Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Акыйкат башкаруу жана ак ниеттүүлүк декларациясы
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Акыйкат башкаруу жана ак ниеттүүлүк декларациясы Министрликтин 2024-жылдын 30-декабрындагы №125 буйругу менен бекитилген. Декларациянын принциптери Министрликтин системасындагы бардык кызматкерлерге, анын ичинде жетекчиликке да карата колдонулат.
Бул декларациянын бардык аспектилери Министрликтин кызматкерлери жана жетекчилиги, ошондой эле Министрликтин атынан аракеттенген же Министрликтин кызыкчылыгын коргогон башка адамдар тарабынан сакталууга тийиш.
Декларация коррупциянын алдын алуу системасын куруунун негизи катары кесиптик ак ниеттүүлүктүн жана талаптардын негизги принциптерин аныктайт жана акыйкат башкарууну камсыз кылуу максатында Министрлик карманган баалуулуктарды билдирүү болуп саналат.
АКЫЙКАТ БАШКАРУУ ЖАНА АК НИЕТТҮҮЛҮК ДЕКЛАРАЦИЯСЫН БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ ПРИКАЗЫ № 125 от 30.12.24г.pdf
Милдеттенме коррупцияга каршы
Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын күчүнө кирген өзгөртүүлөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, министрликтин башкаруу системасына кирген борбордук аппараттын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, башка уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын бардык кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү чектөөлөрдү кабыл алуу жана макулдук берүү боюнча милдеттенме менен таанышып, аларга кол коюшу керек (андан соң кызматкердин жеке ишине тиркелет).