⚠️ Уважаемые пользователи!
сегодня 24 июля с 16:00 до 25 июля 23:59 все информационные системы относящийся к министерству будут временно недоступны в связи переносом серверного оборудования. Приносим извинения за возможные неудобства.

Кыргызстан “жашыл” өсүүгө өтүү үчүн институционалдык базасын чыңдап жатат

Новости
05-Июнь 2025-ж.
426

#КРЭКМ “жашыл” экономиканы моделдөөнү институционалдаштыруу боюнча окуу башталганын маалымдайт. Программа М. Рыскулбеков атындагы КЭУ базасында түзүлгөн Жашыл экономиканы моделдөө борборунда ишке ашырылууда.

Борбор КР ЭКМ, М. Рыскулбеков атындагы КЭУ жана Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча коому (GIZ) ортосундагы үч тараптуу келишимдин негизинде түзүлгөн.

Анын максаты — туруктуу өнүгүү багытында илимий жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана Кыргызстандын “жашыл” өсүүгө өтүшүнө шарт түзө турган натыйжалуу экономикалык чечимдерди иштеп чыгуу.

Бул демилге өлкөдө “жашыл” экономиканын принциптерин ишке ашырууга шарт түзгөн институционалдык негиздерди бекемдөөгө карай маанилүү кадам болуп эсептелет.


Онлайн кайрылуу