«Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттер» демилгесин ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны жөнүндө

Новости
17-Ноябрь 2022-ж.
2336

2022-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгы астында Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттерин (PAGE-БУУ) иш багыттары боюнча акыркы 2 жылдагы долбоордун жыйынтыгын чыгарган ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин кеңейтилген жыйыны болуп өттү.

Байкоочу кеңештин жыйыны Жашыл экономика күндөрүн аяктоо алкагында, ошондой эле 2022-жылдын 11-ноябрында өткөн Жашыл экономика форумунун жыйынтыгы боюнча өттү.

Министрдин биринчи орун басары Ч.Сейитов куттуктоо сөзүндө бардыгына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, «Жашыл экономика үчүн аракеттенүү боюнча өнөктөштүк» долбоорунун демилгеси жагымдуу саясий шарттарды, стимулдарды, бизнес моделдерди, жашыл технологияларга көбүрөөк аракет жана инвестиция тартуу үчүн өнөктөштүк мамилелер жана бизнес-моделдерди түзүүгө багытталган негизги өнөктөштүк долбоорлордун бири экенин белгиледи. Ошондой эле табигый, адамдык жана социалдык капитал да саясий процесстерди тездетүү жана социалдык-экономикалык өнүгүүнү, туруктуулукту жана жумуш орундарын түзүүнү бекемдеген Жашыл интервенцияларды (саясаттан практикалык аракеттерге чейин) андан ары ишке ашыруу аркылуу болмокчу.

Ал ошондой эле Экономика жана коммерция министрлиги бул долбоордун алкагында жашыл өнүгүү демилгелерин илгерилетүү боюнча координациялоочу орган экенин белгиледи. Каржы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Жаратылыш ресурстары, Техникалык көзөмөл министрлиги, Улуттук статистикалык комитет дагы PAGE демилгесинин өнөктөштөрү болуп саналат.

Үчүнчү жыйындын ишине долбоордун жогорку өкүлдөрү : PAGE Катчылыгынын Жетекчиси Асад Накви, ЮНЕПтин Женевадагы кеңсеси, ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, ЮНЕП, ЭЭУ, ЮНИТАР, ЮНИДОнун өкүлдөрү да катышты.

Мындан тышкары, долбоордун акыркы 2 жылдагы ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча ишинин жыйынтыгы берилген.

Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, улуттук жана тармактык деңгээлде ишке ашыруу боюнча сунуштар аныкталган.

Өкмөттүн жана Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү документтерине (Кыргыз Республикасын 2021-2026-жылдарга өнүктүрүү программасы) инклюзивдик жашыл экономика маселелерин интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасында 2019-2023-жылдарга жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын иш-чаралар планы такталды.

Эл аралык эксперт, доктор Андреа Бассинин колдоосу менен Системдик динамика концепциясынын негизинде жашыл экономиканын моделин институтташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул моделди колдонуу себеп-иликтөө өнүгүүнүн ар кандай сценарийлерин, анын ичинде климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен моделдөөгө мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, жыл сайын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен, анын ичинде PAGE, Жашыл Экономика күндөрү жана Жашыл Экономика форуму өткөрүлөт.

Жашыл экономиканы илгерилетүү процессине катышкан кызыкдар тараптардын, анын ичинде өлкөнүн университеттеринин саны өстү. «Жашыл экономика» дисциплинасы боюнча окуу курстары/модулдары болгон.

Кыргыз Республикасында 2023-жылга чейин “Жашыл экономиканы өнүктүрүү” программасынын алкагында Кыргыз Республикасында экологиялык транспортту өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү (КНС алынып салынды жана электромобилдерге бажы алымдары нөлгө салынды).

ЭКБда, экономиканын тармактары боюнча Жашыл технологияларды өнүктүрүүнү стимулдаштыруу бөлүгүндө Салык кодексине жашыл беренелер киргизилген.

Туруктуу каржылоо боюнча Жол картасы иштелип чыкты.

Мамлекеттик автопаркты электромобилдерге өткөрүү боюнча программанын долбоору иштелип чыкты.

Жашыл каржы корпорациясын түзүү боюнча иштер башталды.

PAGE боюнча маалымдоочу маалымат:

Жашыл экономика үчүн аракеттенүү үчүн өнөктөштүк (PAGE) – 2030-жылга чейинки күн тартибин алдыга жылдыруу үчүн туруктуулукту экономикалык саясаттын жана практиканын өзөгүнө коюуга багытталган. PAGE – Рио-де-Жанейродо өткөн БУУнун ТӨМ боюнча конференциясынын жыйынтыгына жооп катары демилгеленген (RIO+20, 2012).

ТӨМ максаттарын ишке ашыруу боюнча БУУнун 5 агенттигинин биргелешкен демилгеси.

Учурда он сегиз өлкө расмий түрдө өнөктөштөрдүн тизмесине киргизилген жана PAGEден түз колдоо алышат (Буркина-Фасо, Кытай (Цзянсу провинциясы), Гана, Маврикий, Казакстан, Монголия, Бразилия, Түштүк Африка, Перу, Гана, Сенегал ж.б. ) , 32 мамлекет катышууга кызыкдар экенин билдирди. Дүйнөнүн 48 өлкөсү жашыл экономиканын стратегияларын жана программаларын иштеп чыгууда.

Онлайн кайрылуу