Бүгүн, 2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов «Инновациялык чечимдер» долбоорунун ишке киргизүү аземине катышты.
Долбоор 2029-жылга чейин ишке ашырылып, USAIDдин колдоосу менен жүргүзүлөт.
Долбоордун максаты чакан жана орто бизнеске (ЧОБ) техникалык жардам жана инновациялык «жашыл» технологияларды киргизүү жана колдонуу үчүн гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Ошондой эле долбоордун алкагында реформаларды иштеп чыгуу, туруктуу каржылоо механизмдерин жана инновацияларды мамлекеттик жана жеке секторлорго киргизүү менен «жашыл» жумуш орундарын түзүү каралууда.
Экономика жана коммерция министринин орун басары ЧОБ секторунда экологиялык жактан таза жана жогорку технологиялуу долбоорлорду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, долбоордун ийгиликтүү ишке ашышын каалады.