2022-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин эмгек жамааты Бишкек шаарынын жалпы ишембилигине активдүү катышышты.
Алар борбор шаардын Махатми Ганди, Касымаалы Баялинов жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Жаштар” паркын санитардык тазалоодон өткөрүп, көркүнө көрк кошушту.
Жалаң эркектерден турган жамаат өздөрүнүн жупуну эмгегин 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө арнашты.