"Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»


1-берене

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ички соода жөнүндө» Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 199-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуладагы «Ушул Мыйзамдын күчү, менчиктин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан соода ишинин бардык субъекттерине жайылтылат» деген сөздөр Ушул Мыйзам төмөнкүлөр менен байланышкан мамилелерге жайылтылбайт:

1)    тышкы соода иши;

2)    товардык биржаларда соода;

3)    электрондук соода;

4)    баалуу кагаздардын рыногун уюштуруу жана иши;

5)    Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу товарлардын айрым түрлөрүн жүгүртүү.» деген сөздөргө алмаштырылсын

2) 1-4-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуунун максаты жана предмети

1. Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

            1) калктын товарларга болгон керектөөлөрүн, товарларды тандоо эркиндигин канааттандыруу, соода инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында соода ишин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга карата талаптарды белгилөө жолу менен;Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу; 

2) соода иш-аракеттеринин субъекттеринин, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле соода иш-аракеттеринин субъекттеринин экономикалык кызыкчылыктарынын балансын сактоону камсыз кылуу.

2. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети болуп Кыргыз Республикасынын аймагында ички соода ишин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ички соода ишинин субъекттеринин ортосунда келип чыгуучу мамилелер саналат.

 «2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат:

1) ички соода (ички соода иши) –  Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода иши;

2) 1) көргөзмө-жарманке – экспонаттарга өз продукциясын, товарларын чектелүү убакыт ичинде сатып өткөрүүгө жана көрсөтүүгө уруксат бериле турган кеңири керектелүүчү товарлардын жана/же жабдуулардын убактылуу рыногу;

3) комиссиялык соода  – калктан, уюмдардан, мекемелерден жана ички соода иш-аракеттеринин субъекттеринен комиссияга кабыл алынган товарларды сатуу боюнча чекене сооданын түрү;

5) азык-түлүк эмес товарлар – ар кандай керектөөлөрдү камсыздоо максатында сатылуучу, адамдын тамак-ашына пайдаланууга арналбаган жана азык-түлүк чийки заты болуп эсептелбеген товарлар;

6) стационардык эмес соода объекти – инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына, анын ичинде алып жүрүүчү (жылып жүрүүчү) курулмага (конструкцияга), соода автоматына, автолавкага технологиялык туташтыруунун (кошуунун) бар же жок экендигине карабастан, жер менен бекем байланышы жок болгон убактылуу курулманы же убактылуу конструкцияны билдирген соода объекти;

7) коомдук тамактануу объекти – жабдуу менен атайын жабдылган жана тамак-аш азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү, сатуу жана (же) уюштуруу үчүн арналган имарат же имараттын бөлүгү, курулма же курулманын бөлүгү, көчүрүлүүчү (жылдырылуучу) курулуш  (конструкция;

8) дүн соода  –  жеке, үй-бүлөлүк, үйдө жана башка ушундай пайдалануу менен байланышпаган ишмердикте (анын ичинде кайра сатуу үчүн) же башка максаттарда пайдалануу үчүн арналган товарларды сатып алууга жана сатууга байланышкан ишкердик иштин түрү;

9) азык-түлүк товарлары – табигый же кайра иштетилген, жүгүртүүдөгү жана адам тамак үчүн колдонуучу (тамак-аш азыктары) тамак-аш азыктары, анын ичинде балдар тамак-аш азыктары, диетикалык тамак-аш азыктары, бөтөлкөгө куюлган ичүүчү таза суу, алкоголдук продукция (анын ичинде пиво жана анын негизинде жасалган суусундуктар), алкоголсуз суусундуктар, сагыз жана тамак-аш кошулмалары, анын ичинде тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмалар (БАК);

10) чекене соода  –  ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган, жеке, үй-бүлөлүк, үйдө жана башка максаттарда пайдалануу үчүн товарларды сатып алууга жана сатууга байланышкан ишкердик иштин түрү;

11) социалдык маанилүү соода иши  –  жарандардын социалдык жактан аярлуу категорияларынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган соода ишинин түрү;

12) стационардык соода объекти  –  жер менен бекем туташкан фундамент жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына технологиялык туташтырылган (кошулган) имараттын же имараттын бөлүгү, курулманын же курулманын бөлүгү же бөлүгү болгон соода объекти;

13) соода объекти – жабдуулар менен атайын жабдылган, товарларды сатуу учурунда товарларды түшүрүү, демонстрациялоо, сатып алуучуларды тейлөө жана сатып алуучулар менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган жана колдонулуучу имарат же имараттын бөлүгү, курулма же курулманын бөлүгү, соода рыногу, убактылуу курулма же убактылуу конструкция, көчүрүлүүчү (жылдырылуучу) курулма (конструкция), соода автоматы, автолавка;

14) соода оруну – товарларды түшүрүү, сатуу (иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү) боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн арналган жана пайдаланылуучу жабдуулар менен жабдылган орун.

3-берене. Кыргыз Республикасынын ички соода жөнүндө мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын ички соода жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинен, ушул Мыйзамдан, ички соода маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден  турат.

4-берене. Соода чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун максаты

Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1)     ички сооданын натыйжалуу иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны түзүү;

2)    Кыргыз Республикасында соода ишин өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу;

3)    соода инфратүзүмүн өнүктүрүү, калктын товарларга болгон керектөөлөрүн жана товарларды тандоо эркиндигин канааттандыруу;

4)    соода иш-аракеттерин өндүрүүчүлөр менен субъекттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыздоо,  өндүрүлгөн товарлар жөнүндө маалыматтарды жайылтуу, ички сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү көргөзмө-жарманкелерди жана башка иш-чараларды өткөрүү.»;

3) 5-беренеде “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөзгө чейин  «ички соода чөйрөсүндөгү» деген сөздөр менен толукталсын;

4) 6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6-берене. Мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соода ишине кийлигишпөөсү;

2) соода ишинин түрүн эркин тандоо жана аны соода иш-аракеттеринин субъекттери тарабынан жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү;

3) сооданы жүргүзүү процессинде соода ишинин субъекттеринин теңдигин жана атаандаштыгын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

4) соода ишинин субъекттеринин өз ара мамилелериндеги ак ниеттүүлүк принциби;

5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана соода ишинин субъекттерин бириктирүүчү коммерциялык эмес уюмдар ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу, ошондой эле мындай коммерциялык эмес уюмдарды соода иши жагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессине ыктыярдуу негизде тартуу.»;

5) 7,8 жана 10-беренеде “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр тийиштүү жөндөмө мүчөлөрдө  “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 11-берененин үчүнчү жана төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 13-беренеде:

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык» деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Соода иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат адамдары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.».


2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын

Президенти                                             С.Н. Жапаров

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу