Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «Элдик Банк» ААК климат тармагындагы мамлекеттик жана корпоративдик башкаруу, долбоорлорду каржылоо боюнча мыкты тажрыйбалар номинациясында «Жашыл Евразия» эл аралык климаттык сынагынан экинчи орунду ээледигин билдирет.
26-июнда Минск шаарында өткөн IV Евразиялык экономикалык форумдун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен Жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча Стратегиялык демилгелер агенттиги тарабынан уюштурулган эл аралык климаттык сынактын жыйынтыктары чыгарылды.
Сынактын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө жашыл долбоорлорду каржылоого кошкон салымы үчүн «Элдик Банкка» сыйлык тапшырды.
«Элдик Банктын» долбоору электр энергиясы тартыш болгон аймактарда чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө багытталган. Айрыкча Баткен облусундагы МГЭСтер жылына кошумча 540 кВт электр энергиясын өндүрүп, 2 миңден ашуун үй-бүлөнү жарык менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Долбоор ошондой эле электр берүү линияларынын узундугун кыскартуу аркылуу жоготууларды азайтууну, көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн төмөндөтүүнү жана 200дөн ашык жумуш ордун түзүүнү көздөйт. Чүй облусундагы МГЭСтердин курулушу аяктагандан кийин бул аймактын электр энергиясын импорттоого болгон көз карандылыгы 1–2% га төмөндөйт деп күтүлүүдө.
2025-жылы «Жашыл Евразия» сынагына дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн, анын ичинде Армения, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Кытай, Индия, Иран, Түштүк Африка ж.б. өлкөлөрдөн 295 долбоор катышты. Сынактын максаты — ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде туруктуу өнүгүүгө, климаттык митигацияга жана адаптацияга багытталган мыкты технологиялык чечимдерди аныктап, аларды жайылтуу.
Маалымат үчүн: 2025-жылдын 28-январында «Элдик Банк» ААК Кыргызстандагы алгачкы банк катары S&P Global Corporate Sustainability Assessment тарабынан берилүүчү эл аралык ESG-рейтингге ээ болду. Банк 45 упай алып, бул көрсөткүч дүйнөлүк каржы тармагындагы орточо деңгээлден (37 упай) жогору экени менен өзгөчөлөндү.