"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы чөйрөсүндөгү айрым бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

Долбоор


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ



Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы чөйрөсүндөгү айрым бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 


1-берене

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» Мыйзамына (1996-жылдын 4 августундагы № 99 “Свободные горы” гезити) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Бул Мыйзам товардык биржалардын ишин жана биржалык сооданы ишке ашырууну жөнгө салат, товардык биржалардын ишин жана биржалык сооданы жөнгө салуу тартибин жана мамлекеттик контролдоону белгилейт.”.

  1. 4-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
  2. 7-беренеде:

Төртүнчү абзацдагы “Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса,” деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзац менен төмөнкүдөй мазмунда толукталсын:

“Биржалык аукциондук нарк тарифтик жөнгө салынууга жатпайт, жана бажы органдары тарабынан нарктын экспертизасы талап кылынбайт.”;

  1. 9-беренеде төртүнчү абзац менен төмөнкүдөй мазмунда толукталсын:

“Биржа товарларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.”.

  1. 11-беренеде:

биринчи абзацтагы “анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” деген сөздөр алып салынсын;

үчүнчү абзацтагы “3500000 сомдон кем эмес болгон уставдык фондду каттоодо коомдун өзүнүн каражаттарынан төлөнүшү мүмкүн” деген сөздөр “Товар биржасынын ишмердүүлүгү үчүн уставдык капиталы 25 000 000 сомдон кем эмес түзгөн” деген сөздөргө алмаштырылсын;

үчүнчү абзацтагы “Акцияларды уюштуруучулук чыгарууну каттоодо (акысын төлөөдө) товар биржасынын ар бир уюштуруучусунун уставдык фонддогу үлүшү 10 пайыздан ашпоого тийиш.” деген сөздөр алып салынсын;

  1. 13-беренеде бешинчи абзац менен төмөнкүдөй мазмунда толукталсын:

“Товардык биржанын мүчөлөрү товардык биржанын клирингдик борбору аркылуу товарларга акы төлөө үчүн акча каражаттарды кооперациялоо үчүн товардык биржада субэсептерди ачууга укуктуу.”;

  1. 22-берененин биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштырылсын;


2-берене 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомости, 2013ж., №9 990 б.) Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

15-беренеге 47-1 пункт менен төмөнкүдөй мазмунда толукталсын:

“47-1) товардык биржанын иши;”.


3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.




Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                               С.Н. Жапаров

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Жумаков Ж.А., тел. 620535 доб. 179
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу