"Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

Долбоор



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 

ТОКТОМУ 


Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө 


Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021 -жылдын 20 -августундагы № 8 тапшырмасына ылайык, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин 47-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынан кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдардын куймасын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификацияланган) эритүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө киргизилүүчү убактылуу тыюу салынсын. 

2.  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарласын.

3.  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык убактылуу тыюу салынгандыгы жөнүндө ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарласын.

4.  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Преззидентинин Администрациясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлсүн.

6.    Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 



Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы                                  А.У. Жапаров

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Турдукожоева П.К. 620535 доб. 155
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу