Кыргыз Республикасы климаттык чакырыктарды биргелешип чечүү жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдойт

Новости
18-Ноябрь 2024-ж.
453

2024-жылдын 14-ноябрында Баку шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (СОР29) тараптарынын 29-конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов Министрлердин жолугушуусуна катышты.

Иш-чаранын негизги жыйынтыгы» “Климат жана инновациялар маселелери боюнча  SPECA диалогун түзүү жөнүндө” декларацияга кол коюлду. Климат жана инновациялар маселелери боюнча диалогун түзүү тажрыйба алмашуу, эл аралык инвестицияларды тартуу жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда климаттык чечимдер жаатында өнөктөштүктү өбөлгөлөө үчүн маанилүү платформа болуп калат. 

Климаттык долбоорлорду жана программаларды каржылоо үчүн Көпөнөктөштүк трасттык фондду ишке киргизүү жолугушуунун маанилүү маселелеринин бири болду.

Санжарбек Болотов белгилегендей, Кыргыз Республикасы климаттык чакырыктарды биргелешип чечүү жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдойт, бул туруктуу өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктарына жооп берет.

Онлайн кайрылуу