ЧУАны талкуулоо
Фильтр
ЧУА аталыштары ЧУА кыскача мазмуну Тескөөчү башкармалык Кароо мөөнөтү Статус Түзүлгөн күнү Иш
"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Ушул "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (мындан ары-мыйзамдын долбоору) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык даярдалган жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларды юридикалык күчү боюнча жогору туоган ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүүгө багытталган. Соода

Кароодо 31-03-2022 Көрүү
"Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору “Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризациялоо жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алкагында эл аралык милдеттерди аткаруу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин ченемдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын товар өндүрүүчүлөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн товардын импортунда атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга байланыштуу коомдук мамилелерди жөнгө салат. Соода

22-03-2022

21-04-2022

Кароодо 22-03-2022 Көрүү
"Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттук) тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору Ушул токтомдун максаты, автоунаалардан атмосферага чыгуучу кычкыл газдардан булгануулардын деңгээлин азайтуу аркылуу адамдардын жашоосун жана ден соолугун, айланы-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо болуп саналат. Соода

11-03-2022

10-04-2022

Кароодо 11-03-2022 Көрүү
"2022-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны бекитүү жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору Ушул токтом долбоорунун максаты жана милдети мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштырууга, институционалдык каражаттардын сапатын жакшыртууга жана Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган реформаларды жүргүзүү, чараларды көрүү жана аракеттенүү болуп саналат. Соода

03-03-2022

04-04-2022

Кароодо 03-03-2022 Көрүү
"Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору “Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу, Кыргыз Республикасынын экономикалык эгемендүүлүгүн коргоо, экономикалык коопсуздукту камсыздоо, тышкы соода иштерин өнүктүрүүгө түрткү берүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасын натыйжалуу интеграциялоо шарттарын камсыздоо максатында иштелип чыкты. Соода

03-12-2021

04-01-2022

Кароодо 03-12-2021 Көрүү
"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы чөйрөсүндөгү айрым бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Мыйзамдарына толуктоолор киргизилет. Соода

17-11-2021

16-12-2021

Кароодо 17-11-2021 Көрүү
"Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Ушул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, ошондой эле "Экспорттук контрол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясына(2021-жылдын 5-майындагы редакциясына) шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты. Соода

11-11-2021

10-12-2021

Кароодо 11-11-2021 Көрүү
"Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору Ушул “Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору чийки зат ресурстарынын (кара металлдардын сыныктарынын жана калдыктарынын) жетишсиздигине жол бербөө жана даяр продукциянын өндүрүшүнө стимул берүү максатында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021 -жылдын 20 -августундагы № 8 тапшырмасына ылайык, ошондой эле 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин 47-беренесинин негизинде иштелип чыкты. Аталган токтом долбоору боюнча Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу каралат. Соода

26-10-2021

25-11-2021

Кароодо 26-10-2021 Көрүү
"Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамына оңдоолор киргизилет. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 ПЖ «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык мыйзамдардын көптөгөн өзгөрүүлөрү мыйзам предметин толук регламенттебейт дегенге алып келет, аларда ички чыр-чатактар жана карама-каршылыктары бар, бирин-бири кайталаган жана кээде ашыкча жоболор бар жана айрым жерлерде адилеттик жана өнөктөштүк принциптерине жооп бербейт. Ушулардын бардыгы өз кезегинде жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүнө жана соттук териштирүүгө болгон конституциялык укуктарын, ошондой эле акыйкат чечим чыгарууда чектөөгө алып келет. Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамына карата ченемдерди кароо жолу менен тактоочу түзөтүү сунуш кылынат. Мындан тышкары, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык келтирилген. Соода

25-10-2021

24-11-2021

Кароодо 25-10-2021 Көрүү
"Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору Ушул токтомдун долбоорунун максаты жана милдети куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун жана экспортун контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аскердик багыттагы товарлардын экспортуна жана импортуна лицензия берүүнү өз учурунда камсыздоо болуп саналат. Соода

13-10-2021

14-11-2021

Кароодо 13-10-2021 Көрүү
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода иштерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунушталган токтомунун долбоору салыктык контролду өз убагында жана толук жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жана базарлардагы жана соода бордорундагы (үйлөрдөгү) соода ишин тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты. Соода

16-07-2021

15-08-2021

Кароодо 16-07-2021 Көрүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2021-жылдын 21-январындагы № 7 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 2019-жылдын 25-октябрындагы бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жүргүзүү зонасы тууралуу макулдашуунун алкактарында Сербия Республикасынан тарифтик квота менен товарларды ташып келүүгө (импорт) уруксат берүүчү тартипти киргизүү бөлүгүндөгү эл аралык милдеттемелерди аткаруу максаттарында, жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: Соода

Кароодо 15-07-2021 Көрүү
Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин ченемдерин колдонууда туура эмес жана карама-каршы практикага жол бербөө жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: Соода

Кароодо 01-01-1970 Көрүү
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорунун максаты жана милдети экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, массалык жок кылуучу куралды жайылтпоо жаатындагы эл аралык келишимдердин талаптарына шайкеш келтирүү жана экспорттук контролдоонун кыйла натыйжалуу системасын түзүү жана иштетүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору менен Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү төмөнкүдөй ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы №330 “Экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №257 “Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө” токтому. Соода

30-10-2020

30-11-2020

Кароодо 30-10-2020 Көрүү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору Аталган Мыйзам долбоорунун максаты жана маселеси жеке жактар тарабынан үчүнчү мамлекеттердин аймагынан жеке колдонуу үчүн унаа каражаттарын импорттогон учурда ашыкча салык жүгүн азайтуу жана унаа каражаттарын паркын жаңылатуу Фискалдык саясат

Кароодо 04-12-2019 Көрүү
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Евразия экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) аймагына айрым товарларды ташып кирүүдө маркалоону колдонуу шарттарында КНС шарттуу кириштөө механизмин киргизүү жолу менен товарлардын айрым топторун Кыргыз Республикасына ташып келүүнү тартипке келтирүү максаты менен иштелип чыкты. Фискалдык саясат

19-04-2019

19-05-2019

Кароодо 19-04-2019 Көрүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия жөнүндө” токтому Өлкөнүн артыкчылыктуу секторлорун өнүктүрүүдө жашыл экономиканын ыкмаларын ишке киргизүү боюнча негиздерди түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасын өнүктүрүүгө карата аракеттерди жетекчиликке алуу жана координациялоо максатында иштелип чыккан токтому Стратегиялык пландоо

28-02-2019

28-03-2019

Кароодо 28-02-2019 Көрүү
”Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктешигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу эл аралык күбөлүгүн киргизүү жөнүндө Келишимин жана Чек араларда жүктөрдү макулдашылган контролду жүргүзүү тууралуу Эл аралык Конвенциянын 8-тиркемесин имплементациялоону ишке ашыруу чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө ”Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктешигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу эл аралык күбөлүгүн киргизүү жөнүндө Келишимин жана Чек араларда жүктөрдү макулдашылган контролду жүргүзүү тууралуу Эл аралык Конвенциянын 8-тиркемесин имплементациялоону ишке ашыруу чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору Сооданын жол-жоболоорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңешинин жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңеш

Кароодо 01-01-1970 Көрүү
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу