Бишкекте «Донфенг» заводунун өкүлдөрү жаңы электромобилдерди көрсөтүштү

Новости
19-Январь 2022-ж.
3047

2022-жылы 15-январда Бишкекте КР экономика жана коммерция министринин орун басары Жарасул Абдураимов, «Донгфенг» заводунун өкүлү Wen You Yu, «Грин авто» компаниясынын өкүлү Рустам Алимбаев, ошондой эле КР транспорт, жаратылыш ресурстары, энергетика министрлигинин жана башка расмий өкүлдөрдүн катышуусу менен   Dongfeng S50EV соода маркасынын – Кытайдын биринчи электромобилдеринин бет ачары болуп өттү. 

Бет ачардын жүрүшүндө белгиленгендей, фирманын негизги максаты – экологиялык жактан таза транспортту даңазалап, анын артыкчылыгын түшүндүрүү.

Р. Алимбаевдин айтуусунда, электромобилдер – бул курчап турган чөйрөнү тазалоонун бирден-бир жолу. Бишкекте тийишүү сервистик жана кубаттоочу бренди бар дилерлик автосалон ачылатКийинки иш планында – шаардын унаа токтотуучу жайларында жана соода борборлорунда кубаттоочу жабдыктарды орнотуу, ошондой эле каршеринг сервисин жана “Жашыл такси” таксопаркын ачуу каралган.

Иш-чаранын жүрүшүндө завод тууралуу кеңири маалымат берилди. Атап айтканда, батареянын сыйымдуулугу жакшы экендиги айтылды. NEDC боюнча ченегенде бул электромобиль батареясы толук кубатталса,   415 км жол жүрө алат. Биринчи партиясы келди, эми экинчисин күтүп жатышат. Ошондой эле таксиге колдоно турган жаңы унаалардын келээри күтүлүүдө. Үчүнчү партиясы — микроавтобустар. Алар дагы жүргүнчүлөрдү ташууда колдонулмакчы. Ушуну менен катар Бишкек шаары боюнча жана эл аралык трассалардын жака белинде кубаттоочу станцияларды орнотуу маселеси боюнча мамлекеттик органдар менен чогуу иштешүү улантылмакчы.

Өз кезегинде министрдин орун басары Ж. Абдураимов республика үчүн электротранспорт актуалдуу маселе бойдон калып жаткандыгын белгиледи. Анткени Кыргызстандын борбору көп жылдардан бери булганыч шаарлардын тизмесине кирип, автомобилден чыккан түтүн экологиянын бузулушуна алып келүүдө.

 «Жыл сайын күйүүчү майларды сатып алууга  чоң финансылык каражаттар сарпталат. Абалды жакшыртуу үчүн электр унааларын киргизүү программасы иштелип чыккан.   Ошондой эле электр кубаттоочу станциялар универсалдуу болуп, ар кандай автомашинага туура келиши керек. 2022-жылдын аягына чейин мамлекеттик мекемелердеги автомашиналарды электротранспорттук кааражатка которуу зарыл, анткени ал жакта кызматтык машиналар өтө көп. Бул канчалык эрте киргизилсе, экология үчүн ошончолук жакшы болмокчу», - деп министрдин орун басары баса белгиледи.

Белгилей кетчү нерсе, 2021-жылкы жаңы электромобилдин баасы 22 миң долларды түзөт.

Андан ары жаңы электромобилдерди карап чыгышты: тест-драйв, жаңы моделдер менен таанышты.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу