"Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Долбоор



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө


Ушул Мыйзам тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин жана принциптерин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын тышкы соода иши жаатындагы ыйгарым укуктарын аныктайт.


I-глава. Жалпы жоболор


1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары

Кыргыз Республикасынын экономикалык эгемендүүлүгүн коргоо, экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, тышкы соода ишин өнүктүрүүгө түрткү берүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын натыйжалуу алакалаштыруу шарттарын камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаты болуп эсептелет.


2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо) – товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун динамикасына мониторинг жүргүзүү максатында белгиленген убактылуу чаралар;

2) тышкы соода иши - товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматтарды жана интеллектуалдык менчикти эл аралык алмашуу иши;

3) товарлардын тышкы соодасы - товарлардын импорту жана (же) экспорту;

4) тыюу салуу – товарлардын айрым түрлөрүн ташып киргизүүгө жана (же) ташып чыгарууга тыюу салуучу чаралар;

5) импорт – кайра ташып чыгаруу тууралуу милдеттенмеси жок Кыргыз Республикасына товарларды ташып киргизүү;

6) өзгөчө укук – тышкы соода иштеринин катышуучуларына өзгөчө лицензиянын негизинде берилүүчү товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоо жана (же) импорттоо укугу;

7) сандык чектөө – квота белгилөө аркылуу жүргүзүлүүчү, товарларды тышка сатууну сандык чектөө боюнча чаралар;

8) лицензиялоо – лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү тартибин белгилөөчү административдик чаралардын комплекси;

9) тарифтик эмес жөнгө салуу – сандык чектөөлөрдү жана экономикалык мүнөздөгү башка тыюу салууларды жана чектөөлөрдү киргизүү аркылуу ишке ашырылуучу, товарларды эл аралык сатууну мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы;

10) уруксат берүүчү документ – ташып чыгууга жана (же) ташып киргизүүгө уруксат берүүчү тартип белгиленген, тышкы соода ишинин катышуучусуна товарларды ташып чыгууга жана (же) ташып киргизүүгө укук берүүчү документ;

11) бажылык-тарифтик жөнгө салуу – ташып чыгаруу жана ташып киргизүү алымдарын колдонуу аркылуу ишке ашырылуучу, товарларды эл аралык сатууну мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы;

12) тарифтик квота - ташып чыгаруу жана ташып киргизүү алымдарынын колдонуудагы ставкасына салыштырганда товардык аныкталган санын (натуралык же нарктык жактан алганда) ташып киргизүүдө же ташып чыгарууда аныкталган мезгил ичинде ташып чыгаруу жана ташып киргизүү алымдарынын кыйла төмөнкү ставкасын колдонуу каралган айрым товарлардын түрлөрүн Кыргыз Республикасына ташып кирүүнү же Кыргыз Республикасынын ташып чыгарууну жөнгө салуучу чара;

13) тарифтик жеңилдиктер - ташып чыгаруу жана ташып киргизүү алымдарын төлөөдөн бошотуу же төмөндөтүү;

14) тарифтик преференциялар – Кыргыз Республикасы менен эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуу түзүлгөн өлкөлөргө Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган жана өндүрүлгөн товарларга, мындай макулдашуулардын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасына аталган өлкөлөрдөн өндүрүлгөн жана ташып киргизилген товарларга, Евразия экономикалык бирлигинин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү системасын колдонгон өнүгүп жаткан же эң аз өнүккөн мамлекеттерден чыгарылган товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын өлчөмүн төмөндөтүү;

15)  товар – эгерде, бажы мыйзамдарында башкача каралбаса, сатылуучу же сатууга арналган мүлк;

16) ыйгарым укуктуу орган – тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу саясатын ишке ашырган аткаруу бийлигинин органы;

17)  тышкы соода иштеринин катышуучулары – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке жана юридикалык жактар, тышкы соода иштери менен алектенген чет өлкөлүк жактар;

18) экспорт - кайра ташып чыгаруу тууралуу милдеттенмеси жок Кыргыз Республикасынан товарларды ташып чыгаруу. 


3-берене. Тышкы соода иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык ишке ашырылат.


4-берене. Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

Кыргыз Республикасынын тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тышкы соода саясатынын Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты менен анын курамдык бөлүгү катары бирдиктүүлүгү;

2) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуунун ыкмаларын колдонуунун жана анын ишке ашырылышын контролдоонун бирдиктүүлүгү;

3) тышкы соода ишинин катышуучуларынын теңдиги жана алардын басмырланбашы;

4) тышкы соода ишине катышуучулардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын мамлекет тарабынан корголушу;

5) мамлекеттин жана анын органдарынын тышкы соода иштеринин катышуучуларына жана жалпы эле Кыргыз Республикасынын экономикасына зыян келтирүү менен негизсиз кийлигишүүсүн жок кылуу;

6) тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын иштеп чыгууда, кабыл алууда жана колдонууда ачыктык;

7) тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуунун негиздүүлүгү, обьективдүүлүгү жана ачык-айкындуулугу. 


5-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы соода саясаты

1. Кыргыз Республикасынын тышкы соода иштери боюнча чет мамлекеттер менен мамилеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин жалпы таанылган принциптеринин, анын ичинде  Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелерди ак ниет аткаруу, мамлекеттердин эгемендүү теңдиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, ошондой эле басмырлабоо жана өз ара түшүнүшүү принциптеринин негизинде түзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын экономикасын дүйнөлүк экономикага алакалаштыруу максатында Кыргыз Республикасы бул бирликтерге катышкан өлкөлөрдүн жана эркин соода зоналарында иш жүргүзүүгө катышкан мамлекеттердин ортосунда бажылык-тарифтик чараларды жана сооданы тарифсиз жөнгө салууга, бирдиктүү бажылык аймакты түзүүгө негизделген бажы бирликтери жана эркин соода зоналары жөнүндө эл аралык келишимдерге катышат. Мында, эгерде мамлекеттер аралык бажы макулдашууларында башкача каралбаса, бажы бирликтерине катышкан өлкөлөрдө үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүгө карата бирдиктүү бажы тарифи белгиленет.


2-глава. Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө негизги жобо


6-берене. Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу ыкмалары 

1. Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүүчү тышкы соода чөйрөсүндөгү башка мыйзамдарына жана ченемдик укуктарына ылайык ишке ашырылат:

1)   бажылык-тарифтик жөнгө салуу;

2) тарифтик эмес жөнгө салуу;

3) товарларды эл аралык сатууга тыюу салуулар жана чектөөлөр;

4) тышкы соода иштерин өнүктүрүүгө көмөктөшкөн жана ушул Мыйзамда каралган, экономикалык жана административдик мүнөздөгү чаралар.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсү жана ар кандай чектөөлөрдү белгилөөсү аркылуу  тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуунун башка ыкмаларына жол берилбейт. 


7-берене. Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырган мамлекеттик органдар

Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдык актыларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.


8-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1)  бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;

2) Кыргыз Республикасында бирдиктүү тышкы соода саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, тиешелүү чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкаларын белгилейт;

5) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык экспортко жана импортко сандык чектөөлөрдү киргизет;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурда, мамлекеттин коопсуздугуна, жарандардын жашоосуна же саламаттыгына, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик же муниципалдык мүлккө, курчап турган чөйрөгө, өсүмдүктөргө жаныбарлардын жашоосуна терс таасир тийгизүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана (же) импортуна уруксат берүү тартибин аныктайт, ошондой эле мындай тартип колдонулуучу товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмесин аныктайт;

7) тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө  чечимин өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алат;

8) ыйгарым укуктуу органды аныктайт;

9) Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 


9-берене. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ыйгарым укуктары

Ыйгарым укуктуу орган:

1) тышкы соода иштери чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашырат жана сунуштарды иштеп чыгат;

2) Кыргыз Республикасынын тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

3) тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат жана бул келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;

5) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдеринде каралган учурда  бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну, ошондой эле товарларды Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга байланыштуу милдеттүү талаптарга товарлардын шайкештигин тастыктоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык, ташып киргизүүгө жана ташып чыгарууга уруксат берүү тартиби белгиленген товарларды Кыргыз Республикасынан ташып чыгаруу жана Кыргыз Республикасына ташып киргизүү тартибин аныктайт;

7) Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык байланыштар жаатындагы эл аралык келишимдерин түзөт;

8) эл аралык экономикалык жана илимий-техникалык уюмдардын ишине катышат, бул уюмдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашырышат;

9) Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тиешелүү товарлардын импортуна/ экспортуна карата квоталарды белгилөө маселеси боюнча бирдиктүү позицияны түзөт;

10) тышкы соода иштерин жакшыртуу, продукциялардын экспортун өнүктүрүү жана колдоо, республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;

11) тышкы соода иштерин тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу боюнча сунушту иштеп чыгат.


10-берене. Кыргыз Республикасынын жактары жана чет өлкөлүк жактар тышкы соода иштеринин катышуучулары катары

1. Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасындагы бардык жактары тышкы соода иштерин жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат.

2. Чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасындагы тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында  тышкы соода иштерин жүзөгө ашырат.


11-берене. Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу чараларын иштеп чыгуудагы ачыктык

1. Тышкы соода иштерин ишке ашыруу тартибин козгогон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун иштеп чыгууда, ченем чыгаруучу орган (кызматтык жак) мыйзамдарга ылайык, анын ичинде муну иштеп чыгуу үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын демилгеси боюнча мындай ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоого чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

2. Тышкы соода иштерин ишке ашыруу тартибин козгогон, тышкы соода иштери  жаатындагы ченемдик укуктук актылар “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык расмий талкууланууга тийиш. 


12-берене. Купуялуулук 

Тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу иштерди жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырларды жана коммерциялык сыр болгон маалыматтардын купуялуулугун жана мыйзамдарга ылайык сакталууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун жана маалыматтар сунушталган максаттарда гана пайдаланылышын камсыздоого милдеттүү. Мамлекеттик сыр болгон же мыйзамдарга ылайык сакталууга тийиш болгон маалыматтарды пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.  


3-глава. Товарларды эл аралык сатуу жаатында тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор


13-берене. Тышкы соода иштерин бажылык-тарифтик жөнгө салуу

1. Бажылык-тарифтик жөнгө салуу импорт жана экспорт боюнча операцияларды жөнгө салуу максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасындагы прогрессивдүү түзүмдүк өзгөрүүлөрдү колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдерине, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына  ылайык ишке ашырылат.

2. Тышкы соода иштерин бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларына төмөнкүлөрдү колдонуу кирет:

1) бажы алымдары;

2) тарифтик жеңилдиктер;

3) тарифтик преференциялар;

4) тарифтик квоталар.

3. Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өзүнүн компетенциясынын алкагында тышкы соода иштерин бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана анын ичинде купуялуу маалыматтарды беришет.   

4. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын маалыматтар жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте берилет. 


14-берене. Тарифтик жеңилдиктер

1. Тарифтик жеңилдиктер төмөнкүдөй учурларда берилет:

1) ташылып келүүчү (алынып келген) товарларга тарифтик жеңилдиктерди берүү Евразия экономикалык комиссиянын актылары менен аныкталса;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленсе;

3) акциздиктен башка (медициналык максаттардагы атайын жеңил автоунаадан башка) товарлар, кайтарымсыз жардам (көмөк), техникалык жардам катары кайрымдуулук максатында үчүнчү тараптын багыты, эл аралык уюмдар, өкмөттөр боюнча ташылып келсе;

4) Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында үчүнчү тарап менен түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленсе.

2. Кыргыз Республикасынан ташылып чыгарылган товарларга карата тарифтик жеңилдиктерди берүү жөнүндө  чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

3. Ташылып келген товарларга карата тарифтик жеңилдиктер жеке мүнөздө болбойт жана товарлардын келип чыккан өлкөсүнө карабастан, ал эми ташып чыгарылган товарларга карата - тышкы соода иштеринин катышуучуларына карабастан колдонулат.


15-берене. Тарифтик преференциялар

1. Сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле эркин соода зонасы жөнүндө түзүлгөн келишимдердин алкагында кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген жана эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуунун шарттарына жараша Кыргыз Республикасы менен эркин соода зонасын түзгөн мамлекеттерден чыккан товарлар бажы алымдарынан бошотулат же мындай товарларга карата бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн ставкасы колдонулат.

Кыргыз Республикасынан чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын аймагынан эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуунун шарттарына жараша Кыргыз Республикасы менен эркин соода зонасын түзгөн мамлекетке ташылып барган товарлар бажы алымдарынан бошотулат же мындай товарларга карата бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн ставкасы колдонулат, эгерде мындай бошотуу же бажы алымдарынын ставкасын төмөндөтүү эркин соода зонасы жөнүндө макулдашууда каралса.

2. Тарифтик преференциялар системасын колдонгон өнүгүп келе жаткан жана анча өнүкпөгөн өлкөлөрдөн чыгарылган товарлардын соодасын колдоо максатында өнүгүп келе жаткан жана анча өнүкпөгөн өлкөлөрдөн чыгарылган жана ташылып келген товарларга карата бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн же нөлдүк ставкасы колдонулат. Товарлардын жана өлкөнүн тизмеги Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилет.

3. Тарифтик преференциялар системасын колдонгон өнүгүп келе жаткан жана анча өнүкпөгөн өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын ставкасынын өлчөмү Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилет.


16-берене. Тарифтик квоталар

1. Аныкталган мезгил ичинде белгиленген сандын чегинде (натуралдык же нарктык туюнтулган түрдө) ташылып келүүчү товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын дифференцияланган ставкасын колдонуу каралган айрым айыл чарба товарларынын түрлөрүн ташып келүүнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) товарлардын айрым түрлөрүн ташып келүүгө же ташып чыгарууга тарифтик квотаны белгилейт;

2) ташып келүүлөргө же ташып чыгарууларга карата тарифтик квоталар колдонулуучу товарларга бажы алымдарынын ички квоталык жана квотадан тышкаркы ставкаларды белгилейт;

3) бөлүштүрүү ыкмасын, тартибин, көлөмүн жана алардын иштөө мөөнөттөрүн аныктайт.

2. Ыйгарым укуктуу орган жана башка мамлекеттик органдар тарифтик квоталарды бөлүштүрүү тартибине ылайык, өзүнүн компетенцияларынын чегинде тышкы соода иштеринин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталарды бөлүштүрөт.

3. Тарифтик квотанын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү же ташып чыгаруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү экспортко жана (же) импортко лицензиянын негизинде ишке ашырылат.

4.  Экспортко жана (же) импортко лицензия берүү тартиби жана шарттары эл аралык келишимдерге, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.


17-берене. Тышкы соода иштерин тарифтик эмес жөнгө салуу

1. Тышкы соода иштерин тарифтик эмес жөнгө салуу чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) тыюу салуу;

2) сандык чектөөлөр;

3) уруксат берүү тартиби;

4) өзгөчө укук;

5) автоматтык лицензиялоо (байкоо).

2. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн компетенцияларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте киргизилет. 

3. Ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1-пунктунун негизинде, экономикалык кесепеттерди жок кылуу үчүн зарыл болгон мөөнөткө киргизилген чараларды кошпогондо, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары ал киргизилген күндөн тартып, алты айлык мөөнөттөн ашык эмес мөөнөткө киргизилет.

4. Суроо-талап боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тышкы соода иштерин тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн зарыл болгон, анын ичинде купуялуу маалыматтар камтылган маалыматтарды берет.

5. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын маалыматтарга жана электрондук башкарууга жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте берилет.


18-берене. Экспортко жана импортко тыюу салуу жана сандык чектөө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык, төмөнкүдөй максаттарда, товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана/же импортуна тыюу салынышы жана чектөө киргизилиши мүмкүн:

1) коомдук адепти жана укук тартибин сактоо;

2) адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо;

3) алтынды же күмүштүн экспортун жана (же) импортун жөнгө салуу;

4) маданий баалуулуктарды жана маданий мурастарды сактоо;

5) ички өндүрүүгө жана керектөөгө чектөөлөр менен бирге жаратылыш ресурстарынын орду толгус коромжуга учурашын болтурбоо; 

6) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;

8) жалпы же жер-жерлерде тартыш болгон товарларды алуу же бөлүштүрүү. 


19-берене. Уруксат берүү тартиби

1. Товарларды ташып келүүгө жана (же) ташып чыгууга уруксат берүү тартиби лицензиялоо киргизүү же уруксат документтерин берүү аркылуу тышкы соода иштерин жөнгө салуунун башка административдик чараларын колдонуу аркылуу ишке ашырылат.

2. Уруксат берүү тартиби ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча, өзүнүн компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдын же мамлекеттик органдын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилет жана жокко чыгарылат.

3. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу товарлардын экспортуна, импортуна же транзитине электрондук уруксат документтерин (лицензиялар, корутундулар, уруксаттар) “бирдиктүү терезе” принциби боюнча берүү тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 


20-берене. Товарлардын айрым түрлөрү менен тышкы соода жүргүзүүнү лицензиялоо

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдерине, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана укуктук актыларына ылайык товарлардын айрым түрлөрү менен тышкы соода жүргүзүү лицензиялардын негизинде гана ишке ашырылышы мүмкүн. 

2. Лицензиялоого тийиш болгон товарлардын түрлөрүнүн тизмеги, экспортко жана (же) импортко лицензияларды жана уруксаттарды берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин ченемдери, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана укуктук актылары менен аныкталат.

3. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоодо жана (же) импорттоодо лицензиялоо колдонулат, эгерде бул товарларга карата төмөнкүлөр киргизилсе:

сандык чектөө;

өзгөчө укук;

уруксат тартиби;

тарифтик квота;

атайын коргоо чаралары катары импорттук квота.

4. Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу товарлардын Бирдиктүү тизмегине киргизилген өзгөчө товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча эксперттер жана лицензиарлар - уюмдардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 


21-берене. Товарлардын айрым түрөрү менен тышкы соода жүргүзүүгө өзгөчө укук

1. Товарлардын айрым түрлөрү менен тышкы соода жүргүзүүгө укугу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу товарлардын айрым түрлөрү менен тышкы соода жүргүзүүгө өзгөчө укукту мамлекетке бекитүү аркылуу чектелиши мүмкүн. 

2. Импортуна жана (же) экспортуна өзгөчө укук берилген товарлардын тизмеги, ошондой эле өзгөчө укук берилген тышкы соода иштеринин катышуучуларынын тизмеси тиешелүү мамлекеттик органдардын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Товарлардын айрым түрлөрү менен тышкы соода жүргүзүүгө өзгөчө укук берилген, ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жактар товарлардын айрым түрлөрү менен соода жүргүзүү боюнча бүтүм түзүшөт, анда басмырлабоо принцибин негиз кылышып, Кыргыз Республикасынын укуктарын, кызыкчылыктарын жана коммерциялык ой-пикирлерди жетекчиликке алышат.


22-берене. Автоматтык лицензиялоо (байкоо)

1.  Автоматтык лицензиялоо (байкоо) товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортунун жана (же) импортунун динамикасына мониторинг жүргүзүү максатында колдонулат жана товарлардын экспортуна жана (же) импортуна уруксат берүү аркылуу ишке ашырылат.

2. Автоматтык лицензиялоо убактылуу чара катары белгиленет жана товарлардын экспортуна жана (же) импортуна сандык чектөө же уруксат тартибин киргизүү максатын көздөбөйт.

3. Товарлардын экспортуна жана (же) импортуна автоматтык лицензия (мындан ары – автоматтык лицензия) берүү тартиби товарлардын экспортуна жана (же) импортуна чек койбоо үчүн автоматтык лицензия алууну максималдык түрдө жөнөкөйлөтүү зарылдыгын эске алып, мыйзам менен белгиленет.

4. Автоматтык лицензия тышкы соода иштеринин катышуучуларынын автоматтык лицензия берүү жөнүндө арызынын негизинде алынышы мүмкүн. Мындай арыздын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Автоматтык лицензия берүү жөнүндө арызды товарларды бажылык тариздөөгө чейин, каалаган иш күнү берүүгө болот. Автоматтык лицензия мүмкүнчүлүккө жараша кечиктирбестен берилет. Автоматтык лицензия берүү мөөнөтү арыз келип түшкөн күндөн баштап, үч иш күнүнөн ашпоого тийиш. 

Автоматтык лицензияланууга тийиш болгон товарлардын түрлөрүнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 


23-берене. Товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар

  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык укуктун жана эл аралык келишимдердин жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында атайын коргоо чаралары, демпингге карашы чаралар жана товарларды импорттоодо ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн компенсациялык чаралар киргизилиши мүмкүн. 

24-берене. Товарлар менен тышкы соода жүргүзүү чөйрөсүндөгү жооп кайтаруу чаралары

Эгерде, чет мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктары же Кыргыз Республикасынын саясий кызыкчылыктары бузулуучу чаралар кабыл алынса, ошондой эле ошол мамлекет эл аралык келишимдер боюнча кабыл алган Кыргыз Республикасынын алдындагы милдеттенмелерди аткарбаса, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо үчүн зарыл болгон, тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндө жооп кайтаруу чараларын киргизүүгө укуктуу.


5-глава. Тышкы соода иштерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана ага түрткү берүү


25-берене. Тышкы соода иштерин өнүктүрүү программалары

Улуттук экономиканын өсүшүнө түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы соода ишин өнүктүрүүгө, анын ичинде тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык, региондук программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу көмөк көрсөтөт.

Тышкы соода иштерин өнүктүрүүнүн республикалык программасы аныкталган календардык мөөнөткө кабыл алынат. Тышкы соода иштерин өнүктүрүү программасынын иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кароо үчүн анын аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу отчётту киргизет.

Аталган республикалык программада:

1) Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын курамдык бөлүгү катары болгон болжолдуу соода балансы;

2) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелеринин азыркы кездеги абалына жана көйгөйлөргө баа берүү;

3) экспортту өнүктүрүү жана түткү берүү чараларынын тизмеги;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктуу органдар менен биргелешип, кызмат укуктарынын чектеринде өз аймагында тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат.


26-берене. Тышкы соода иштерин маалыматтык камсыздоо 

Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы соода иштерин өнүктүрүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана ушул Мыйзамдын 9-беренесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы тарабынан башкарылган тышкы соода маалыматынын системасы иш жүргүзөт.

Тышкы соода маалыматында төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

1) тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык жана региондук программалары жөнүндө;

2) тышкы соода иштерин жүзөгө ашырган ата мекендик экспорттоого багытталган компаниялар жөнүндө;

3) тышкы соода чөйрөсүндөгү кыргыз жана чет өлкөлүк мыйзамдар жөнүндө;

4) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн иши жөнүндө;

5) мамлекеттик адистештирилген кыргыз экспорттук-импорттук банктын жана тышкы соода иши жагында кредиттөө жана камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөткөн башка уюмдардын иши жөнүндө;

6) негизги товардык топтор боюнча чет өлкөлүк рыноктордогу кырдаалдар жөнүндө;

7) стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын укук актылары жөнүндө;

8) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана анын аймагынан ташып чыгарууга тыюу салынган товарлардын тизмеги жөнүндө;

9) тышкы соода иштерин жүргүзүү үчүн пайдалуу болгон башка маалыматтар.


27-берене. Тышкы соода иштерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү иш-чаралар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн компетенциясынын чегинде жана өзү укук берген органдын атынан Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык иш чараларды, анын ичинде аларды тышкы соода иштерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча зарыл каржылоону, анын ичинде:

1) ушул Мыйзамдын 26-беренесинде  каралган тышкы соода иштерин өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну;

2) тышкы соода иштеринин катышуучуларын кредит менен камсыз кылууну;

3) экспорттук кредиттердин кепилдиктеринин жана камсыздандыруу системасынын иштешин камсыз кылууну;

4) соода көргөзмөлөрүн жана жарманкелерди, бизнес-форумдарды, В2В жолугушууларын, соода миссияларын жана аларга катышууну;

5) маалыматтык компанияларды, экспорттоону өнүктүрүү боюнча консультацияларды жана семинарларды өткөрүүнү.


28-берене. Тышкы соода иштериндеги камсыздандыруу  

Кыргыз Республикасынын аймагындагы тышкы соода ишиндеги камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Мамлекет экспортко түрткү берүү максатында экспорттук кредит берүүнү камсыздандыруу системасына катышышы мүмкүн.

Тышкы соода ишиндеги коммерциялык тобокелдиктерди алдын алуу ыктыярдуу негизде кыргыз же чет өлкөлүк камсыздандыруучулар (юридикалык жактар) тарабынан камсыздандыруу келишими боюнча жүзөгө ашырылат.


29-берене. Тышкы соода иштери чөйрөсүндө “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасын колдонуу аркылуу мамлекеттик бийлик органдары жана башка уюмдардын өздөрүнүн компетенциясынын чегинде тышкы соода иштеринин катышуучулары менен электрондук формада өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо  

1. Тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасында камтылган документтер жана маалыматтар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары жана башка уюмдары тарабынан, өздөрүнүн компетенциясына, Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык колдонулат.

2. Тышкы соода иштеринин катышуучуларын тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасына жетүүсүн камсыздоо ыктыярдуу жана кайтарымсыз негизде ушул системанын оператору тарабынан ишке ашырылат.

3.  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдарынын тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасында камтылган документтерге жана маалыматтарга өзүнүн компетенциясына ылайык жетүүсү кайтарымсыз негизде ишке ашырылат.

4.  Тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасынын оператору тышкы соода иштери чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасында камтылган документтерди жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык алар сакталган мөөнөттүн аралыгында колдонууну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тышкы соода иштери жана электрондук башкаруу тууралуу мыйзамдарына ылайык мындай документтерди жана маалыматтарды алууга ыйгарым укуктуу жактарга документтерди жана маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат. 


30-берене. Тышкы соода статистикасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип, статистикалык маалыматтардын эл аралык деңгээлде салыштырыла турган бирдиктүү усулдары боюнча статистикалык отчеттуулуктун, аларды жыйноонун жана иштеп чыгуунун системасын түзүүнү камсыз кылышат:

1) Кыргыз Республикасынын тышкы соодасы боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулуктун жана Кыргыз Республикасынын бажы статистикасынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын соода балансынын негизинде;

2) Кыргыз Республикасынын төлөм балансы боюнча, анын ичинде товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, капиталды, баалуу кагаздарды ташып келүү жана ташып чыгуу, кредиттерди тейлөө статистикасы.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргелешип, ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн айлык, кварталдык жана жылдык статистикалык маалыматтарды расмий жарыялоону камсыз кылышат.


31-берене. Тышкы соода иштерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү бирикмелер

Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары - тышкы соода иштеринин катышуучулары ыктыярдуу негизде тармактык, аймактык же башка принциптер боюнча ассоциацияларга жана башка кошундарга бириге алышат.

Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын - тышкы соода иштеринин катышуучуларынын бирикмелери алардын таламдарын билдирген бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы таламдарын коргоону, экспорттун жана импорттун натыйжалуулугун жана тартипке салынышын жогорулатууну, кара ниет атаандаштыкты болтурбай коюуну, чет өлкөлүк жактар жана алардын бирикмелери менен тышкы соода байланыштарын өнүктүрүүнү жана чыңдоону камсыз кылуу үчүн түзүлөт.

Бирикмелерди монополиялаштыруу жана ички рынокту бөлүп-жаруу, аларга кирбеген тышкы соода иштеринин катышуучулары үчүн атаандаштык шарттарын чектөө, бирикмелерге катышкандыгына жараша кыргыз жана чет өлкөлүк жактарды ар кандай түрдө басмырлоо, ошондой эле мындай бирикмелерди тышкы рыноктогу ишкердүү тажрыйбаны чектөө үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

Аталган бирикмелерди түзүү жана алардын иши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.


32-берене. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк юридикалык жактардын соода өкүлчүлүктөрү

 Чет өлкөлүк юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка укуктук актыларын сактоо менен ушул чет өлкөлүк юридикалык жактардын атынан тышкы соода иштерин жүргүзүү үчүн соода өкүлчүлүктөрүн ачууга укуктуу.

Соода-экономикалык маселелери боюнча чет мамлекеттердин соода өкүлчүлүктөрү тиешелүү чет мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасында түзүлөт.


6-глава. Тышкы соода иштери жаатындагы мамлекеттер аралык мамилелер


33-берене. Тышкы рынокторго жетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кыргыз жактарынын башка мамлекеттин рынокторуна жетүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча чараларды кабыл алат, тактап айтканда ушул максаттарда эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды түзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин соода-экономикалык байланышын өнүктүрүүгө көмөк болуучу эл аралык уюмдардын жана өкмөттөр аралык комиссиянын түзүлүшүнө жана иштерине катышат. 


34-берене. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүгү

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода-экономикалык маселелер боюнча өкүлчүлүгү (мындан ары – Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүгү) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде иштейт.

Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрү барган өлкөдө Кыргыз Республикасынын тышкы соода иштери маселеси боюнча кызыкчылыктарын көрсөткөн жана алардын корголушун камсыз кылган мамлекеттик органдар болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрү тарабынан тышкы соода иштеринин кыргыз катышуучуларына атап айтканда, менчигинин түрүнө, катталган жерине, уставдык капиталынын өлчөмдөрүнө шылтоолоп маалымат берүүдөн жана консультациялык кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга жол берилбейт.


7-глава. Тышкы соода иштерин жүргүзүүнү контролдоо, Кыргыз Республикасынын тышкы соода иштери жөнүндө мыйзамын бузуу үчүн жоопкерчилик


35-берене. Тышкы соода иштерин жүргүзүүнү контролдоо

Тышкы соода иштерин жүргүзүүнү контролдоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын жоболорун сактоо, Кыргыз Республикасынын экономикалык жана саясий таламдарын камсыз кылуу жана коргоо максатында өз компетенцияларынын чегинде жүргүзүлөт.


36-берене. Тышкы соода иштери жөнүндө мыйзамдарды бузууда күнөөлүү болгон адамдардын жоопкерчилиги

Тышкы соода иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууда күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.


37-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тарып, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 2-июлундагы №41 “Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.



Кыргыз Республикасынын 

Президенти                                                           С.Н. Жапаров 

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Акматбекова К.С., 62-05-35 доб. 186
Онлайн кайрылуу