"Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө


1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул мыйзамды колдонуу максаты жана милдети

  1. Ушул Мыйзам товарлардын тышкы соодасын ишке ашырууда пайда болгон мамилелерди жөнгө салат, товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга байланыштуу иштин укуктук негиздерин белгилейт.
  2. Ушул Мыйзам товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга киргизүүгө чейинки изилдөөлөргө байланыштуу пайда болуучу укуктук мамилелерге карата колдонулат. 
  3. Ушул Мыйзамдын аракети кызмат көрсөтүүлөргө, иштерди аткарууга, интеллектуалдык менчик обьекттерине өзгөчө укуктарды өткөрүп берүүгө же интеллектуалдык менчик обьекттерин колдонууга укуктарды берүүгө, инвестицияларды, валюталык жана экспорттук контролду ишке ашырууга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерге таркалбайт. 

2-берене. Ушул мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

окшош товар – териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же объекти болушу мүмкүн болгон товарга толугу менен бирдей же болбосо мындай товар болбогондо териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же объекти болушу мүмкүн болгон товардын мүнөздөмөлөрүнө жакын мүнөздөмөлөрү бар товар;

демпингге каршы чара – демпинг импортуна каршы аракеттенүү боюнча чара, ыйгарым укуктуу орган чечими боюнча демпингге каршы алым, анын ичинде алдын ала демпингге каршы алым киргизүүнүн же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган ыктыярдуу баалык милдеттенмелерди жактыруунун аркасында колдонулат;

демпингге каршы алым –- демпингге каршы чараны киргизүүдө колдонулган жана алып келүү бажы алымына карабастан мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан алынган алым;

ички рыног – белгилүү бажы терреториясы менен чектелген, ушул терреториянын чегинде рыногтун катышуучулары тышкы соода иш аракеттерин өз ара ишке ашырышат;  

демпинг маржасы – ал товардын экспорттук баасын алып салгандагы товардын демейки наркынын анын экспорттук баасына карата пайыздарда туюндурулган катышы же болбосо товардын демейки наркы менен анын экспорттук баасынын ортосундагы абсолюттук көрсөткүчтөрдө туюндурулган айырма;

демпинг импорту – бажы территориясына өзүнүн баасынан ылдый ташылып келүүчү окшош товар 

импорттук квота – анын санына жана (же) наркына карата өлкөнүн бажы аймагына жана/же интеграциялык бирикмеге товардын импортун чектөө;

компенсациялык чара - спецификалык субсидиясынын таасирин ооздуктоо боюнча компенсациялык алым (анын ичинде алдын ала компенсациялык алым) киргизүүнүн же болбосо субсидиялоочу чет өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруунун аркасында колдонулуучу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча чара; 

компенсациялык алым – компенсациялык чара киргизүүдө колдонулган жана алып келүү бажы алымына карабастан бажы органдары тарабынан алынган алым;

экономика тармактарына келтирилген материалдык зыян – экономика тармагынын абалынын далилдер менен ырасталган начарлашы, ал, атап айтканда, өлкөгө жена/же интегирациялык бирикмеге окшош товарды өндүрүүнүн көлөмүнүн кыскарышынан жана анын мүчө мамлекеттердин рыногунда сатылышынын көлөмүнөн, мындай товарды өндүрүүнүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндөшүнөн, ошондой эле ички рыногдун экономикасынын ал тармагындагы товардык камдоолорго, иш менен камсыз болууга жана эмгек акынын деңгээлине жана ал экономика тармагына инвестициялардын деңгээлине терс таасир көрсөтүшүнөн көрүнөт;

түздөн-түз атаандашуучу товар – териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же болушу мүмкүн болгон товар менен өзүнүн арналышы, колдонулушу, сапаттык жана техникалык мүнөздөмөлөрү, ошондой эле башка негизги касиеттери боюнча териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же болушу мүмкүн болгон товарды керектөө процессинде сатып алуучу аны алмаштырган же алмаштырууга даяр болгон салыштырылуучу товар; 

экономика тармагы - өлкөнүн ишканаларынын жана/же интеграциялык бирикмелердин бир эле технологияларды колдонуу менен бир тектүү же спецификалык продукцияны казып алуу, чыгаруу же камсыз кылуу боюнча жыйындысы;

сооданын кадимкидей жүрүшү - окшош товарды экспорттоочу чет өлкөнүн рыногунан өндүрүштүн орточо салыштырмалуу коромжуларына жана соодалык, администрациялык жана жалпы орточо салыштырмалуу коромжуларга негизденүү менен аныкталуучу анын орточо салыштырмалуу өздүк наркынан төмөн эмес баа боюнча сатып алуу-сатуу;

териштирүүлөрдү жүргүзүүчу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенүүчү орган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо;

алдын ала демпингге каршы алым – ага карата териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жүрүшүндө демпинг импортунун жана мүчө мамлекеттердин экономикасынын тармагына аны менен шартталган материалдык зыяндын, аны келтирүү коркунучунун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашынын бар экендиги жөнүндө алдын ала корутунду жасалган товардын өлкө аймагына жана/же интеграциялык биримдигинин импортуна колдонулуучу алым;

алдын ала компенсациялык алым – ага карата териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жүрүшүндө субсидиялануучу импорттун жана экономика тармагына ал импорт менен шартталган материалдык зыяндын, аны келтирүү коркунучунун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашынын бар экендиги жөнүндө алдын ала корутунду жасалган товардын   өлкөго жана/же интеграциялык биримдигинин импортуна колдонулуучу алым;

алдын ала атайын алым – ага карата териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жүрүшүндө экономика тармагына олуттуу зыян келтирген же келтирүү коркунучу бар көбөйүп кеткен импорттун бар экендиги жөнүндө алдын ала корутунду жасалган товардын өлкөнүн аймагына жана/же интеграуиялык биримдигинин импортуна колдонулуучу алым;

мурдагы мезгил – териштирүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө арыз берилген датадан түздөн-түз мурдагы алар үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтар бар 3 календардык жыл;

териштирүү – териштирүүлөрдүн натыйжасында атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүгө алып келүүчү  териштирүүлөрдү жүргүзүүчү орган тарабынан ишке ашырылуучу процедура; 

байланышкан жактар – төмөнкү критерийлердин бирине же бир нечесине жооп берген жактар:

ал жактардын ар бири башка жактын катышуусу менен түзүлгөн уюмдун кызматкери же жетекчиси болуп саналат;

жактар иштиктүү өнөктөрдөн болуп саналат, башкача айтканда келишимдик мамилелер менен байланышкан, пайда алуу максатында аракеттенет жана биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарды жана зыяндарды биргелешип тартат; 

жактар бир уюмдун иш берүүчүлөрү жана кызматкерлери болуп саналат; 

кайсы бир жак добуш берүүчү акциялардын же эки жактын үлүшүнүн 5 жана андан ашык пайызына түздөн-түз же кыйыр ээлик кылат, контролдойт же номиналдуу кармоочусу болуп саналат;

жактардын бири башка жакты түздөн-түз же кыйыр контролдойт;

эки жак үчүнчү жак тарабынан түздөн-түз же кыйыр контролдонот;

эки жак биргелешип үчүнчү жакты түздөн-түз же кыйыр контролдойт;

жактар никелик мамилелерде, туугандык же куда-сөөктүк, асыроочулук жана асырандылык, ошондой эле көзөмөлчүлүк жана камкорчулук мамилелеринде турат. 

экономика тармагына келтирүүчү олуттуу зыян – окшош же түздөн-түз атаандашуучу товарды өндүрүү менен байланышкан кырдаалдын далилдер менен ырасталган жалпы начарлашы, ал мүчө мамлекеттердин экономикасынын тармагынын өндүрүштүк, соодалык жана каржылык абалынын олуттуу начарлашынан көрүнөт жана, эреже катары, мурдагы мезгил үчүн аныкталат;

атайын коргоо чарасы – өлкөнүн бажы аймагына жана/же итнеграциялык биримдикке карата көбөйүп кеткен импортту чектөө боюнча чара, ал ыйгарым укутуу органдын чечими боюнча импорттук квота, атайын квота же атайын алым, анын ичинде алдын ала атайын алым киргизүүнүн аркасында колдонулат;

атайын алым – атайын коргоо чарасын киргизүүдө колдонулуучу жана алып келүү бажы алымына карабастан мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан алынуучу алым;

атайын квота – Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товардын импортунун аныкталган көлөмүн белгилөө, анын алкагында товар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына атайын алымды төлөбөстөн, ал эми андан жогору болгондо атайын алымды төлөө менен жөнөтүлөт; 

тарифтик преференциялар системасын колдонуучу өлкө - интеграциялык бирикме менен бирдикте эркин соода аймагын түзгөн өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга карата тарифтик преференциялардын бирдиктүү системасын пайдалануучу өлкөлөрдөн келип чыккан товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу же ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын төмөндөтүү, же төлөөдөн бошотуу;

субсидиялануучу импорт – аны өндүрүүдө, анын экспортунда же транспорттоодо экспорттоочу чет өлкөнүн спецификалык субсидиясы пайдаланылган товардын өлкөнүн бажы аймагына импорту;

субсидиялоочу орган – экспортточу чет өлкөнүн мамлекеттик органы же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же тиешелүү мамлекеттик органдын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тапшырмасы боюнча аракеттенген же тиешелүү мамлекеттик орган же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан укуктук актыга ылайык же иш жүзүндөгү жагдайларга негизденип, ыйгарым укук берилген жак;

Кыргыз Республикасынын бажы аймагы - мамлекеттик бажы чек арасы менен чектелген мамлекеттик аймактын чектери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса учурда;

«экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу – мүчө мамлекеттердин экономикасынын тармагына материалдык зыян келтирүүнүн далилдер менен ырасталган сөзсүз болорлугу;

экономика тармагына олуттуу зыян келтирүү коркунучу – мүчө мамлекеттердин экономикасынын тармагына олуттуу зыян келтирүүнүн далилдер менен ырасталган сөзсүз болорлугу;

экспорттук баа – өлкөнүн бажы аймагына товардын импортунда төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баа; 

экспорттоочу чет мамлекет - интеграциялык бирикмеге кирбеген чет мамлекет (чет мамлекеттердин бирикмеси), андан териштирүү объектиси болгон же боло турган товарлар ташылып келинет.

3-берене. Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укуктук базасы

  1. Товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укуктук базасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана тышкы соода ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
  2. Эгер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдеринде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат, эгер эл аралык укуктун ченемдеринде башкасы аныкталбаса. 

4-берене. Атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды колдонуу максатында териштирүү

  1. Товарды импорттоодо атайын коргоо чараларын, демпингге каршы чараларын жана компенсациялык чараларын киргизүү ушул мыйзамдын жана/ же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык жүргүзүлүүчү териштирүүгө чейин болушу керек. 
  2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген териштирүү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун өсүп кеткен көлөмүн жана ушунун натыйжасында экономиканын тармактарына келтирилген зыянды же экономиканын тармактарына олуттуу зыян келтирүү коркунучун белгилөө, ошондой эле демпингдик импорттун же субсидиялануучу импорттун бар болушун жана ушунун натыйжасында экономиканын тармактарына келтирилген материалдык зыянды, экономиканын тармактарына материалдык зыян келтирүү коркунучун аныктоо максатында жүргүзүлөт.
  3. Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүгө чейин жүргүзүлүүчү териштирүүлөрдү тартиби жана эрежелери   жана териштирүүлөрдү кайталап жүргүзүү тартиби жана эрежелери атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык териштирүүлөрдү жүргүзүүдө териштирүү жүргүзүүчү органдын иш тартиби, көбөйгөн, демпингдик жана субсидиялануучу импорттун таасирине талдоо жүргүзүү, консультациялоо жана кабарлоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин тарабынан аныкталат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары.


5-берене. Териштирүүлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды киргизүүдө, колдонууда, кайра карап чыгууда, жокко чыгарууда ыйгарым укуктуу органдын өз ара аракеттенүүсү 

  1. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар маселелери боюнча териштирүү жүргүзүүчү орган менен өз ара аракеттенет.
  2. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга чейинки демилгеленген териштирүү боюнча сунуштарын териштирүү жүргүзүп жаткан органга киргизет.
  3. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт.
  4. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чаралар маселелери боюнча сунуштарын түзөт жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.
  5. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чаралар маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат. 
  6. Ыйгарым укуктуу орган башка өлкөлөрдүн расмий органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
  7. Ыйгарым укуктуу орган ушул мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.


6-берене. Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөө, төлөө жана кайтаруу

  1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө, бул алымдарды төлөө боюнча милдеттердин пайда болушу жана токтошу, аларды төлөө мөөнөттөрүн жана тартибин аныктоо, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө, бөлүштүрүү жана кайтаруу Кыргыз Республикасынын быжылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана/ же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте ишке ашырылат. 
  2. Алдын ала атайын, алдын ала демпингге каршы, алдын ала компенсациялык алымдарды төлөө, эсептөө, бөлүштүрүү жана кайтаруу Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат. 


2-глава. АТАЙЫН КОРГОО ЧАРАЛАРЫ

7-берене. Атайын коргоо чараларын колдонуунун жалпы принциптери 

  1. Атайын коргоо чарасы товарга карата төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн, эгер териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча ушул товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорту экономиканын тармактарына олуттуу зыян келтирген же аны келтирүү коркунучун түзгөн шарттарда жана сандарда (окшош же түздөн-түз атаандаш товарды өндүрүүнүн жалпы көлөмүнө карата абсолюттук же салыштырма көрсөткүчтөрдө) ишке ашырылат. 
  2. Атайын коргоо чарасы алардын ар биринин үлүшүнө Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ал товардын импортунун жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаганы туура келген өнүгүп келе жаткан же кыйла аз өнүккөн өлкөлөрдөн ал товардын импортунун суммалык үлүшү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ал товардын импортунун жалпы көлөмүнүн 9 пайызынан ашпаган шартта мындай өлкөдөн ал товардын импортунун үлүшү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ал товардын импортунун жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган мезгилге чейин тарифтик преференциялардын тутумун пайдалануучу өнүгүп келе жаткан жана кыйла аз өнүккөн өлкөдө жасалган жана териштирүүнүн обьекти болуп саналган товарга карата колдонулбайт.
  3. Көрсөтүлгөн Келишимдин 8 жана 9-беренелеринде белгиленген шарттар аткарылганда Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин тарабы болуп саналган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекетте жасалган товарга.


8-берене. Экономика тармагына олуттуу зыян келтирүүнү же импорттун көбөйүшүнүн натыйжасында аны келтирүү коркунучун белгилөө

  1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун көбөйүшүнүн айынан экономиканын тармагына олуттуу зыян келтирүүнү же аны келтирүү коркунучун белгилөө максаттарында териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган териштирүүнүн жүрүшүндө сандык көрсөткүчтөрдө туюндурулушу мүмкүн болгон жана экономиканын тармагынын экономикалык абалына таасир көрсөткөн объективдүү факторлорго баа берет.
  2. Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган көбөйгөн импорттон тышкары алардын айынан ошол эле мезгилде экономиканын тармагына олуттуу зыян келтирип жаткан же аны келтирүү коркунучун туудурган башка белгилүү факторлорду талдайт. Көрсөтүлгөн зыян экономиканын тармагына келтирилген олуттуу зыянга же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун көбөйүшүнүн айынан аны келтирүү коркунучуна таандык кылынбоого тийиш. 


            `9-берене. Алдын ала атайын алым киргизүү

  1.    Аны кийин четтетүү оор болгон атайын коргоо чарасын колдонууну создуктуруу мүчө мамлекеттердин экономикасынын тармагына зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн болгон курч жагдайларда териштирүүлөрдү жүргүзүүчү орган тиешелүү териштирүү аяктаганга чейин ага ылайык териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын көбөйгөн импорту экономиканын тармагына олуттуу зыян келтиргендигинин же келтирүү коркунучунун көзгө даана көрүнөрлүк далилдери болгон териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын алдын ала корутундусунун негизинде эки жүз календардык күндөн ашпаган мөөнөткө алдын ала атайын алым киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын биротоло корутундусун алуу максаттарында териштирүү улантылууга тийиш. 

  1. Алдын ала атайын алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган чейин ыйгарым укуктуу орган алдын ала корутундунун негизинде териштирүүлөрдү жүргүзүүчү орган даярдаган алдын ала атайын алымды киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат. 
  2. Эгерде териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн натыйжалары боюнча атайын коргоо чарасын киргизүү үчүн негиздер жок экендиги же болбосо атайын коргоо чарасын колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык алдын ала атайын алымдын суммалары кайтарып берилүүгө тийиш. 
  3. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча атайын коргоо чарасын (анын ичинде импорттук же атайын квота киргизүүнүн аркасында) колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала атайын алымды колдонуунун мөөнөтү атайын коргоо чарасын колдонуунун жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелет, ал эми алдын ала атайын алымдын суммалары териштирүүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынган атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген датадан тартып ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат. 
  4. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча алдын ала атайын алымдын ставкасына караганда атайын алымдын кыйла төмөн ставкасын киргизүү максатка ылайык деп табылса, атайын алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген атайын алымдын суммасына ылайык келген алдын ала атайын алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

Атайын алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген атайын алымдын суммасынан ашып түшкөн алдын ала атайын алымдын суммалары Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана/ же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кайтарып берилүүгө тийиш. 

  1. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча алдын ала атайын алымдын ставкасына караганда атайын алымдын кыйла жогорку ставкасын киргизүү максатка ылайык деп табылса, атайын алымдын жана алдын ала атайын алымдын суммаларынын ортосундагы айырма алынбайт. 
  2. Алдын ала атайын алым киргизүү жөнүндө чечим, эреже катары, териштирүү башталган датадан тартып алты айдан кеч эмес кабыл алынат.


10-берене. Атайын коргоо чарасын колдонуу 

  1. Атайын коргоо чарасы ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча экономиканын тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун болтурбоо же четтетүү үчүн, ошондой эле экономиканын тармагынын өзгөрүлүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлашуу процессин жеңилдетүү үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттүн ичинде колдонулат. 
  2. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечимин кабыл алганга чейин териштирүүлөрдү жүргүзүүчү орган тарабынан даярдалган атайын алымды, импорттук же атайын квотаны киргизүү жөнүндө сунуш кызыкдар органдар менен макулдашылат.  
  3. Эгерде атайын коргоо чарасы импорттук квотаны белгилөөнүн аркасында колдонулса, мындай импорттук квотанын өлчөмү экономиканын тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун четтетүү үчүн импорттук квотанын аз өлчөмүн белгилөө зарыл болгон учурларды албаганда, мурдагы мезгил үчүн териштирүүнүн объекти (сандык же нарктык туюндурууда) болуп саналган товардын импортунун орточо жылдык көлөмүнөн төмөн болбоого тийиш. 
  4. Импорттук квота түрүндөгү атайын коргоо чарасын колдонуунун тартиби атайын коргоо чараларын колдонуу жөнүндө чечим менен белгиленет. Эгерде мындай чечим импортту лицензиялоону караса, лицензиялар импортуна сандык чектөөлөр колдонулган, Кыргыз Республикасынын тышкы соода иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет. 
  5. Эгерде атайын коргоо чарасы атайын квотаны белгилөөнүн аркасында колдонулса, мындай квотанын өлчөмүн, бөлүштүрүлүшүн жана колдонулушун аныктоо импорттук квота үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

11-берене. Атайын коргоо чарасын колдонуунун мөөнөтү жана аны кайра кароо

  1. Атайын коргоо чарасын колдонуунун мөөнөтү ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык мындай чараны колдонуунун мөөнөтү узартылган учурду албаганда, төрт жылдан ашпоого тийиш.
  2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын коргоо чарасын колдонуунун мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча узартылышы мүмкүн. 

            3-глава. ДЕМИНГГЕ КАРШЫ ЧАРАЛАР

12-берене. Демпингге каршы чараны колдонуунун негизги принциптери 

1. Демпингге каршы чара Эгерде териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча мындай товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорту экономиканын тармагына материалдык зыян келтире турганы, мындай зыянды келтирүү коркунучун пайда кылаары же экономиканын тармагын түзүүнү кыйла басаңдатканы белгиленсе, демпингге каршы чара демпингдик импорттун предмети болгон товарга карата колдонулат.    

            2. Эгерде мындай товардын экспорттук баасы анын демейки наркынан төмөн болсо, товар демпинг импортунун предмети болуп саналат. 

3. Демпинг импортунун бар экендигин аныктоо максаттарында маалыматтар талданган териштирүү мезгили териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.  

13-берене. Демпинг маржасын аныктоо

1. Демпинг маржасы териштирүүлөрдү жүргүзүүчү орган тарабынан экспортёр мамлекетте демпингге каршы териштирүүнүн предмети болуп саналган товардын демейки наркын аталган товардын экспорттук наркына салыштыруунун негизинде аныкталат. 

2. Товардын экспорттук баасын анын демейки наркы менен салыштыруу соода операциясынын бир эле стадиясында жана мүмкүн болушунча бир эле убакта орун алган товар сатуунун учурларына карата жүзөгө ашырылат.

  1. Товардын экспорттук баасын анын демейки наркы менен салыштырууда баалардын салыштырмалуулугуна таасир көрсөтүүчү айырмаларды, анын ичинде жөнөтүүлөрдүн, салык салуунун, соода операцияларынын стадияларынын шарттарынын жана мүнөздөмөлөрүнүн, сандык көрсөткүчтөрүнүн, физикалык мүнөздөмөлөрүнүн айырмаларын, ошондой эле аларга карата баалардын салыштырмалуулугуна алардын таасиринин далилдери берилген ар кандай башка айырмаларды эске алуу менен аларга түзөтүү киргизүү жүзөгө ашырылат. 

Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган көрсөтүлгөн айырмаларды эске алуу менен түзөтүүлөр бири-бирин кайталабагандыгына жана мындайча түрдө товардын экспорттук баасын демейки наркы менен салыштыруунун натыйжасынын бурмаланбагандыгына ынанат. Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган ишке тиешеси бар жактардан товардын экспорттук баасын анын демейки наркы менен тиешелүү салыштырууну камсыз кылуу үчүн зарыл маалыматты суратып алууга укуктуу. 

  1. Эгерде экспорттоочу үчүнчү өлкөнүн рыногунда сооданын демейки жүрүшүндө окшош товарды сатып алуунун-сатуунун бүтүмдөрү жок болсо же болбосо сооданын демейки жүрүшүндө окшош товарды сатуунун көлөмүнүн төмөндүгүнүн айынан же экспорттоочу чет мамлекеттин рыногундагы өзгөчө кырдаалдын айынан экспорттоочу чет мамлекеттин рыногунда сатууда товардын экспорттук баасын окшош товардын баасы менен тиешелүү салыштырууну жүргүзүү мүмкүн болбосо, товардын экспорттук баасы же экспорттоочу чет мамлекеттен башка чет мамлекетке импорттолуучу окшош товардын салыштырылуучу баасы (окшош товардын баасы репрезентативдүү болуп саналган шартта) менен же зарыл болгон администрациялык, соодалык жана жалпы коромжуларды жана пайданы эске алуу менен ал жасалган өлкөдөгү товар өндүрүүнүн коромжулары менен салыштырылат. 
  2. Эгерде товар ал жасалган өлкө болуп саналбаган чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолсо, мындай товардын экспорттук баасы чет мамлекеттин рыногундагы окшош товардын салыштырылуучу баасы менен салыштырылат. 

Эгерде ал товар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ал экспорттолуп жаткан чет мамлекет аркылуу андан ары жөнөтүлүп жатса гана же аны өндүрүү ал чет мамлекетте жүзөгө ашырылбаса, же анда окшош товардын салыштырылуучу баасы болбосо, товардын экспорттук баасы ал жасалган өлкөдөгү окшош товардын салыштырылуучу баасы менен салыштырылышы мүмкүн.

  1. Эгерде товардын экспорттук баасын анын демейки наркы менен салыштырганда алардын чоңдугун бир валютадан башкага кайра эсептөө талап кылынса, мындай кайра эсептөө товарды сатуу күнүнө валютанын расмий курсун пайдалануу менен жүргүзүлөт. 

Эгерде чет өлкөлүк валютаны сатуу товарды тиешелүү экспорттук жөнөтүү менен түздөн-түз байланышса жана мөөнөткө жүзөгө ашырылса, валютаны мөөнөткө сатууда колдонулуучу валюта курсу пайдаланылат. 

  1. Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган, эреже катары, жекече демпинг маржасын аныктоого мүмкүнчүлүк берүүчү зарыл маалыматтарды берген ар бир белгилүү товар экспорттоочу жана (же) өндүрүүчү үчүн жекече демпинг маржасын аныктайт. 

14-берене. Товардын кадимки наркын аныктоо 

  1. Товардын кадимки наркы териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан экспорттоочу чет мамлекеттин бажы аймагында пайдалануу үчүн ал чет мамлекеттин резиденттери болуп саналган өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар менен байланышкан жактар болуп саналбаган сатып алуучуларга демейки соодалоонун жүрүшүндө экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногунда териштирүү мезгилинде аны сатууда окшош товардын бааларынын негизинде аныкталат.

Эгерде көрсөтүлгөн байланыштын чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн жана (же) экспорттоочунун баа саясатына таасир көрсөтпөгөндүгү белгиленсе, демейки наркты аныктоо максаттарында ал чет мамлекеттин резиденттери болуп саналган өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар менен байланышкан жактар болуп саналган сатып алуучуларга экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногунда аны сатууда окшош товардын баалары эске алынышы мүмкүн. 

  1. Эгерде бул көлөм экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товардын экспортунун жалпы көлөмүнүн беш пайызынан кем эмести түзсө, экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногундагы сооданын демейки жүрүшүндө окшош товарды сатуунун көлөмү товардын демейки наркын аныктоо үчүн жетиштүү катары каралат. 

Эгерде сооданын демейки жүрүшүндө товардын экспорттук баасын окшош товардын баасы менен тиешелүү салыштырууну камсыз кылуу үчүн мындай көлөм жетиштүү болуп саналаарынын далилдери болсо, сооданын демейки жүрүшүндө окшош товарды сатуунун кыйла төмөн көлөмү товардын демейки наркын аныктоо үчүн алгылыктуу деп эсептелет.

  1. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык товардын демейки наркын аныктоодо ал боюнча окшош товар сатып алуучуларга териштирүү мезгилинин ичинде сатылган орточо салыштырмалуу баа же ал мезгилдин алкагында аны сатып алуучуларга анын ар биринин өзүнчө сатуусу боюнча товардын баасы экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногунда аны сатып алуучуларга сатууларда товардын баасы болуп саналат.
  2. Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган мындай сатуу териштирүү мезгилинде олуттуу көлөмдө жана ал мезгил үчүн бардык коромжулардын ордун толтурууну камсыз кылбаган баалар боюнча жүзөгө ашырылып жаткандыгын белгилеген учурда гана окшош товарды экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногунда же экспорттоочу чет мамлекеттен башка чет мамлекетке администрациялык, соодалык жана жалпы коромжуларды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркынан төмөн баалар боюнча сатуу товардын демейки наркын аныктоодо эске алынбашы мүмкүн.
  3. Эгерде аны сатуу учурунда администрациялык, соодалык жана жалпы коромжуларды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркынан төмөн окшош товардын баасы териштирүү мезгилинде администрациялык, соодалык жана жалпы коромжуларды эске алуу менен товардын бирдигин өндүрүүнүн орточо салыштырмалуу өздүк наркынан ашып түшсө, мындай баа териштирүү мезгилинин ичинде бардык коромжулардын ордун толтурууну камсыз кылуучу катары каралат.
  4.  Эгерде окшош товардын орточо салыштырмалуу баасы товардын демейки наркын аныктоодо эске алынуучу бүтүмдөр боюнча администрациялык, соодалык жана жалпы коромжуларды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн орточо салыштырмалуу өздүк наркынан төмөн болсо же мындай өздүк нарктан төмөн баалар боюнча сатуунун көлөмү товардын демейки наркын аныктоодо эске алынуучу бүтүмдөр боюнча сатуунун көлөмүнүн жыйырма пайызынан кем эмести түзсө, окшош товарды администрациялык, соодалык жана жалпы коромжуларды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркынан төмөн баалар боюнча олуттуу көлөмдө жүзөгө ашырылуучу сатуу деп эсептелет. 

   7. Мындай маалыматтар экспорттоочу чет мамлекеттеги бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен эрежелерине ылайык келген жана товарды өндүрүү жана сатуу менен байланышкан коромжуларды толугу менен чагылдырган шартта администрациялык, соодалык жана жалпы коромжуларды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркы товардын экспорттоочусу же өндүрүүчүсү тарабынан берилген маалыматтардын негизинде эсептелет.

  1. Коромжуларды мындай бөлүштүрүү товардын ал экспорттоочусу же өндүрүүчүсү тарабынан, атап айтканда амортизациянын, өндүрүштү өнүктүрүүгө капиталдык салымдарга жана башка коромжуларды жабууга чегерүүлөрдүн тиешелүү мезгилин белгилөөгө карата демейде колдонулган шартта териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын экспорттоочусу же өндүрүүчүсү тарабынан берилген маалыматтарды кошуп алганда, териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган өндүрүштүн коромжуларын, администрациялык, соодалык жана жалпы коромжуларды бөлүштүрүүнүн тууралыгынын өзүнүн тескөөсүндө болгон бардык далилдерин эске алат.
  2. Анда ички рыноктогу баалар түздөн-түз мамлекет тарабынан жөнгө салынган же тышкы сооданын мамлекеттик монополиясы бар экспорттоочу чет мамлекеттен демпинг импортунун учурунда товардын демейки наркы туура келген чет мамлекетте окшош товардын баасынын же эсептелген наркынын (териштирүү максаттарында көрсөтүлгөн экспорттоочу чет мамлекет менен салыштырмалуу) же болбосо мындай чет өлкөдөн аны экспортко жөнөтүүлөрдөгү окшош товардын баасынын негизинде аныкталышы мүмкүн. Эгерде товардын демейки наркын ушул пунктка ылайык аныктоо мүмкүн болбосо, товардын демейки наркы Кыргыз Республикасынын бажы аймагында окшош товар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө жаткан жана пайданы эске алуу менен түзөтүүлөр киргизилген баанын негизинде аныкталышы мүмкүн. 

       15-берене. Товардын экспорттук баасын аныктоо

  1. Товардын экспорттук баасы териштирүү мезгилинде аны сатуу жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат.
  2. Демпинг импортунун жүйөсү болуп саналган товардын экспорттук баасы жөнүндө маалыматтар болбогондо же болбосо териштирүү жүргүзүп жаткан органда товардын экспорттоочусу жана импорттоочусу байланышкан адамдар болуп саналгандыктан (анын ичинде алардын ар бири үчүнчү жак менен байланышкандыктын айынан) ал товардын экспорттук баасы жөнүндө маалыматтардын аныктыгына негиздүү шектенүүлөр пайда болгондугунун айынан, же болбосо мындай товардын экспорттук баасына карата келишип алуу түрүндөгү чектелүүчү иштиктүү практикасы болгондо анын экспорттук баасы импорттолгон товар көз карандысыз сатып алуучуга алгачкы жолу кайра сатылган баанын негизинде же, эгерде импорттолгон товар көз карандысыз сатып алуучуга кайра сатылбаса, же ал Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолгон түрдө кайра сатылбаса, териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан аныкталышы мүмкүн болгон ыкма менен эсептелиши мүмкүн. Мында товардын экспорттук баасын анын демейки наркы менен салыштыруу максаттарында товардын импортунун жана аны кайра сатуунун ортосундагы мезгилде төлөнгөн чыгымдар (анын ичинде бажы алымдары жана салыктар), ошондой эле пайда да эске алынат.

16-берене. Демпинг импортунун айынан экономиканын тармагына материалдык зыян, аны келтирүү коркунучу же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашы

  1. Демпинг импортунун айынан экономиканын тармагына материалдык зыян, аны келтирүү коркунучу же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашы демпинг импортунун көлөмүн жана Кыргыз Республикасынын  ички рыногундагы окшош товардын бааларына жана окшош товардын өндүрүүчүлөрүнө мындай импорттун таасирин талдоонун натыйжаларынын негизинде белгиленет. 
  2. Демпинг импортунун айынан экономиканын тармагына зыяндын бар экендигин аныктоо максаттарында маалыматтар талдануучу териштирүү мезгили териштирүүлөрдү жүргүзүүчү орган тарабынан белгиленет.
  3. Демпинг импортунун айынан экономиканын тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу аныкталса, териштирүүлөрдү жүргүзүүчү орган бардык болгон факторлорду эске алат. 
  4. Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө факторлорду талдоонун натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортунун улануусунун жана демпингге каршы чара көрүлбөгөн учурда мындай импорттун экономиканын тармагына материалдык зыян келтиришинин сөзсүз боло тургандыгы жөнүндө корутундуга келсе, экономиканын тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучунун бар экендиги тууралуу чечим кабыл алынат.

            17-берене. Алдын ала демпингге каршы алымды киргизүү 

1.Эгерде териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүү аяктаганга чейин алынган маалымат демпинг импортунун жана аны менен шартталган экономиканын тармагына зыяндын бар экендиги жөнүндө күбөлөндүрсө, алдын ала демпингге каршы алым киргизүүнүн аркасында демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

2. Алдын ала демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган алдын ала корутундунун негизинде, териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан даярдалган алдын ала демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.   

  1. Алдын ала демпингге каршы алым териштирүү башталган датадан тартып алтымыш календардык күн өткөндөн эрте киргизилиши мүмкүн эмес. 
  2. Алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасы экономиканын тармагына зыянды четтетүү үчүн жетиштүү, бирок алдын ала эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнөн жогору болбоого тийиш. 
  3. Эгерде алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасы алдын ала эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнө барабар болсо, алдын ала демпингге каршы алымды колдонуунун мөөнөтү, эгерде териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын демпинг импортунун көлөмүндөгү үлүшү көпчүлүк бөлүктү түзгөн экспорттоочулардын өтүнүчүнүн негизинде ал мөөнөт алты айга чейин узартылган учурду албаганда, төрт айдан ашпоого тийиш.
  4. Эгерде алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасы алдын ала эсептелген демпинг маржасынан аз болсо, алдын ала демпингге каршы алымды колдонуунун мөөнөтү, эгерде териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын демпинг импортунун көлөмүндөгү үлүшү көпчүлүк бөлүктү түзгөн экспорттоочулардын өтүнүчүнүн негизинде ал мөөнөт тогуз айга чейин узартылган учурду албаганда, алты айдан ашпоого тийиш. 
  5. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзгөн орган тарабынан демпингге каршы чара киргизүү үчүн негиздер жок экендиги белгиленсе же демпингге каршы чара колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала демпингге каршы алымдын суммалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайтарып берилүүгө тийиш. 
  6. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча экономиканын тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучунун же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашынын бар экендигинин негизинде демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала демпингге каршы алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарып берилүүгө тийиш. 
  7. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча экономиканын тармагына материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун бар экендигинин негизинде демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса (алдын ала демпингге каршы алымды киргизбөө экономиканын тармагына материалдык зыяндын бар экендигин аныктоого алып келген шартта), алдын ала демпингге каршы алымдын суммалары демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген датадан тартып ушул берененин 10 жана 11-бөлүктөрүнүн жоболорун эске алуу менен ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө тийиш. 
  8. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасына караганда демпингге каршы алымдын кыйла төмөн ставкасын киргизүү максатка ылайык деп табылса, демпингге каршы алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген демпингге каршы алымдын суммасына ылайык келген алдын ала демпингге каршы алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

Демпингге каршы алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген демпингге каршы алымдын суммасынан ашып түшкөн алдын ала демпингге каршы алымдын суммалары Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кайтарып берилүүгө тийиш. 

  1. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасына караганда демпингге каршы алымдын кыйла жогорку ставкасын киргизүү максатка ылайык деп табылса, демпингге каршы алымдын жана алдын ала демпингге каршы алымдын суммаларынын ортосундагы айырма алынбайт. 
  2. Алдын ала демпингге каршы алым териштирүүнү бир убакта уланткан шартта колдонулат. 
  3. Алдын ала демпингге каршы алым киргизүү жөнүндө чечим, эреже катары, териштирүү башталган датадан тартып жети айдан кеч эмес кабыл алынат. 

18-берене. Териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын экспорттоочусу тарабынан баа милдеттенмелеринин кабыл алынышы

  1. Териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын экспорттоочусунан баа милдеттенмелерин алганда алдын ала демпингге каршы алымды же демпингге каршы алымды киргизбестен териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүү токтотула турушу же токтолушу мүмкүн.
  2. Баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечим териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортунун жана аны менен шартталган экономиканын тармагына зыяндын бар экендиги жөнүндө алдын ала корутундуга келмейинче кабыл алынбайт. 
  3. Баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечимди кабыл алууга чейин ыйгарым укуктуу орган баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат. 
  4. Эгерде териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын иш жүзүндөгү же мүмкүн болуучу экспорттоочуларынын санынын көптүгүнө байланыштуу же башка себептер боюнча аларды жактыруунун алгылыктуу эместиги жөнүндө корутундуга келсе, баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт. 
  5. Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган экспорттоочуларга баа милдеттенмелерин кабыл алууну сунуш кылышы мүмкүн, бирок аларды кабыл алууну талап кылышы мүмкүн эмес. 
  6. Баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда демпингге каршы териштирүү товардын экспорттоочусунун өтүнүчү боюнча же териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын чечими боюнча улантылышы мүмкүн. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортунун же экономиканын тармагына аны менен шартталган зыяндын жок экендиги жөнүндө корутундуга келсе, баа милдеттенмелерин кабыл алган экспорттоочу, көрсөтүлгөн корутунду олуттуу даражада мындай милдеттенмелердин болушунун натыйжасы болуп саналган учурду албаганда, мындай милдеттенмелерден өзүнөн-өзү бошотулат. Эгерде жасалган корутунду олуттуу даражада баа милдеттенмелеринин болгондугунун натыйжасы болуп саналса, мындай милдеттенмелер убакыттын зарыл мезгилинин ичинде күчүндө калууга тийиш экендиги жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен кабыл алынышы мүмкүн. 
  7. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортунун жана экономиканын тармагына аны менен шартталган зыяндын бар экендиги жөнүндө корутундуга келсе, экспорттоочу тарабынан кабыл алынган баа милдеттенмелери алардын шарттарына жана ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык колдонулушун улантат. 
  8. Экспорттоочу тарабынан баа милдеттенмелери бузулган же чакыртып алынган учурда алдын ала демпингге каршы алымды (эгерде териштирүү аяктай элек болсо) же демпингге каршы алымды (эгерде териштирүүнүн биротоло натыйжалары аны киргизүү үчүн негиздер бар экендиги жөнүндө күбө болсо) киргизүүнүн аркасында демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

Кабыл алынган баа милдеттенмелери ал тарабынан бузулган учурда экспорттоочуга мындай бузууга байланыштуу комментарийлерди жасоо мүмкүнчүлүгү берилет. 

  1. Комиссиянын баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечиминде ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык киргизилиши мүмкүн болгон алдын ала демпингге каршы алымдын же демпингге каршы алымдын ставкасы аныкталууга тийиш. 

            19-берене. Демпингге каршы алымды киргизүү жана аны колдонуу

1. Демпингге каршы алым бардык экспорттоочулар тарабынан жөнөтүлүүчү жана экономиканын тармагына зыян келтирүүчү демпинг импортунун предмети болуп саналган товарга карата колдонулат, баа милдеттенмелери ушул ушул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык жактырылган экспорттоочулар тарабынан жөнөтүлүүчү товарды албаганда. 

   2. Демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат. 

   3. Демпингге каршы алымдын өлчөмү экономиканын тармагына зыянды четтетүү үчүн жетиштүү, бирок эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнөн жогору болбоого тийиш. 

Эгерде мындай өлчөм экономиканын тармагына зыянды четтетүү үчүн жетиштүү болуп саналса, ыйгарым укуктуу орган эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнө караганда аз өлчөмдөгү демпингге каршы алым киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

4. Комиссия алар үчүн жекече демпинг маржасы эсептелген демпинг импортунун предмети болуп саналган товардын ар бир экспорттоочусу же өндүрүүчүсү жөнөтүүчү товарга карата демпингге каршы алымдын ставкасынын жекече өлчөмүн белгилейт. 

  1. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн демпингге каршы алымдын ставкасынын жекече өлчөмүнөн тышкары жекече демпинг маржасы эсептелбеген экспорттоочу чет мамлекеттен товардын бардык башка экспорттоочулары же өндүрүүчүлөрү тарабынан жөнөтүлүүчү товарга териштирүүнүн жүрүшүндө эсептелген эң жогорку демпинг маржасынын негизинде демпингге каршы алымдын бирдиктүү ставкасын белгилейт. 
  2. Демпингге каршы алымдарды төлөө аларга жайгаштыруунун шарты болуп саналган, бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарларга карата демпингге каршы алым алдын ала демпингге каршы алым киргизилүүчү датага чейин токсон календардык күн калгандан эрте эмес колдонулушу мүмкүн.

            20-берене. Демпингге каршы чараны кайра карап чыгуу 

            1.Демпингге каршы чара демпинг импортунун айынан экономиканын тармагына зыянды четтетүү үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттүн ичинде колдонулат. 

2.Демпингге каршы чараны колдонуунун мөөнөтү мындай чараны колдонуу башталган датадан тартып же өзгөргөн жагдайларга байланыштуу жүргүзүлгөн жана бир убакта демпинг импортунун талдоосуна жана ал экономиканын тармагына келтирген зыянга тиешелүү болгон же демпингге каршы чараны колдонуунун мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу өткөрүлгөн кайталап териштирүү аяктаган датадан тартып беш жылдан ашпоого тийиш. 

3.Демпингге каршы чараны колдонуунун мөөнөтү аяктаганга байланыштуу кайталап териштирүү жазуу түрүндөгү арыздын негизинде же болбосо териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча жүргүзүлөт. 

Демпингге каршы чараны колдонуунун мөөнөтү аяктаганга байланыштуу кайталап териштирүү арызда демпинг импортунун кайра жаңыртылышы же болбосо улантылышы жана демпингге каршы чараны колдонуу токтотулганда экономиканын тармагына зыян келтирилиши мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтар болгондо жүргүзүлөт. 

Ушул бөлүккө ылайык жүргүзүлүүчү кайталап териштирүү аяктаганга чейин демпингге каршы чараны узартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Тиешелүү демпингге каршы чаранын колдонулушу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте аны колдонуунун мөөнөтү кайталап териштирүү жүргүзүүгө байланыштуу узартылган демпингге каршы чараны колдонууга байланыштуу белгиленген демпингге каршы алымдардын ставкалары боюнча демпингге каршы алымдар төлөнүп берилет. 

Эгерде демпингге каршы чараны колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча демпингге каршы чараны колдонуу үчүн негиздер жок экендиги белгиленсе же демпингге каршы чараны колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, демпингге каршы чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу демпингге каршы алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарып берилүүгө тийиш. 

Эгерде демпингге каршы чараны колдонуунун мөөнөтү аяктаганга байланыштуу териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча демпинг импортунун кайра жаңыртылышы же болбосо улантылышы жана экономиканын тармагына зыян келтирилиши мүмкүн экендиги белгиленсе, демпингге каршы чаранын колдонулушу узартылат. Демпингге каршы чараны узартуу жөнүндө чечим күчүнө кирген датадан тартып демпингге каршы чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу демпингге каршы алымдардын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

            21-берене. Демпингге каршы чараны кыйгап өтүүнү белгилөө

1.Демпингге каршы алымды төлөөдөн же болбосо экспорттоочу тарабынан кабыл алынган баа милдеттенмелерин аткаруудан четтөө үчүн товар жөнөтүүлөрдүн ыкмасын өзгөртүү демпингге каршы чараны кыйгап өтүү деп түшүнүлөт. 

2. Демпингге каршы чараны кыйгап өтүүнү белгилөө максаттарында кайталап териштирүү кызыкдар жактын арызы боюнча же териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча башталышы мүмкүн. 

3. Демпингге каршы чараны кыйгап өтүүнү белгилөө максаттарындагы кайталап териштирүү ал башталган датадан тартып тогуз айдын ичинде аяктоого тийиш. 

4. Ушул беренеге ылайык жүргүзүлүүчү кайталап териштирүүнүн мезгилине экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу демпинг импортунун предмети болуп саналган товардын курамдык бөлүктөрүнө жана (же) туундуларына, ошондой эле башка экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу демпинг импортунун предмети болуп саналган товарга жана (же) анын курамдык бөлүктөрүнө жана (же) туундуларына алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу демпингге каршы алым киргизилиши мүмкүн.

5. Эгерде ушул беренеге ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан демпингге каршы чараны кыйгап өтүү белгиленбесе, ушул беренеге ылайык жана алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте төлөнүп берилген демпингге каршы алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарып берилүүгө тийиш. 

6. Ушул беренеге ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча демпингге каршы чараны кыйгап өтүү белгиленген учурда экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу демпинг импортунун предмети болуп саналган товардын курамдык бөлүктөрүнө жана (же) туундуларына, ошондой эле башка экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу демпинг импортунун предмети болуп саналган товарга жана (же) анын курамдык бөлүктөрүнө жана (же) туундуларына демпингге каршы чара жайылтылышы мүмкүн. Ушул беренеде көрсөтүлгөн демпингге каршы чараны киргизүү жөнүндө чечим күчүнө кирген датадан тартып алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте төлөнүп берилген демпингге каршы алымдардын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө тийиш.


4-глава. КОМПЕНСАЦИЯЛЫК ЧАРАЛАР

22-берене. Компенсациялык чараларды колдонуунун жалпы принциптери

Компенсациялык чара териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча мындай товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорту экономиканын тармагына материалдык зыян келтиргени, аны келтирүү коркунучун пайда кылганы же экономиканын тармагын түзүүнү кыйла солгундатканы белгиленген учурда, аны өндүрүүдө, экспорттоодо же ташууда экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясы колдонулган импорттоолуучу товарга карата колдонулушу мүмкүн. 

23-берене. Субсидиялар

Субсидияларга төмөнкүлөр кирет:   

  1. субсидиялоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу, субсидия алуучуга экспорттоочу чет мамлекеттин аймагынын чектеринде кошумча артыкчылыктарды берүүчү жана көрсөтүлүүчү каржылык көмөк, анын ичинде төмөнкүдөй түрлөрдө:

акчалай каражаттарды түздөн-түз которуу (анын ичинде дотация, займ жана акцияларды сатып алуу) же андай каражаттарды которуу боюнча милдеттенмелер (анын ичинде займдар боюнча кепилдик түрүндө); 

экспорттолуучу товарды ички керектөө үчүн арналган окшош товардан алынуучу салыктардан же алымдардан бошотуу учурларын албаганда, же болбосо мындай салыктарды же алымдарды иш жүзүндө төлөп берилген суммалардан ашпаган өлчөмдөрдө азайтууну же кайтарып берүүнү албаганда, каражаттарды эсептен чыгаруу же болбосо экспорттоочу чет мамлекеттин кирешесине түшүүгө тийиш болгон каражаттарды алуудан толугу менен же жарым-жартылай баш тартуу (анын ичинде салыктык насыяларды берүү жолу менен);

жалпы инфраструктураны, башкача айтканда айкын өндүрүүчү жана (же) экспорттоочу менен байланышпаган инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү үчүн арналган товарларды же болбосо кызматтарды көрсөтүүнү албаганда, товарларды же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетилген же акысыз берүү; 

товарларды жеңилдик менен сатып алуу; 

  1. субсидия алуучуга экспорттоочу чет мамлекеттен товардын экспортун көбөйтүү же окшош товардын ал чет мамлекетке импортун кыскартуу алардын түздөн-түз же кыйыр натыйжасы болуп саналган кошумча артыкчылыктарды берүүчү кирешелерди же бааларды колдоонун ар кандай түрү. 

            24-берене. Экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясын спецификалыкка таандык кылуунун принциптери

1.Экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясы спецификалык болуп саналат, эгерде чет мамлекеттин субсидиялоочу органы тарабынан же мыйзамдары менен субсидияны пайдаланууга карата айрым уюмдарга гана жол берилсе, аларга экспорттоочу чет мамлекеттин айкын өндүрүүчүсү жана (же) экспорттоочусу же болбосо экономикасынын айкын тармагы, же болбосо экспорттоочу чет мамлекеттин өндүрүүчүлөрүнүн жана (же) экспорттоочуларынын тобу (бирлиги, бирикмеси), же болбосо экономикасынын тармактары кирет. 

Эгерде ал субсидияны пайдаланууга карата жол берилген айрым уюмдардын саны субсидиялоочу органдын юрисдикциясы астында турган белгилүү бир географиялык аймакта жайгашкан уюмдар менен чектелсе, субсидия спецификалык болуп саналат. 

2. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдары менен же субсидиялоочу орган тарабынан жалпы объективдүү критерийлер же болбосо субсидия алууга сөзсүз укукту жана анын өлчөмүн (анын ичинде продукцияны өндүрүүдө иштеген кызматкерлердин санына же продукция чыгаруунун көлөмүнө жараша) аныктаган шарттар белгиленсе жана так сакталса, субсидия спецификалык болуп саналбайт.

3. Эгерде мындай субсидияны берүү төмөнкүлөр менен коштолсо, кандай гана болбосун учурда экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясы спецификалык субсидия болуп саналат:

1) субсидияларды пайдаланууга карата жол берилген айрым уюмдардын санын чектөө; 

2) айрым уюмдар тарабынан субсидиянын артыкчылыктуу пайдаланылышы; 

3) айрым уюмдарга субсидиянын чоң суммаларын теңдешсиз берүү;

4) субсидиялоочу орган тарабынан айрым уюмдарга субсидия берүүнүн жеңилдетилген (преференциялык) ыкмасынын тандалышы. 

4. Экспорттоочу чет мамлекеттин кандай гана болбосун субсидиясы спецификалык субсидия болуп саналат, эгерде: 

1) субсидия экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык же болбосо иш жүзүндө бирден бир шарт же бир нече шарттардын бири катары товардын экспорту менен байланышса. Эгерде аны берүү экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык товардын экспорту менен байланышпаса, практикада болгон же болочокто болушу мүмкүн болгон товардын экспорту же болбосо экспорттон алынган нак акча менен байланышса, субсидия иш жүзүндө товардын экспорту менен байланышкан деп эсептелет. Экспорттоочу ишканаларга субсидия берүү фактысынын өзү ушул пунктту түшүнүүдө товардын экспорту менен байланышкан субсидия берүү дегендикти билдирбейт; 

2) субсидия экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык же болбосо иш жүзүндө бирден бир шарт же бир нече шарттардын бири катары импорттук товарлардын ордуна экспорттоочу чет мамлекетте өндүрүлгөн товарларды пайдалануу менен байланышса. 

25-берене. Спецификалык субсидиянын өлчөмүн аныктоонун принциптери

1. Спецификалык субсидиянын өлчөмү мындай субсидияны алуучу тарабынан алынуучу пайданын өлчөмүнүн негизинде аныкталат. 

2. Спецификалык субсидияны алуучу тарабынан алынуучу пайданын өлчөмү төмөнкү принциптердин негизинде аныкталат:

1) эгерде мындай катышуу экспорттоочу чет мамлекеттин аймагында демейки инвестициялык практикага жооп бербеген (тобокелдик капиталын берүүнү кошуп алганда) катары бааланышы мүмкүн болбосо, субсидиялоочу органдын уюмдун капиталына катышуусу пайда берүү катары каралбайт;

2) эгерде кредит алуучу уюм мамлекеттик кредит үчүн төлөп жаткан сумманын жана ал уюм экспорттоочу чет мамлекеттин кредиттик рыногунда алышы мүмкүн болгон салыштырмалуу коммерциялык кредит үчүн төлөй турган сумманын ортосунда айырма жок болсо, субсидиялоочу орган тарабынан берилген кредит пайда берүү катары каралбайт, башкача болгон учурда ал суммалардын ортосундагы айырма пайда деп эсептелет;

3) эгерде кепилдик алган уюм субсидиялоочу орган тарабынан кепилдик берген кредит үчүн төлөп жаткан сумманын жана ал мамлекеттик кепилдиги жок салыштырмалуу коммерциялык насыя үчүн төлөй турган сумманын ортосунда айырма жок болсо, субсидиялоочу орган тарабынан насыяга кепилдик берүү пайда берүү катары каралбайт, башкача болгон учурда ортомчулук жыйымдардын айырмасына түзөтүү менен ал суммалардын ортосундагы айырма пайда деп эсептелет; 

4) эгерде товарлар же кызматтар төп келген сыйлык акыдан кемге жеткирилсе же болбосо сатып алуулар төп келген сыйлык акыдан ашыкка жүзөгө ашырылбаса, субсидиялоочу орган тарабынан товарларды же кызматтарды жеткирүү же болбосо товарларды сатып алуу пайда берүү катары каралбайт. Сыйлык акынын төп келүүчүлүгү товардын баасын, сапатын, жеткиликтүүлүгүн, өтүмдүүлүгүн, аны ташууну жана сатып алуунун же сатуунун башка шарттарын кошуп алганда, экспорттоочу чет мамлекеттин рыногунда ал товарларды жана кызматтарды көрсөтүүнү сатып алуунун жана сатуунун колдонуудагы рыноктук шарттарына негизденүү менен аныкталат.

26-берене. Субсидиялануучу импорттун айынан экономиканын тармагына материалдык зыян, аны келтирүү коркунучу же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашы

1. Субсидиялануучу импорттун айынан экономиканын тармагына материалдык зыян, аны келтирүү коркунучу же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашы субсидиялануучу импорттун көлөмүн жана мындай импорттун ички рыноктогу окшош товардын бааларына жана ички рыноктогу окшош товардын өндүрүүчүлөрүнө таасирин талдоонун натыйжаларынын негизинде белгиленет. 

2. Субсидиялануучу импорттун айынан экономиканын тармагына материалдык зыяндын, аны келтирүү коркунучунун же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашы бар экендигин аныктоо максаттарында анын ичиндеги маалыматтар талдоого алынуучу териштирүү мезгили териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет. 

3. Субсидиялануучу импорттун көлөмүн талдоодо териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын субсидиялануучу импортунун олуттуу көбөйүшү болгондугун аныктайт (ички рынокто окшош товардын абсолюттук көрсөткүчтөрүндө же болбосо өндүрүүгө же керектөөгө карата). 

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын  бажы аймагына бирден ашык экспорттоочу чет мамлекеттен кайсы бир товардын субсидиялануучу импорту бир убакта жүргүзүлүүчү териштирүүлөрдүн предмети болуп саналса, териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган мындай импорттун жыйынды таасирине төмөнкүлөрдү белгилеген учурда гана баа бериши мүмкүн:

1) ар бир экспорттоочу чет мамлекеттен ал товарга субсидиясынын өлчөмү анын наркынын бир пайызынан ашыгын түзөөрүн, ал эми ар бир экспорттоочу чет мамлекеттен субсидиялануучу импорттун көлөмү анча көп эмес болуп саналбасын; 

2) субсидиялануучу импорттун предмети болуп саналган товардын импортунун жыйынды таасирине баа берүү импорттук товарлардын ортосундагы атаандаштыктын шарттарын жана импорттук товар менен Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн окшош товардын ортосундагы атаандаштыктын шарттарын эске алуу менен мүмкүн болуп саналаарын.

            27-берене. Алдын ала компенсациялоочу алымды киргизүү          

1. Эгерде териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүү аяктаганга чейин алынган маалымат субсидиялануучу импорттун жана ал импорт менен шартталган экономиканын тармагына зыяндын бар экендиги жөнүндө күбөлөндүрсө, териштирүүлөрдү  жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүлөрдү жүргүзүү мезгилинде экономиканын тармагына субсидиялануучу импорт менен келтирилүүчү зыянды болтурбоо максаттарында төрт айга чейинки мөөнөткө алдын ала компенсациялык алым киргизүүнүн аркасында компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынат. 

2. Ыйгарым укуктуу орган алдын ала компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин ыйгарым укуктуу орган алдын ала корутундунун негизинде териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан даярдалган алдын ала компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат. 

3. Алдын ала компенсациялык алым териштирүү башталган датадан тартып алтымыш календардык күн өткөндөн эрте киргизилиши мүмкүн эмес. 

4. Алдын ала компенсациялык алым субсидиялануучу жана экспорттолуучу товардын бирдигине экспорттоочу чет мамлекеттин алдын ала эсептелген спецификалык субсидиясынын чоңдугуна барабар өлчөмдө киргизилет. 

5. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан компенсациялык чара киргизүү үчүн негиздер жок экендиги белгиленсе же компенсациялык чара колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарып берилүүгө тийиш. 

6. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча экономиканын тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучунун бар экендигинин же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу солгундашынын негизинде компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылып берилүүгө тийиш. 

7. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча экономиканын тармагына материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун бар экендигинин негизинде компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса (алдын ала компенсациялык алымды киргизбөө тармакка материалдык зыяндын бар экендигин аныктоого алып келген шартта), алдын ала компенсациялык алымдын суммалары компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген датадан тартып ушул берененин 8 жана 9-бөлүктөрүнүн жоболорун эске алуу менен ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

8. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча алдын ала компенсациялык алымдын ставкасына караганда компенсациялык алымдын кыйла төмөн ставкасын киргизүү максатка ылайык деп табылса, компенсациялык алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген компенсациялык алымдын суммасына ылайык келген алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

Компенсациялык алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген компенсациялык алымдын суммасынан ашып түшкөн алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине кайтарылып берилүүгө тийиш. 

9. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча алдын ала компенсациялык алымдын ставкасына караганда компенсациялык алымдын кыйла жогорку ставкасын киргизүү максатка ылайык деп табылса, компенсациялык алымдын жана алдын ала компенсациялык алымдын суммаларынын ортосундагы айырма алынбайт. 

10. Алдын ала компенсациялык алым бир убакта териштирүү улантылган шартта колдонулат. 

11. Алдын ала компенсациялык алым киргизүү жөнүндө чечим, эреже катары, териштирүү башталган датадан тартып жети айдан кеч эмес кабыл алынат.

28-берене. Субсидиялоочу чет мамлекет же териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын экспорттоочусу тарабынан ыктыярдуу милдеттенмелердин кабыл алынышы

  1. Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан алынган субсидиялоочу чет мамлекеттин же товарды экспорттоочунун ыктыярдуу милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алынганда териштирүү компенсациялык алым киргизилбестен токтотула турушу же токтотулушу мүмкүн.
  2. Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан даярдалган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жобосунан өтөт. 
  3. Териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган субсидиялануучу импорттун жана экономиканын тармагына аны менен шартталган зыяндын бар экендиги жөнүндө алдын ала корутундуга келмейинче ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.

Экспорттоочулар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, милдеттенмелердин кабыл алынышына экспорттоочу чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын макулдугун алганга чейин териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын экспорттоочусунун ыктыярдуу милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынбайт.

4. Эгерде териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын иш жүзүндөгү же мүмкүн болуучу экспорттоочуларынын санынын көптүгүнө байланыштуу же башка себептер боюнча аларды жактыруунун алгылыктуу эместиги жөнүндө корутундуга келсе, ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт. 

5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда териштирүү экспорттоочу чет мамлекеттин өтүнүчү боюнча же териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын чечими боюнча улантылышы мүмкүн.

Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган субсидиялануучу импорттун же экономиканын тармагына аны менен шартталган зыяндын жок экендиги жөнүндө корутундуга келсе, көрсөтүлгөн корутунду олуттуу даражада мындай милдеттенмелердин болгондугунун натыйжасы болуп саналган учурду албаганда, ыктыярдуу милдеттенмелерди кабыл алган экспорттоочу чет мамлекет же экспорттоочулар мындай милдеттенмелерден өзүнөн-өзү бошотулат. Эгерде жасалган корутунду олуттуу даражада ыктыярдуу милдеттенмелердин болгондугунун натыйжасы болуп саналса, мындай милдеттенмелер ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен убакыттын зарыл мезгилинин ичинде күчүндө калууга тийиш экендиги жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

6. Эгерде териштирүүнүн натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган субсидиялануучу импорттун жана экономиканын тармагына аны менен шартталган зыяндын бар экендиги жөнүндө корутундуга келсе, кабыл алынган ыктыярдуу милдеттенмелер алардын шарттарына жана ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык колдонуусун улантат. 

7. Экспорттоочу чет мамлекет же экспорттоочу ыктыярдуу милдеттенмелерди бузган же болбосо мындай милдеттенмелерди чакыртып алган учурда ыйгарым укуктуу орган алдын ала компенсациялык алым (эгерде териштирүү аяктай элек болсо) же компенсациялык алым (эгерде териштирүүнүн биротоло натыйжалары аны киргизүү үчүн негиздердин бар экендиги жөнүндө күбө болсо) киргизүүнүн аркасында компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. 

Өздөрү кабыл алган ыктыярдуу милдеттенмелерди бузган учурда экспорттоочу чет мамлекетке же экспорттоочуга бул бузуу менен байланышкан комментарийлерди жасоого мүмкүнчүлүк берилет.

8. Ыйгарым укуктуу органдын ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечиминде ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык киргизилиши мүмкүн болгон алдын ала компенсациялык алымдын же компенсациялык алымдын ставкасы аныкталган болууга тийиш. 

29-берене. Компенсациялык алымды киргизүү жана аны колдонуу

1. Эгерде экспорттоочу чет өлкөнүн спецификалык субсидиясы чакыртылып алынган болсо, компенсациялык алым киргизүү жөнүндө чечим Комиссия тарабынан кабыл алынбайт.

2. Компенсациялык алымды колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алганга чейин ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын   кызыкдар мамлекеттик органдары менен иликтөө жүргүзүүчү орган даярдаган компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө сунушун макулдашышат.  

3. Компенсациялык алым киргизүү жөнүндө чечим спецификалык субсидия берүүчү экспорттоочу чет өлкөгө ал өлкө алардан баш тарткан же аларды өткөрүүнүн жүрүшүндө өз ара алгылыктуу чечимге жетишилбеген консультацияларды өткөрүү сунуш кылынгандан кийин кабыл алынат. 

4. Компенсациялык алым бардык экспорттоочулар тарабынан жөнөтүлгөн жана экономиканын тармагына зыян келтирген субсидиялануучу импорттун жүйөсү болуп саналган товарга (алардын ыктыярдуу милдеттенмелери Комиссия тарабынан жактырылган экспорттоочулар жөнөтүүчү товарларды албаганда) карата колдонулат.

Айрым экспорттоочулар жөнөтүүчү товарларга карата Комиссия тарабынан компенсациялык алымдын ставкасынын жекече өлчөмү белгилениши мүмкүн. 

5. Компенсациялык алымдын ставкасы экспорттоочу чет өлкөнүн спецификалык субсидиясынын субсидиялануучу жана экспорттолуучу товардын бирдигине эсептелген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

Эгерде субсидиялар субсидиялоонун ар кандай программаларына ылайык берилсе, алардын жыйынды өлчөмү эске алынат.

Эгерде мындай ставка экономиканын тармагына зыянды четтетүү үчүн жетиштүү болуп саналса, компенсациялык алымдын ставкасы экспорттоочу чет өлкөнүн спецификалык субсидиясынын өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн. 

6. Компенсациялык алымдын ставкасын аныктоодо компенсациялык алым киргизүү алардын экономикалык кызыкчылыктарына таасир көрсөтүшү мүмкүн Кыргыз Республикасынын  керектөөчүлөрүнүн териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органга жазуу түрүндө келип түшкөн пикирлери эске алынат.

7. Компенсациялык алымды төлөө аларга жайгаштыруунун шарты болуп саналган, бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган товарларга карата компенсациялык алым алдын ала компенсациялык алым киргизилүүчү датага чейин 90 календардык күн калгандан эрте эмес колдонулушу мүмкүн:

30-берене. Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү жана аны кайра кароо

1. Компенсациялык чара ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча субсидиялануучу импорттун айынан экономиканын тармагына зыянды четтетүү үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттүн ичинде колдонулат.

2. Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү мындай чара колдонуу башталган датадан тартып же өзгөргөн жагдайларга байланыштуу жүргүзүлгөн жана бир убакта субсидиялануучу импорттун талдоосуна жана ал экономиканын тармагына келтирген зыянга тиешелүү болгон же компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлгөн кайталап териштирүү аяктаган датадан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.

3. Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктаганга байланыштуу кайталап териштирүү иликтөөнү жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык берилген арыздын негизинде, же болбосо териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча жүргүзүлөт.

Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктаганга байланыштуу кайталап териштирүү арызда субсидиялануучу импорттун кайра жаңыртылышы же болбосо улантылышы жана компенсациялык чара колдонуу токтотулганда экономиканын тармагына зыян келтирилиши мүмкүн экендиги жөнүндө маалыматтар болгондо жүргүзүлөт.

Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктаганга байланыштуу кайталап териштирүү жүргүзүү жөнүндө арыз компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктаганга чейин жыйырма айдан кеч эмес берилет.

Ушул бөлүктүн жоболоруна ылайык жүргүзүлүүчү кайталап териштирүү аяктаганга чейин компенсациялык чара колдонуу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча узартылат. Тиешелүү компенсациялык чаранын колдонулушу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте аны колдонуунун мөөнөтү кайталап териштирүү жүргүзүүгө байланыштуу узартылган компенсациялык чара колдонууга байланыштуу белгиленген компенсациялык алымдардын ставкалары боюнча компенсациялык алымдар төлөнүп берилет. 

Эгерде компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча компенсациялык чара колдонуу үчүн негиздер жок экендиги белгиленсе, же болбосо ушул иликтөө жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык компенсациялык чара колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, компенсациялык чара колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык  кайтарып берилүүгө жатат.

Эгерде компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча субсидиялануучу импорттун кайра жаңыртылышы же болбосо улантылышы экономиканын тармагына зыян келтирилиши мүмкүн. Компенсациялык чараны узартуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими күчүнө кирген датадан тартып компенсациялык чара колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу компенсациялык алымдардын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат. 

4. Эгерде компенсациялык чара киргизилгенден кийин бир жылдан кем эмес өтсө, кызыкдар болгон жактын арызы боюнча же териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын демилгеси боюнча өзгөргөн жагдайларга байланыштуу компенсациялык чара колдонууну улантуунун жана (же) аны кайра кароонун (анын ичинде компенсациялык алымдын ставкасынын жекече өлчөмүн кайра кароонун) максатка ылайыктыгын аныктоо максаттарында кайталап териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Өзгөргөн жагдайларга байланыштуу кайталап териштирүү ал башталган датадан тартып он эки айдын ичинде аяктоого тийиш. 

5. Ушул берененин далилдерди берүүгө жана териштирүү жүргүзүүгө тиешелүү VI бөлүмүнүн жоболору тиешелүү айырмаларды эске алуу менен колдонулат. 

6. Ушул берененин жоболору тиешелүү айырмаларды эске алуу менен ушул Мыйзамдын 28-беренесине ылайык экспорттоочу чет өлкө же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган милдеттенмелерге карата колдонулат. 

7. Кайталап териштирүү ага карата компенсациялык чара колдонулуп жаткан, бирок кызматташуудан баш тартуудан башка себептер боюнча териштирүү жүргүзүлбөгөн экспорттоочу үчүн компенсациялык алымдын жекече ставкасынын өлчөмүн белгилөө максаттарында жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай кайталап териштирүү көрсөтүлгөн экспорттоочунун арызы боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүүчү орган тарабынан башталышы мүмкүн. 

31-берене. Компенсациялык чараны кыйгап өтүүнү белгилөө

1. Компенсациялык алымды төлөөдөн же болбосо кабыл алынган ыктыярдуу милдеттенмелерди аткаруудан четтөө үчүн товар жөнөтүүлөрдүн ыкмасын өзгөртүү компенсациялык чараны кыйгап өтүү деп түшүнүлөт. 

2. Компенсациялык чараны кыйгап өтүүнү белгилөө максаттарында кайталап териштирүү кызыкдар жактын арызы боюнча же териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча башталышы мүмкүн. 

3. Ушул беренеге ылайык жүргүзүлүүчү кайталап териштирүүнүн мезгилине иликтөө жүргүзүүчү орган тарабынан экспорттоочу чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын  бажы аймагына импорттолуучу субсидиялануучу импорттун жүйөсү болуп саналган товардын курамдык бөлүктөрүнө жана (же) туундуларына, ошондой эле башка экспорттоочу чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын  бажы аймагына импорттолуучу субсидиялануучу импорттун жүйөсү болуп саналган товарга жана (же) анын курамдык бөлүктөрүнө жана (же) туундуларына алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу компенсациялык алым киргизилиши мүмкүн.

5. Эгерде ушул беренеге ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан компенсациялык чараны кыйгап өтүү белгиленбесе, ушул беренеге ылайык жана алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте төлөнүп берилген компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган тартипте акы төлөөчүгө кайтарып берилүүгө жатат. 

6. Ушул беренеге ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча компенсациялык чараны кыйгап өтүү белгиленген учурда компенсациялык чара экспорттоочу чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын   бажы аймагына импорттолуучу субсидиялануучу импорттун жүйөсү болуп саналган товардын курамдык бөлүктөрүнө жана (же) туундуларына, ошондой эле башка экспортточу чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын   бажы аймагына импорттолуучу субсидиялануучу импорттун жүйөсү болуп саналган товарга жана (же) анын курамдык бөлүктөрүнө жана (же) туундуларына жайылтылышы мүмкүн. Ушул беренеде көрсөтүлгөн компенсациялык чараны киргизүү жөнүндө иликтөө жүргүзүүчү органдын чечими күчүнө кирген учурдан тартып алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген Мыйзамдын 6-беренесинде каралган тартипте кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.

7. Компенсациялык чараны кыйгап өтүүнү белгилөө максаттарындагы кайталап териштирүү ал башталган датадан тартып тогуз айдын ичинде аяктоого тийиш. 


5-глава. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

32-берене. Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө чечимдерге даттануу тартиби

 Ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында каралган соттук тартипте кызыкдар жактар тарабынан даттанылышы мүмкүн.

33-берене. Ушул Мыйзамды ишке киргизүү тартиби  

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) 1998-жылдын 31-октябрындагы №140 «Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын   Мыйзамы («Кыргыз Республикасынын   ченемдик актылары» 1998-жыл №22); 

2) 2010-жылдын 4-мартындагы №43 «Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы (2010-жылдын 12-мартындагы №17-18 «Эркин-Тоо гезити»);

3) 2010-жылдын 15-февралындагы № 28 «Коргоо чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы (2010-жылдын 19-февралындагы №12 «Эркин-Тоо гезити»);

4) 2010-жылдын 4-мартындагы №44 «Антидемпинг жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы (2010-жылдын 12-мартындагы №17-18 «Эркин-Тоо гезити»). 

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Алмазбек кызы Айгуль, 62-05-35 доб. 297
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу