“БОРБОРДУК АЗИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАШЫЛ ЖОЛУ – 2024”
“Жашыл экономика – 2024” регионалдык форумунун
РЕЗОЛЮЦИЯСЫ
2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосу астында JIA Бизнес Ассоциациясынын, Кыргыз Туроператорлор Ассоциациясынын (КТАА), Юнисон Групптун, Борбордук Азиядагы Региондук экологиялык борбордун (БАРЭБ) активдүү катышуусу жана өнүктүрүү боюнча – БУУнун Өнүктүрүү программасынын, BMZ, ЕС жана SDC кош каржылоосу астында GIZ тарабынан ишке ашырылуучу "Кыргыз Республикасында Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү" программасынын, ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен “Борбордук Азиянын жашыл өнүгүү жолу-2024” “Жашыл экономика – 2024” регионалдык форуму болуп өттү. Ага 5 аймактык өлкөдөн 1500дөн ашык адам, анын ичинде бизнес-ассоциациялардын, жеке сектордун, жарандык жана эксперттик коомчулуктун, мамлекеттик сектордун, академиялык, билим берүү түзүмдөрүнүн, эл аралык уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Форум Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жашыл экономиканын артыкчылыктуу багыттарын чыңдоого, анын ичинде жашыл каржылоо, жашыл энергетика, туруктуу туризм, жашыл курулуш, таштандыларды башкарууга, ошондой эле аларды координацияланган илгерилетүү жана биргелешип ишке ашыруу үчүн потенциалдуу региондук масштабдагы демилгелерди аныктоого багытталган.
Форумдун катышуучуларынын негизги корутундулары жана сунуштары:
Глобалдык жана аймактык чакырыктардын алкагында жашыл экономика Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун негизги куралы бойдон калууда. Жашыл энергетиканы, туруктуу туризмди, жашыл курулушту жана таштандыларды башкарууну өнүктүрүү маселелери өзгөчө актуалдуу. Ошол эле учурда Борбордук Азиянын өкмөттөрү менен жеке сектордун ортосунда региондун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында биргелешип илгерилетүү жана ишке ашыруу боюнча потенциалдуу региондук масштабдагы демилгелерди аныктоо үчүн туруктуу, биргелешкен диалог болуп турушу керек. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташтыгын бекемдөө жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү Борбордук Азия регионунун өлкөлөрүнүн эл аралык коомчулук менен артыкчылыктуу багыттар боюнча координацияланган өз ара аракеттенүүсү, климаттын өзгөрүшүнүн таасиринин тобокелдиктерин төмөндөтүү, Борбордук Азия регионунун өлкөлөрүнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу үчүн зарыл.
КР Министрлер Кабинети жана КР Экономика жана коммерция министрлиги аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу боюнча бир катар демилгелерди көтөрүп чыгышты. Форум пленардык жыйындарда жана тармактык талкууларда, аларда иштелип чыккан сунуштардын негизинде аныкталган багыттар боюнча биргелешкен пландарды жана демилгелерди иштеп чыгууда маанилүү кадам болуп саналат, атап айтканда:
Жашыл каржылоо чөйрөсүндө:
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө:
- Төмөнкүлөр аркылуу жашыл экономикага инвестицияларды тартуу үчүн колдоо чараларынын кеңири спектрин карап чыгуу: i) банк сектору жана фондулук рынок аркылуу тартылган узак мөөнөттүү “жашыл” инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү; ii) мамлекеттик бюджеттерди жана мамлекеттик инвестицияларды рынокко түрткү берүүчү сигнал катары, анын ичинде жашыл экономиканы өбөлгөлөө үчүн атайын фонддор жана/же финансылык ортомчулар аркылуу бөлүп көрсөтүү; жана iii) жеке жашыл инвестицияларды тартуу үчүн каржылык тобокелдиктерди азайтуу инструменттерин максаттуу пайдалануу.
- Жашыл облигациялар, ошондой эле мониторинг жана отчеттуулук механизмдери аркылуу каржылана турган долбоорлор үчүн стандарттарды жана критерийлерди түзүүнү камтыган жашыл облигацияларды чыгарууну жөнгө салуучу так жана ачык-айкын ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Так жана болжолдуу мыйзамдык базанын болушу инвесторлорго жана эмитенттерге ишеним жаратат, бул жашыл долбоорлорго инвестицияларды көбөйтөт.
Финансы мекемелерине жана өнүктүрүү банктарына:
- Экологиялык таза технологияларды жана тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган чакан жана орто ишканаларды (ЧОИ) колдоо программаларын иштеп чыгуу зарыл, алар жеңилдетилген зайымдарды, гранттарды, салык жеңилдиктерин жана потенциалды өнүктүрүү боюнча программаларды камтышы мүмкүн. ЧОИ региондун экономикасында негизги ролду ойнойт. Алардын экологиялык жактан таза практикага өтүүсүнө колдоо көрсөтүү алардын көмүртек изин кыскартууга жана жергиликтүү деңгээлде туруктуу өнүгүүгө дем берет.
- Биргелешкен долбоорлорду, гранттарды жана техникалык жардамды кошо алганда, жашыл каржылоо чөйрөсүндө кошумча ресурстарды жана тажрыйбаларды тартуу үчүн эл аралык каржы институттары менен өнөктөштүктү күчөтүү. Эл аралык каржы институттары Борбордук Азия өлкөлөрүнө жашыл каржылоону өнүктүрүүнү тездетүүгө жана алдыңкы тажрыйбаны ишке киргизүүгө жардам бере турган олуттуу тажрыйбага жана ресурстарга ээ.
Мамлекеттик жана жеке уюмдарга:
- Мамлекеттик органдарды, бизнести жана коомчулукту камтыган кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүндө жашыл каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Билим берүү демилгелери туруктуу экономикага өтүүдө ар кандай актерлордун активдүү катышуусуна дем берүү аркылуу жашыл каржылоонун артыкчылыктары жөнүндө билимди жайылтууга жардам берет.
Жашыл энергетика тармагында:
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө:
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык балансында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү үчүн, казылып алынган отунга көз карандылыкты кыскартууга жана көмүртектин чыгарылышын азайтууга басым жасоо менен программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү.
- Күн, шамал жана гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоо, анын ичинде бул секторлорго инвестицияларды кызыктыруу, долбоорлорду ишке ашырууну жеңилдетүү үчүн мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ошондой эле инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн эл аралык каржылоону тартуу.
Мамлекеттик органдарга:
- Кайра жаралуучу энергияны генерациялоо жана бөлүштүрүү боюнча инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, региондун энергетикалык коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулата турган мындай технологиялардын алыскы жана айыл аймактары үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
- Потенциалды өнүктүрүү боюнча жеңилдиктерди, субсидияларды жана программаларды берүү аркылуу кайра жаралуучу энергетиканын чакан жана орто долбоорлорун киргизүүгө жеке секторго жана жергиликтүү жамааттарга дем берүү механизмдерин иштеп чыгуу.
- Жалпы энергетикалык баланстагы таза энергиянын үлүшүн көбөйтүү үчүн учурдагы энергетикалык тармакка туруктуу жана ишенимдүү туташууну камсыз кылуу менен, региондогу өлкөлөрдүн энергетикалык тутумдарына жаңылануучу энергияны интеграциялоону илгерилетүү.
Билим берүү мекемелерине жана кесиптик ассоциацияларга:
- Кайра жаралуучу энергетика объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо жаатында кадрларды даярдоо үчүн жер-жерлерде жашыл технологияларды киргизүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымдуулукту жогорулатуу программаларын жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүү.
- Калк арасында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин, анын ичинде билим берүү программаларын кошо алганда зарыл инфратүзүмдү түзүү, мыйзамдык колдоону жана дем берүүчү экономикалык механизмдерди иштеп чыгуу жана киргизүү.
Туруктуу туризм тармагында:
Мамлекеттик органдарга жана туристтик ассоциацияларга:
- Туруктуу региондук эко-маршруттарды иштеп чыгуу жана экологиялык жактан коопсуз туристтик продуктулар үчүн бирдиктүү стандарттарды макулдашуу.
- Визалык жана чек аралык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча планды иштеп чыгуу.
- Социалдык-экономикалык салымды жана экологияга болгон жүктү натыйжалуу талдоо үчүн мамлекеттик чек арадан өткөн жана туристтик объекттерге (жаратылыш парктары, туробъекттер, музейлер ж.б.) келген туристтердин санын (QR-код) санариптештирүү.
- Мамлекеттик заказдар аркылуу региондордогу Дестинацияларды башкаруу боюнча уюмдар менен иштөө механизмин иштеп чыгуу: чакан инфратүзүм долбоорлору, эко-жолдор, тейлөөнү жакшыртуу, окутуу, маркетинг жана илгерилетүү ж.б.
- Жаратылыш туристтик объекттерине келүү/кирүүдө келүүчүлөрдөн экологиялык жыйымдардын механизмин (шаардык салыктын жана/же экожыйымдын эл аралык мисалында) изилдөө жана иштеп чыгуу, анда чогултулган акча каражаттары экологияга жана айлана-чөйрөнү коргоого таасирин азайтуу максатында пайдаланылат.
- Туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн ченемдерин жана критерийлерин эске алган жайгаштыруунун коллективдүү каражаттарын классификациялоо системасын кабыл алуу .
- Жалпыга маалымдоо каражаттарында (ТВ, радио, журналдар, газеталар, маалымат агенттиктери) айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана сактоо боюнча маалыматтык кампанияны жүргүзүү.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетин пландаштырууда туризмди өнүктүрүүгө чыгымдардын өзүнчө беренесин кароо.
- Тарыхый-маданий туристтик объекттерде зарыл инфратүзүмдү түзүүнү камсыз кылуу.
- "Туруктуу туризм" түшүнүгүн жогорку жана атайын орто окуу жайларынын профилдик билим берүү программаларына киргизүү .
- Туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган жашыл каржылоону мамлекет тарабынан колдоо механизмдерин түзүү.
- Туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн узак мөөнөттүү программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну демилгелөө.
- Туруктуу туризм концепциясын илгерилетүү аркылуу өлкөнүн аброюн бекемдөөгө көмөктөшүү.
Жашыл курулуш тармагында:
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө:
- Курулуштун туруктуулугун жогорулатуу жана региондук деңгээлде көмүртектин изин азайтуу үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн курулуш тармагында энергияны үнөмдөөчү технологияларды жана чечимдерди кабыл алууну кубаттоо.
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн климатын жана экономикалык шарттарын эске алуу менен нөлгө жакын энергия стандарттары (ZEB) сыяктуу энергияны үнөмдөөчү курулушта эл аралык стандарттарды жана алдыңкы тажрыйбаларды адаптациялоонун жана киргизүүнүн маанилүүлүгүн таануу.
Мамлекеттик органдарга жана жеке секторго:
- Аймактын курулуш тармагында жашыл курулушту, энергияны үнөмдөөчү чечимдерди жана айланма экономиканы иштеп чыгуу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын ортосундагы аракеттерди координациялоону күчөтүү.
- Аймакта жашыл курулуш жана энергияны үнөмдөө маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы макулдашууну камсыз кылуу үчүн координациялык органды түзүү жана өнүктүрүү демилгесин колдоо.
Билим берүү мекемелерине жана кесиптик бирикмелерге:
- Жашыл курулуш жана энергия үнөмдөөчү технологиялар чөйрөсүндө адистерди даярдоо, ошондой эле туруктуу курулуш чечимдеринин артыкчылыктары жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн үзгүлтүксүз билим берүү программаларын, семинарларды жана тренингдерди сунуштоо.
Эл аралык уюмдарга жана донорлорго:
- Туруктуу курулуш программаларын ишке ашыруу үчүн эл аралык каржылоону жана техникалык жардамды тартууга жардам берүү, учурдагы имараттарды кайра жабдуу жана эл аралык каржы институттары менен өнөктөштүк аркылуу энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү.
Таштандыларды кайра иштетүү тармагында:
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө:
- Калк арасында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин: анын ичинде билим берүү программаларын, зарыл инфратүзүмдү түзүү, мыйзамдык жактан колдоо жана стимулдаштыруучу экономикалык механизмдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Мамлекеттик органдарга:
- КТК секторунда иштеген ишкерлер үчүн финансылык тоскоолдуктарды кыскартууга багытталган фискалдык чаралардын пакетин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анын ичинде салыктын ставкаларын төмөндөтүү, жабдуулардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрү үчүн кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотуу;
- Лицензиялоо жана уруксат берүү системасын өркүндөтүү
- Таштандыларды иштетүү тармагында иштеген ишканалар үчүн өнөр жай аймагын түзүү маселесин кароо.
- Жеке секторго чийки затка оңой жетүүнү камсыз кылуу
Билим берүү мекемелерине жана кесиптик ассоциацияларга:
- Катуу тиричилик калдыктарын калк арасында сорттоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү.
Жашыл энергетика тармагында:
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө:
- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык балансында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү үчүн, казылып алынган отунга көз карандылыкты кыскартууга жана көмүртектин чыгарылышын азайтууга басым жасоо менен программаларды иштеп чыгуу жана киргизүү.
- Күн, шамал жана гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоо, анын ичинде бул секторлорго инвестицияларды тартуу, долбоорлорду ишке ашырууну жеңилдетүү үчүн мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн эл аралык каржылоону тартуу.
Мамлекеттик органдарга:
- Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү жана бөлүштүрүү инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, региондун энергетикалык коопсуздугун жана туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү мындай технологиялардын алыскы жана айыл жерлери үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
- Жеке секторго жана жергиликтүү жамааттарга дем берүү, субсидиялар жана потенциалды өнүктүрүү программалары аркылуу кайра жаралуучу энергиянын чакан жана орто долбоорлорун ишке ашырууга шыктандыруу механизмдерин иштеп чыгуу.
- Региондогу өлкөлөрдүн энергетикалык системаларына кайра жаралуучу энергия булактарын интеграциялоого көмөктөшүү, жалпы энергетикалык комплексте таза энергиянын үлүшүн көбөйтүү үчүн аларды иштеп жаткан энергетикалык тармактарга туруктуу жана ишенимдүү туташтыруу.
Билим берүү мекемелерине жана кесиптик бирикмелерге:
- Кайра жаралуучу энергетика объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо жаатында кадрларды даярдоо үчүн жер-жерлерде жашыл технологияларды киргизүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымдуулукту жогорулатуу программаларын жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүү керек,
- Калк арасында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо маданиятын өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин, анын ичинде билим берүү программаларын, зарыл инфратүзүмдү түзүүнү, мыйзамдык колдоону жана дем берүүчү экономикалык механизмдерди иштеп чыгуу жана киргизүү.
Туруктуу туризм тармагында:
Мамлекеттик органдарга жана туристтик ассоциацияларга:
- Туруктуу региондук эко-маршруттарды иштеп чыгуу жана экологиялык жактан коопсуз туристтик продуктулар үчүн бирдиктүү стандарттарды макулдашуу.
- Визалык жана чек аралык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча планды иштеп чыгуу.
- Социалдык-экономикалык салымды жана экологияга болгон жүктү натыйжалуу талдоо үчүн мамлекеттик чек арадан өткөн жана туристтик объекттерге (жаратылыш парктары, туробъекттер, музейлер ж.б.) келген туристтердин санын (QR-код) санариптештирүү.
- Мамлекеттик заказдар аркылуу региондордогу Дестинацияларды башкаруу уюмдары менен иштөө механизмин иштеп чыгуу: кичи инфраструктуралык долбоорлор, экологиялык жолдор, тейлөөнү жакшыртуу, окутуу, маркетинг жана илгерилетүү ж.б. жана аларды институционалдык өнүктүрүү.
- Жаратылыш туристтик объекттерине келүү/кирүүдө келүүчүлөрдөн экологиялык жыйымдардын механизмин (шаардык салыктын жана/же экожыйымдын эл аралык мисалында) изилдөө жана иштеп чыгуу, анда чогултулган акча каражаттары экологияга жана айлана-чөйрөнү коргоого таасирин азайтуу максатында пайдаланылат.
- Туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн ченемдерин жана критерийлерин эске алган жайгаштыруунун жамааттык каражаттарын классификациялоо системасын кабыл алуу.
Форумдун жыйынтыгы:
Форумдун катышуучулары форумдун ролун Борбордук Азия регионунда жашыл экономиканы өнүктүрүү көйгөйлөрүн талкуулоо жана маалымдуулукту жогорулатуу үчүн маанилүү платформа катары баалашты. Төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- Жашыл энергия, туруктуу туризм, жашыл курулуш жана таштандыларды башкаруу боюнча өкмөт өкүлдөрү, тармактык ассоциациялар, бизнес жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы диалогду жакшыртылсын.
- Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлөрүндө жашыл инновациялык долбоорлорду жана технологияларды презентациялоо, тажрыйба алмашуу жана эң мыкты жашыл тажрыйбаны жайылтуу колдоого алынсын.
- Өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо жана жашыл экономика секторлорунда регион өлкөлөрүндөгү бизнестин, мамлекеттик органдардын, тармактык ассоциациялардын жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтык бекемделсин.
- Региондук деңгээлде жашыл экономиканы илгерилетүү үчүн биргелешкен чечимдерди издөө колдоого алынсын.
- Борбордук Азияда жашыл экономиканы илгерилетүү боюнча бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин координациялоо жогорулатылсын.
- Ченемдик-укуктук актыларды даярдоонун жана кабыл алуунун негизинде жашыл экономика жаатында эл аралык кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгү таанылсын.
- Көрсөтүлгөн тармактарда конференцияларды жана семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү сунушталсын
- Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүн илгерилетүү алкагында регионалдык интеграция жана кызматташуу үчүн "жашыл экономика" регионалдык форумун үзгүлтүксүз өткөрүү демилгеси колдоого алынсын.
Кезектеги "Жашыл экономика" регионалдык форуму 2025-жылдын күзүндө Бишкек шаарында өтөт.