Кыргыз Республикасында Жашыл таксономия бекитилди

Новости
14-Май 2025-ж.
91

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети пилоттук улуттук классификатор — Кыргыз Республикасынын Жашыл таксономиясын бекитти.

Жашыл таксономиянын негизги максаты — жашыл технологиялардын, долбоорлордун, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү түшүнүгүн жана аныктамасын түзүү, жашыл жана климаттык инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 284-беренесин жана 297-беренесинин 22-пунктчасынын аткарылышын камсыз кылуу болуп саналат.

Таксономиянын кабыл алынышы — энергия натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды жана туруктуу долбоорлорду аныктоого багытталган улуттук инструментти ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул кадам Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү жолунда маанилүү кадам болуп, өлкөнүн эл аралык жашыл жана климаттык каржылоо рыногундагы позициясын бекемдөөгө көмөктөшөт.

Таксономия техникалык таблицада негизделип, анда технологиялардын категориялары, шайкештик критерийлери, параметрлери жана экономикалык ишмердиктин коддору камтылган. Бул классификация дүйнөлүк стандарттарын, анын ичинде Европа биримдигинин CN EU жана NACE 2.1 стандарттарын эске алуу менен иштелип чыккан. Классификацияда бинардык ыкма колдонулат: технология «жашыл» деп таанылат же таанылбайт. Бул ыкма жашыл адалдоонун алдын алууга (greenwashing) шарт түзүп, ачыктыкты камсыздайт.

Жашыл таксономиянын кабыл алынышы жашыл финансылык инструменттерди киргизүүгө, каржы институттарынын кредиттик портфелиндеги жашыл кредиттердин үлүшүн көбөйтүүгө жана туруктуу каржылоону тартууга өбөлгө түзөт. 

Ошондой эле бул кадам жашыл экономика секторлорунда жумуш орундарын түзүүгө жана кадрлардын квалификациясын жогорулатууга көмөктөшөт.

Документ жашыл таксономияны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бир катар практикалык чараларды карайт. Алардын ичинде жашыл товарлар жана кызматтар боюнча ачык санариптик реестрди түзүү, методикалык көрсөтмөлөрдү жана визуалдык маалымдамаларды иштеп чыгуу бар. Бул чаралар бизнес жана керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүү жашыл чечимдер тууралуу маалыматтуулукту жогорулатууга багытталган.

Жашыл таксономиянын кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине, анын ичинде Париж келишимине жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык келет. Мындан тышкары, ал өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.


Онлайн кайрылуу