Жашыл экономиканын моделине (Systemic Dynamics) негизделген окуу-практикалык курсуна катышуучуларды тандоо тууралуу жарыя!

Новости
18-Февраль 2025-ж.
554

#КРЭКМ кыргыз-герман-швейцариялык GIZ «Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасынын колдоосу менен чакырылган эл аралык эксперт д-р Андреа Бассинын катышуусунда 2025-жылы ичинде өтүүчү жашыл экономиканын моделине негизделген окуу курсун уюштурат.

Катышуучулардын төмөндө көрсөтүлгөн критерийлерге шайкештиги эске алынып, окууга тандоо сынактын негизинде жүргүзүлөт.

Квалификациялык талаптар:

  • Билими: экономика жана техникалык илимдер боюнча жогорку билим.
  • Тилдерди билүү: Орус жана англис тилдерин билүү.
  • Иш тажрыйбасы
    • Кыргыз Республикасында экономика, климат жана/же жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы;
    • Макроэкономикалык моделдөө, анализ жана/же стратегиялык өнүктүрүү боюнча кеминде 1 жылдык тажрыйбасы;
    • Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү принциптери боюнча билими болуусу зарыл.

Ошондой эле: 

  • Системалык динамика методологиясын колдонуу боюнча негизги билимдер жана көндүмдөр;
  • Тренингдерди өткөрүү жана/же окутуучулук тажрыйба;
  • Стратегиялык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдар менен иштөө жана/же кызматташуу тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Кошумча талаптар:

  • 2025-жылдын ичинде эл аралык эксперттин коучингинде жашыл экономиканын моделин иштеп чыгуу боюнча моделдөөчү эксперттер тобунун жумалык практикалык тренингдерине (онлайн жана оффлайн форматта) үзгүлтүксүз катышуу;
  • Vensim программалык камсыздоосун колдонуу менен моделдөөчү эксперттер тобу жана эл аралык эксперт менен биргеликте кеминде 2 аналитикалык каттарды даярдоо;
  • Аналитикалык иштердин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик, жеке жана жарандык сектордун кызыкдар катышуучулары менен коомдук талкууларды уюштурууалынган натыйжаларды валидациялоо;
  • Жашыл экономиканы экономикалык моделдөө боюнча кызматтарды өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө көмөктөшүү;
  • Экономикалык моделдөөнүн алкагында алган көндүмдөрдү колдонуу менен көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин кабардар кылуу.

Окутуу акысыз негизде өткөрүлөт. Катышуучулар өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө алган билимдерин колдонууну жана Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын моделин өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө КР ЭКМ координациясы алдында салым кошууга милдеттенет.

Керектелүүчү документтер :

  • Резюме;
  • Дипломдун (дипломдордун) скан көчүрмөсү;
  • Кеминде эки сунуш каты.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 28-февралыЭлектрондук почта: greenfinance@mineconom.gov.kg

Катышуучулар тандоо жарыясына «Моделдөөчү позицияга арыз» деген белги менен кайрылуусу керек.

Онлайн кайрылуу