2012-жыл
5657

2012-жылдын 2-4-апрелинде Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-түрк биргелешкен соода-экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 6-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча Вице-премьер-министри Дж.Оторбаевдин жана түрк тарабынан Түрк Республикасынын Вице-премьер-министри Б.Боздагдын төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун чегинде Тараптардын эксперттери эки жактуу кызматташуунун эң эле актуалдуу болгон кийинки чөйрөлөрдөгү маселелерди иштеп чыгышты жана талкуулашты, бул соода, энергетика, транспорт, ишкердик, финансы, билим, маданият, туризм, саламаттыкты сактоо ж.б. 

Кыргыз-түрк комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 25-27-апрелинде Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 14-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри А.Карашевдин жана орус тарабынан Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси А.Бельяниновдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө отун-энергетикалык комплекс, өнөр-жай, айыл-чарба, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, миграция, нефть жана газ тармактарында, банк, бажы жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери каралды. 

Кыргыз-орус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 28-30-апрелинде Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-азербайджан экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 1-отуруму өттү. Кыргыз тараптын төрагасы Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри А.Карашев, азербайджан тараптын төрагасы Азербайджан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов болуп саналат. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетика, гуманитардык, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери каралып, Кыргыз Республикасынын жана Азербайджан Республикасынын ортосундагы биргелешкен өкмөттөр аралык экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын Жобосу бекитилди. 

Кыргыз-азербайджан комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 15-16-июнунда Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-таджик эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Комиссиянын 11-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри К.Султановдун жана таджик тарабынан Таджикистан Республикасынын Транспорт министри Н.Хакимовдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун абалы жана перспективалары боюнча маселелер каралды.

Кыргыз-таджик комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 27-28-июнунда Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-поляк экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 2-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариевдин жана поляк тарабынан Польша Республикасынын Экономика министринин орун басары А.Дыханын төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун чегинде Тараптардын эксперттери эки жактуу кызматташуунун эң эле актуалдуу болгон кийинки чөйрөлөрдөгү маселелерди иштеп чыгышты жана талкуулашты, бул соода, инвестициялар, ишкердик, техникалык жөнгө салуу, энергетика, транспорт, ишкердик, каржы, айыл чарба, туризм, саламаттыкты сактоо, курулуш, жогорку билим, маданият, эмгек миграциясы, айлана чөйрөнү коргоо, жана ошондой эле санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук ж.б. 

Кыргыз-поляк комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 28-июнунан 1-июлуна чейин Астана шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 3-отурумун даярдоо боюнча эксперттик кеңешмелер өткөрүлдү. Тараптардын эксперттери соода, инвестициялар, өнөр-жай, транспорт, айыл чарба, энергетика, газ тармагы жана башка чөйрөлөрүндөгү эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты жана талкуулашты. Кыргыз-казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 3-отуруму 2-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри О.Бабановдун жана Казак Республикасынын Премьер-министри К.Масимовдун төрагалыгынын алдында өттү.

Кыргыз-казак кеңешинин Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 9-10-июлунда Тегеран шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-иран соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданият кызматташуу боюнча Комиссиянын 10-отуруму өткөрүлдү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министри  А.Жапаров, иран бөлүгүн Иран Ислам Республикасынын Өнөр-жай, кен жана соода министри Мехди Газанфари башкарыштыОтурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестициялар, өнөр-жай, энергетика, тоо кендерин казып чыгаруучу өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникациялар, айыл чарба, балык өнөр жайы, илим, маданият жана туризм чөйрөлөрүндөгү кызматташуунун маселелери каралды. 

Кыргыз-иран комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 30-31-июлунда Пекин шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 9-отуруму өткөрүлдү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри А.Карашев, кытай бөлүгүн Кытай Эл Республикасынын Соода министринин орун басары Чжун Шань башкарышты. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки мамлекеттин социалдык жана экономикалык өнүгүү маселелери талкууланып, эң эле актуалдуу болгон чөйрөлөрдөгү кызматташууну активдештирүү жана КЭР Өкмөтүнүн грант жана кредит каражаттарын эффективдүү пайдалануу маселелери каралды. 

Кыргыз-кытай комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 2-августунда Бишкек шаарында өкмөттөр аралык Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы “Кыргызстан-СУАР КЭР” координациялык тобунун 6-отуруму өткөрүлдү. Кыргыз тараптын төрагасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Т.Сариев, кытай тараптын төрагасы КЭР Синьцзян-Уйгур Автономиялуу Районунун төрагасынын орун басары Ху Вэй болуп саналат. 

Кыргыз-СУАР комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 25-сентябрында Цюрих шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-швейцариялык соода-экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 3-отуруму өткөрүлдү. Отурумдун кыргыз бөлүгү Кыргыз Республикасынын Финансы министри О.Лаврованын, ал эми   швейцариялык тарап Соода келишимдер боюнча Федералдык Кенештин өкүлү, Элчи Эрик Мартиндин кол алдында өткөрүлдү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө экономикалык кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланып,   инвестициялар, ишкердик, энергетика, суу менен жабдуу, айыл жана суу чарба, өнөр жай, курулуш, саламаттыкты сактоо, айлана чөйрөнү коргоо ж.б. багыттарындагы өз ара аракеттешүү перспективалары каралды. 

Кыргыз-швейцариялык комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарында өкмөттөр аралык Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург биргелешкен Комиссиясынын 4-отуруму Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Дж.Оторбаевдин жана Санкт-Петербургдун Өкмөтүнүн мүчөсү, Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар боюнча Комитетинин төрагасы А.Прохоренконун төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун жүрүшүндө өнөр жай, энергетика, ишкердик, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр-жай, эмгек, ишке орноштуруу, миграция, жаштар саясаты, саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият ж.б. багыттарындагы өз ара аракеттешүү маселелери каралды.

Кыргыз-санкт-петербург комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

___________________

2012-жылдын 11-декабрында Корея Республикасынын Сеул шаарында өкмөттөр аралык экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-кореялык Комиссиясынын 1-отуруму Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри А.Калмамбетовдун жана Корея Республикасынын Тышкы иштер жана соода министринин орун басары Ли Си Хёнгдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө кызматташууну өнүктүрүү боюнча төмөнкү тармактардагы маселелер каралды: соода, инвестициялар, айыл чарба, жашыл өнүгүү, энергетика, өнөр жай, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, тоо ресурстарын кайра иштетүү, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасынын алдында болгон мамлекеттик карызды реструктуризациялоо, эмгек ишине уруксаттар жана башка маселелер. 

Кыргыз-кореялык комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу