"Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттук) тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

Долбоор


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ


Мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо 

камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан 

ташып чыгууга (экспорттук) тыюу салуу жөнүндө


Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 3815 товардык позициясынан мурда пайдаланылган катализаторлорду, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2620 товардык позициясынан металлдарды алуу же химиялык реагенттерди өндүрүү үчүн гана жарактуу кайра иштетилген катализаторлордон металлдар камтылган шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды, ЕАЭБ ТЭИ ТН 7112 товардык позициясынан баалуу металлдарды алуу үчүн негизги катары кайра иштетилген катализаторлордо камтылган палладиянын, родиянын жана платинанын калдыктарын жана сыныктарын, ЕАЭБ ТЭИ ТН 8708 92 товардык позициясынан катализаторлор бар болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү жана алардын бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу жөнүндө кабар берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, ушул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда аталган товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн. 

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 



Төрага                                                                          А.У.Жапаров

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Турдукожоева П.К., 62-05-35 доб. 155
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу