КР Экономика жана коммерция министри Д.Амангельдиев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт

Новости
21-Март 2022-ж.
1954

Урматтуу кыргызстандыктар, 

Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!

            

“Жер жарылып көк чыгып, желин айрылып сүт чыгып, Жараткандын дагы бир жазы  эли жерибизге тынчтык, аманчылык менен кирип келди. Бүгүнкү кооптуу заманда биздин бейиштей болгон чакан өлкөбүзгө тынчтыктын, өмүрдүн жазы кирип, элибиз жакшылыктан үмүт кылып илгери үмүт менен үрөн сээп, бак тигип жашоо менен өмүрдү улап отурушат. Ала-Тоо койнуна Жараткандын жаңы жылы, жаңы өмүрү баш багып, берекелүү жыл болсун деген тилек менен ар бир мекенин сүйгөн жараныбыз эртеңки күнгө жакшы ниет, илгери үмүт менен жашоодо. Мекендин оор түйшүгүн жеңилдетүүгө тынымсыз салымын кошуп келе жаткан биздин министрликтин да ар бир жумушун өлкөнүн жаркын келечегине жасаган кадамы деп билиңиздер. 


Жаңырып кирип келген жаңы жылда пандемиядан биротоло арылып, жер жүзү тынчтыкта биргелешип алдыга жылса деген тилек менен ар бириңиздерге ийгилик каалап кетем.  


Эзелтен   Нооруз майрамын элибиз чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бири-бирине жакшылык, ийгилик, бакыт-таалай каалашкан. Бүгүнкү күндө да Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, коомубузду, өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат.


Анда эмесе, бардыгыңыздарды жаңы күч, дем бере турган Нооруз майрамыңыздар менен чын ыкластан куттуктайм!


Бар бололу, бир бололу, тилектерибиз кабыл болсун!”



КР Экономика жана коммерция министри                                               Д.Амангельдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу