КР ЭКМ кызматкерлери “Жашыл Мурас” улуттук акциясынын алкагында 600 түп кара жыгач көчөтүн отургузушту

Новости
16-Апрель 2022-ж.
2032

2022-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министр Данияр Амангелдиев жетектеген ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери өлкөнүн Президенти тарабынан Тоо экосистемаларын жана климатка туруктуулукту коргоо жылынын алкагында жарыяланган “Жашыл “Мурас” улуттук акциясынын алкагында көчөттөрдү отургузууга активдүү чыгышты. 


Бүгүн эртең менен Орто-Сай туусунун (флагшток) аймагынан жогору, жашыл зоналарды көбөйтүү максатында 600 түп кара жыгач көчөтү отургузулду. Ошондой эле кызматкерлер жетишкен ийгиликтери менен токтоп калбай, келерки жазда баштаган иштерин улантууну чечишти.


Кара жыгач - бир нече кылымдар бою жашай турган бак-дарак өсүмдүктөрүнү бири. Өзгөчө кам көрүүнү талап кылбаган бир кыйла чыдамдуу өсүмдүк. Дарак кыюуга эң сонун чыдайт жана жагымсыз шарттарда да өсө алат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу