"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода иштерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

долбоор

 

 

 

Кыргыз республикасынын МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

токтому

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода иштерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-бересине ылайык, соода ишин тартипке келтирүү жана контролдук-кассалык машиналарды натыйжалуу пайдалануу, салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын ички соодасы тууралуу» Кыргыз Республикасынын 1-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода иштерин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринде:

24-пунктунда:

- Соода объекттеринин кызматкерлери контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы №356 “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө сатып алуучуга сатып алуу менен бирге товардын баасын, сатылган күнүн көрсөтүү менен анын төлөнгөндүгүн тастыктаган документти бериши мүмкүн.

 - 33-пунктундагы "же колдонуусуз" деген сөздөр алынып салынсын;

- 2-главадагы төмөнкүдөй мазмундагы 33-2 жана 33-3 пункттар толукталсын:

“33-2. Соода ишинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы №356 Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө кассалык машиналарды колдонушат.

33-3.. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары тарабынан коюлган контролдук-кассалык машиналарды колдонуу талаптарын бузуу менен иш алып барган соода жүргүзүүчү субъекттер, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.”;

36-пунктунда “зарыл” деген сөз “зарыл” менен алмаштырылсын;

50-1-пунктунда:

Төртүнчү абзацындагы “Көрсөтүлгөн маалыматтарды салык кызматы органдарынын суроо-талабы боюнча берүүгө” деген сөздөр “Көрсөтүлгөн маалыматтарды салык кызматтарынын органдарына алардын суроо-талабы боюнча берүүгө;” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-  төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:

“- QR кодун (А4 форматындагы көлөмүнөн кем эмес кагазда) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчү үчүн жеткиликтүү жерде жайгаштырылсын, анда ижарачы же чекене аянттын ээси жөнүндө маалыматтар камтылышы керек (ишкананын аталышы же ишкердин толук аты-жөнү, СТН, ижара келишиминин номери жана колдонуу мөөнөтү, чекене аянтчанын аталышы жана номери, оруну/контейнер/павильон ж.б., контролдук-кассанын модели, эгерде лицензия жөнүндө маалыматы бар болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык талап кылынат);

- ишкердиктин субъекттери тарабынан контролдук-кассалык машиналардын милдеттүү түрдө колдонуу контролдоону камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ижарачылар пайдаланган контролдук-кассалык машиналар болгон учурда ижарага берилген жайларды же соода аянттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүгө.”.

-  2-главанын 2.3-бөлүмү төмөнкүдөй 50-2-пункту менен толукталсын:

"50-2. Базарлар жана соода борборлорунун (үйлөрдүн) дирекциясы ишкердик субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары тарабынан коюлган контролдоо-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик алат.”;

- 151-пунктунда ", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептөөлөрдү жүзөгө ашыра ала турган уюмдардын же жеке жактардын тизмесинен тышкары" деген сөздөр алып салынсын.

 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                         У.А.Марипов

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Жумаков Ж.А. 620535 доб. 172
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу