Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков «Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өнүгүү үчүн консолидация» аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Конференция Самарканд шаарында Борбордук Азия-Европа Союзу саммитинин алкагында өткөрүлдү, ага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары катышты.
Өз баяндамасында министр климаттык өзгөрүүлөргө жооп берүүчү туруктуу экономикалык өнүктүрүү моделине өтүүнүн башкы артыкчылыктарын белгиледи.
Стратегия жаңыланган энергия булактарын өнүктүрүү, экологиялык таза айыл чарба, калдыктарды натыйжалуу башкаруу жана туруктуу туризмди өнүктүрүүнү камтыйт. Анын маанилүү бөлүгү көмүртек изин азайтуу, «жашыл» технологияларга инвестиция тартуу жана көмүртек квоталарынын рыногун өнүктүрүү болуп саналат, бул өз кезегинде технологиялык прогресске жана жаңы жумуш ордун түзүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле, министр 2028-жылга чейин ишке ашырылуучу программа инвестицияларды ачык кылып, экологиялык жоопкерчиликтүү долбоорлор үчүн негиз түзөөрүн жана эл аралык климаттык демилгелерге катышуу жана тажрыйба алмашуу максаттарды ишке ашырууда негизги роль ойнойт деп билдирди.
Бакыт Сыдыков «Жашыл экономика» бул экологиялык көйгөйлөрдү чечүү гана эмес, экономикалык өсүш жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү экенин белгиледи.