Ички туризмди өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү максатында, 2025-жылдын 3-майында, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун расмий ачылышы өтөт.
Иш-чаранын алкагында салттуу түрдө күндүн биринчи иш-чарасы катары «Run the Silk Road – ШКУ» аттуу Эл аралык Ысык-Көл марафону өткөрүлөт. Ар кандай аралыкка чуркоо саат 08:00дө башталып, түшкө чейин уланат.
Саат 11:00дөн баштап ипподромдун кире беришинде Кыргызстандын туроператорлору, мейманканалары жана пансионаттары катышкан көлөмдүү туристтик жарманке ишин баштайт. Келүүчүлөр туристтик маршруттар боюнча маалымат алып, туристтик жолдомолор жана жаңы катерде сейилдөө сыяктуу байгелер ойнотулган лотереяларга катыша алышат. Ошондой эле, боз үйлөр орнотулган этнографиялык аймак, фуд-корт, сувенир жасоо боюнча мастер-класстар, интерактивдүү зоналар жана балдар үчүн көңүл ачуулар уюштурулат. Көргөзмө жана көңүл ачуучу аянтчалар 18:00гө чейин ачык болот.
Саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын Кубогу үчүн жалпак чабыштар өтүп, ага улуттук ат оюндарын кошкон бир катар мелдештер коштолот. Майрамдык программа саат 19:00дө белгилүү эстрада жылдыздары катышкан гала-концерт менен жыйынтыкталат.
Күндүн маанилүү бөлүктөрүнүн бири — «Туризм 2030: Борбордук Азия – бирдиктүү туристтик мейкиндик» аттуу Эл аралык туристтик форум болуп саналат. Ал саат 12:00дө башталып, ага туристтик сектордун өкүлдөрү, ишкер чөйрөлөр жана дипломатиялык миссиялар катышат. Форумда туризмдеги актуалдуу багыттар, стратегиялык өнүгүү жана жаңы долбоорлор менен стартаптар сунушталат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы белгиленген май айындагы майрам күндөрү туристтик сезондун ачылышына арналган иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Айрыкча, Чүй облусунда жана башка региондордо экологиялык акциялар, ал эми Ош облусунда концерттик программалар өткөрүлүшү пландалууда. Ысык-Көлдө 5-май күнү тарыхта биринчи жолу «Ультра Ысык-Көл» (Issyk Kul Six-Day Challenge) аттуу супермарафон старт алат. Алты күндүн ичинде АКШ, Улуу Британия, Германия, Швейцария, Россия жана Беларусиядан келген спортчулар көлдү айланып өтүп, күнүнө 90 чакырымга чейин чуркашат.
Кыргыз Республикасы жыл бою туристтик мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт, бирок саякатка чыгуу, активдүү эс алуу жана өлкөнүн маданий-табигый мурастары менен таанышуу үчүн эң ыңгайлуу мезгил — бул жаз-жай айлары болуп саналат.