Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин ченемдерин колдонууда туура эмес жана карама-каршы практикага жол бербөө жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-июнундагы №41 «Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы «бажы» деген сөз алып салынсын; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2-тиркемеде тизменин аталышындагы «бажы» деген сөз алып салынсын.  

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июнундагы №42 «Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу кошумча наркка нөл (0) пайыз ставкасы боюнча салык салынуучу товарлар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 29-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:». 

3. Ушул токтом долбоорунун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.

4.  Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.



Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу