Кыргызстанда жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү боюнча долбоор ишке ашат

Новости
27-Март 2025-ж.
453

2025 жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Муса Рыскулбеков атындагы «Кыргыз экономикалык университети» илимий-изилдөө университети жана GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү» программасынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Программа BMZ, ЕС жана Швейцария өкмөтүнүн   каржылоосу менен ишке ашырылат.

Келишимдин негизги максаты — Кыргыз Республикасында жашыл экономика моделин илгерилетүү жана институционалдаштыруу. Инициативаны ишке ашыруу жашыл экономиканы жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн илгерилетүүгө багытталып, эффективдүү жана илимий негизделген чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Келишимдин алкагында төмөнкүлөр каралган:

 • Жашыл экономиканы моделдөө үчүн аналитикалык куралдарды өнүктүрүү;

• Туруктуу өнүктүрүү тармагында адистердин кесиптик даярдыгын күчөтүү;

• Мамлекеттик жана илимий мекемелердин потенциалын жогорулатуу;

• Улуттук деңгээлде туруктуу экономикалык чечимдерди ишке киргизүү;

• Улуттук деңгээлде туруктуу экономикалык чечимдерди илгерилетүү;

• Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн мамлекеттик органдар, бизнес чөйрөсү жана илимий чөйрө ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү.

Онлайн кайрылуу