2025-жылдын 3-июлунда ИИУ КЭУ базасында Экономикалык моделдештирүү жана талдоо борборунун ролуна жана милдеттерине арналган тегерек стол өттү. Иш-чарага илимий чөйрөнүн, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун максаты — Борбордун негизги иш багыттарын тааныштырып, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздоого багытталган саясат чараларын жана илимий-изилдөө демилгелерин талкуулоо болду.
Министрлик аталган Борборду «жашыл» реформаларды аналитикалык жактан колдоодо жана эксперттик коштоодо ишенимдүү өнөктөш катары баалайт.
Бүгүнкү иш-чара — илим, мамлекеттик бийлик, эл аралык уюмдар, бизнес жана жарандык коом өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалог түзүү үчүн маанилүү платформа болуп кызмат кылууда.