Кыргызстан СПЕКА Экономикалык форумунда негизги демилгелерди сунуштады

Новости
26-Ноябрь 2024-ж.
470

2024-жылдын 26-ноябрында Душанбе шаарында, Тажикстандын Улуттук китепканасында, туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика маселелерине арналган СПЕКА Экономикалык форуму өттү. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов сүйлөдү. 

Өз сөзүндө ал иш-чараны уюштуруу жана жылуу кабыл алуу үчүн тажик тарапка ыраазычылык билдирип, форумдун өлкөлөр аралык кызматташтыкты бекемдөө жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүдөгү маанисин белгиледи. Сейитов экономикалык өсүштү экологиялык туруктуулук менен айкалыштыруу зарылдыгын баса белгилеп, натыйжалуулукту жогорулатууга, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтууга жана жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган инновацияларды активдүү киргизүү чакырыгы менен кайрылды. 

Ал ошондой эле 2023-жылы Кыргызстандын СПЕКА өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 2,16 миллиард АКШ долларын түзгөнүн жана бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 13,4% га өскөнүн белгиледи. Мындай динамика өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын туура багытта өнүгүп жатканын көрсөтөт. Бирок, мындай жетишкендиктерге карабастан, өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо жана кызматташтыктын жаңы багыттарын издөө зарылдыгы баса белгиленди. 

Кыргыз Республикасы форумдун алкагында туруктуу өнүгүүгө багытталган бир катар маанилүү демилгелерди сунуштады: - «жашыл экономиканы» өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу; - товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилик институтун киргизүү; - гидроэнергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү; - Казакстан жана Өзбекстан менен өнөктөштүктө Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушун ишке ашыруу; - сырткы карызды климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна алмаштыруу механизмин киргизүү. Форумдун жүрүшүндө энергетика, климаттын өзгөрүшү, транспорттук инфраструктура жана гендердик теңчилик сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды. Иш-чаранын жыйынтыгы менен соода, инвестицияларды тартуу жана инновациялык технологияларды ишке киргизүүгө багытталган Душанбе декларациясы кабыл алынары белгиленди. 

Онлайн кайрылуу