Жашыл климаттык фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын негизги тармактарына жашыл технологияларды киргизүүгө каражат бөлүп берет

Новости
24-Декабрь 2020-ж.
3238

 

Долбоордук билдирме КР Климаттык каржылоо боюнча борбор жана климаттык технологиялар тармагы менен биргеликте иштелип чыккан (CTCN).

Долбоордун алкагында технологиялык муктаждыктарды (Technology Needs Assessment) жана парник газдарынын бөлүп чыгарылышы жогорку жана адаптациялык потенциалы бар секторлордо климаттык технологияларды алга жылдыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү баалоо жүргүзүлөт. ЖКФда конкреттүү технологиялык чечимдерди жана айрым долбоорлорду киргизүү боюнча Жол картасы иштелип чыгат.

Технологияларды баалоо жана ишке ашыруу үчүн негизги тармактар тандалды: энергетика (энергияны үнөмдөө, энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү, электр унааларына өтүү), айыл чарба, суу ресурстары (сугат жана суу менен камсыздоо) жана катуу таштандыларды башкаруу.

Заманбап климаттык технологияларды киргизүү парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуунун жана экономиканын климаттын өзгөрүшүнө карата туруктуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча өнөктөш - UNEP/CTCN. КР КФБ долбоордун координациялоочу агенттиги болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борбору климаттык технологиялар боюнча борбор жана тармак менен өз ара аракеттенүү боюнча Улуттук ыйгарым укуктуу орган болуп саналат (CTCN).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу