Жашыл инновациялар фондунун алкагында жашыл инновациялык долбоорлорду колдоо боюнча өтүнмөлөрдү берүүгө чакыруу

Объявления
22-Февраль 2024-ж.
536

«Кыргыз Республикасында Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» боюнча GIZтин программасы жашыл инновациялар фондунун алкагындагы жашыл инновациялык долбоорлорду колдоо боюнча өтүнмөлөрдү берүүгө чакырат.

Сынактын жүрүшү жана өтүнмөлөрдү берүүнүн шарттарын (Жашыл инновациялык долбоорлорду колдоого өтүнмө берүү боюнча колдонмо) жана керектүү бланктарды жана формаларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынан көчүрүп алса болот https://mineconom.gov.kg/direct/302/479

Потенциалдуу талапкерлер 2024-жылдын 22-февралынан 22-апрелине чейин greenfund-kg@giz.de электрондук дарегине орус же кыргыз тилдеринде өздөрүнүн сынакка катышууга болгон кызыгуусун билдирип, долбоордун концепциясын тапшырууга тийиш. Өтүнмөлөрдүн эрте берилиши кубаттоого алынат. Өтүнмөлөр келип түшкөнүнө жараша баа берилип турат. 

Келип чыккан суроолор боюнча 0777 906570 номуруна кайрылсаңыздар болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу