Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун ушул долбоору Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-авгусундагы №136 мыйзамы менен ратификацияланган, Чолпон-Ата шаарында 2004-жылдын 16-апрелинде кол коюлган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктешигине катышуучу мамлекеттердин аймактарында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу эл аралык сертификатын киргизүү жөнүндө Келишимин ишке ашыруу жана Кыргыз Респуликасынын 1997-жылдын 19-декабрындагы №92 мыйзамы менен ратификацияланган, Чек араларда жүктөрдү макулдашылган контролду жүргүзүү тууралуу Эл аралык Конвенцияны имплементациялоо максатында, ошондой эле транспорт көзөмөлдөө пункттарында жүк ташуучу транспорт каражаттарын таразага тартуу жол-жоболорун тартипке келтирүү үчүн жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык иштелип чыккан.