орун басары Санжар Болотов Кыргызстан жашыл өнүгүү стратегиясына өтүүдө жетишкен олуттуу ийгиликтер тууралуу айтып, бул багыт өлкөнүн улуттук саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп калганын белгиледи. Ошондой эле, ал жашыл экономика Кыргызстан үчүн экологиялык жоопкерчилик жана узак мөөнөттүү жыргалчылыкка умтулуу менен келечекке кошкон салым экенин баса көрсөттү.

2019-2023-жылдарга карата Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы жашыл энергетика, айыл чарба, өнөр жай, туруктуу туризм, аз эмиссиялык транспорт, калдыктарды башкаруу жана жашыл шаарларды түзүү сыяктуу негизги секторлорду камтыйт. Негизги күч-аракеттер экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүүгө, жаңылануучу энергия булактарына инвестицияларды көбөйтүүгө жана өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын кеңейтүүгө багытталган. Санжар Болотовдун айтымында, Кыргызстан жетишкен ийгиликтерге сыймыктанат жана жашыл экономиканы туруктуу өсүүнүн ажырагыс бөлүгү катары карайт.

2024-жылдын 23-октябрында өтө турган «Жашыл экономика — 2024» форуму Кыргызстанды жашыл өнүгүүгө багыттаган жетишкендиктерди жана кийинки кадамдарды талкуулоого маанилүү аянтча. Форумда экологиялык таза технологияларга өтүү, жашыл энергетикага инвестицияларды тартуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча эл аралык биргелешкен аракеттер каралат.

Форумдун алкагында «Green Expo – 2024» көргөзмөсү өтүп, анда региондогу ар кайсы өлкөлөрдүн экономиканын тармактары боюнча туруктуу бизнес өнүктүрүүгө багытталган ыкмалары жана технологиялары көрсөтүлөт.

«Жашыл экономика — 2024» форуму OSCE, UNDP, CAREC, GIZ тарабынан BMZ, JIA, ЕС жана Швейцария элчилиги, Unison Group, КАТО жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн  колдоосу менен өткөрүлөт.

Кошумча маалымат алуу жана иш-чарага катталуу үчүн уюштуруучулар менен байланышсаңыз болот: Алтынай Сатыбалдиева — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Эл аралык каржылоо, жашыл экономика жана туризм башкармалыгынын башкы адиси, электрондук почта: stbdva@gmail.com, телефону: +996 551 159 494.

Программа: https://greeneconomy2024.tilda.ws/

Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика боюнча тезистер

Кыргыз Республикасында инклюзивдүү жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн Өкмөт 2019-2023-жылдарга карата Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын (2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 токтом) бекиткен. Программада жашыл энергетика, жашыл айыл чарба, жашыл өнөр жай, туруктуу туризм, аз эмиссиялык транспорт, калдыктарды башкаруу жана жашыл шаарлар сыяктуу жети приоритеттүү сектор аныкталган. Бул багыттар жашыл өнүгүүгө өтүүнү камсыз кылууга багытталган.

Кыргыз Республикасында жашыл өнүгүүнүн негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Экологиялык жактан таза транспортту илгерилетүү.

2. Жаңылануучу энергия булактарына инвестицияларды көбөйтүү.

3. Экономиканы жаңы технологиялар аркылуу трансформациялоо.

Туруктуу өнүктүрүү

Министрлер кабинети электр транспортун өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди алып барууда, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, преференциялар системасын камсыз кылууда. 

Негизги кадамдар:

1. Жашыл инвестицияларды стимулдаштыруу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизүү.

2. Электромобилдерди заряддоо үчүн 2021-2025-жылдарга карата атайын тариф киргизүү.

3. 2022-2025-жылдарга карата 35 миң электр транспорт каражаттарын бажы алымсыз киргизүү квотасы.

4. Электромобилдер үчүн заряддоо инфраструктурасынын тармагын иштеп чыгуу.

5. Электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотуу боюнча уруксат алуу процессин жөнөкөйлөтүү.

Президент Глазгодогу саммитте белгилегендей, жаңылануучу энергия булактары (ЖЭБ) CO2 эмиссияларын азайтуунун негизги фактору болушу керек. Кыргызстандагы электр энергиясынын 94%ы аз эмиссиялуу ГЭСтер аркылуу өндүрүлөт, ал эми гидроэнергетика жана күн энергиясы станцияларын өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Ишке ашырылып жаткан багыттар

1. 2024-2028-жылдарга карата жаңы Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы иштелип чыккан, ал биоартүрдүүлүк, аз эмиссиялык транспорт, жашыл айыл чарба, энергияны үнөмдөө, калдыктарды башкаруу, туруктуу каржылоо жана башка практикалык чараларды камтыйт.

2. Жашыл каржылоо механизмдерин киргизүү иштери жүрүп жатат. Жашыл демилгелерди каржылоо үчүн каражаттарды топтогон жана бөлүштүргөн улуттук механизм катары Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аныкталган.

3. Жашыл экономика чөйрөсүндөгү экономикалык ишмердүүлүктү жана долбоорлорду классификациялоо үчүн «жашыл таксономия» иштелип чыккан. Таксономия айыл чарба, энергетика, транспорт, калдыктарды башкаруу жана суу ресурстарын башкаруу тармактарын камтыйт.

Бакудагы COP29 конференциясы

29-Климаттын өзгөрүшү боюнча конференция (COP29) 2024-жылдын ноябрында Баку шаарында (Азербайжан) өтөт. Конференциянын негизги темалары — климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды ишке ашырууну күчөтүү жана аларды ишке ашырууга шарт түзүү. Форумга өлкө лидерлери, жеке сектордун өкүлдөрү жана жарандык коом катышат, анын ичинде Кыргызстандын делегациясы да катышат.



Онлайн кайрылуу