"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

 Долбоор 


 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 

 

"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


  1-берене.

"Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 28.12.2021ж. №154) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1)     1-берененин 1-бөлүгү  мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

  "1. Ушул Мыйзам   маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу  электрондук сооданын   катышуучуларынын  укуктук негиздерин аныктайт, электрондук соода чөйрөсүндө пайда болуучу  коомдук мамилелерди жөнгө салат.";

2) 3-беренедеги:

a)    онунчу абзацтагы "экономикалык" деген сөз  "ишкердик" деген сөз менен алмаштырылсын; 

b)    он сегизинчи абзацтагы " сунушталуучу жана ишке ашырылуучу" деген сөздөр "аткарылуучу жана көрсөтүлүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2)   5-беренедеги:

үчүнчү абзацтын 1-бөлүгү мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

a)     сатуучунун толук аталышы;

Төртүнчү абзацтын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин;    

b)    мамлекеттик жана (же) салыктык каттоо жөнүндө маалыматтар, юридикалык жана иш жүзүндөгү даректери, байланыш маалыматтары (электрондук почта дареги, телефон номери);

c)     алтынчы абзацтын 1-бөлүгүндөгү "мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды жана" деген сөздөр алып салынсын;


3) 20-беренедеги " жана жоруктар жөнүндө жана бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.


  2-берене. 


 Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет 



Президент                                   С.Н. Жапаров



Кыргыз Республикасынын 

Экономика жана коммерция министри _______________________ Д.Дж. Амангельдиев

                 

2022ж. «______» ___________ 

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Жумаков Жылдызбек, тел.: 62-05-35 доб. 179
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу