Marubeni менен климаттык туруктуулук жаатындагы биргелешкен долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Новости
18-Июль 2025-ж.
90

Жаңылануучу энергия булактарын (ЖЭБ) өнүктүрүү жана эл аралык соода алкагында энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Япониянын Marubeni Corporation корпорациясынын делегациясы менен талкулады. 

Астана шаарындагы өкүлчүлүктүн башкы менеджери Иппей Шинозаки жана Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча улук коммерциялык менеджер Мизуки Сайто
 менен жолугушууда кызматташуу моделдерине жана климаттык демилгелерди ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чара кеңейтилген форматта
 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетуу онор жайы министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Тараптар техникалык консультацияларды улантуу жана андан ары ишке ашыруу үчүн пилоттук долбоорлорду аныктоо боюнча макулдашышты.

Онлайн кайрылуу