2013-жыл
4842

2013-жылдын 22-апрелинде Москва шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 15-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиевдин жана орус тарабынан Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси А.Бельяниновдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө отун-энергетикалык комплекс, өнөр-жай, айыл-чарба, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, каржы, миграция, нефть жана газ тармактарында, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүү, билим берүү, илим, туризм, банк, бажы жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери каралды. 

 Кыргыз-орус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013-жылдын 16-17-майында Душанбе шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-таджик эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Комиссиянын 12-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри К.Султановдун жана таджик тарабынан Таджикистан Республикасынын Транспорт министри Н.Хакимовдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун абалы жана перспективалары боюнча маселелер жана ошондой эле өнөр-жай, энергетика, айыл-чарба, суу ресурстарын рационалдуу колдонуу, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, социалдык өнүгүү, чек ара жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери каралды

Кыргыз-таджик комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында өкмөттөр аралык Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург биргелешкен Комиссиясынын 5-отуруму Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Дж.Оторбаевдин жана Санкт-Петербургдун Өкмөтүнүн мүчөсү, Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар боюнча Комитетинин төрагасы А.Прохоренконун төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун жүрүшүндө өнөр жай, энергетика, инженердик камсыз кылуу, айыл чарба, транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо, эмгек, ишке орноштуруу, миграция, жаштар саясаты, саламаттыкты сактоо ж.б. багыттарындагы өз ара аракеттешүү маселелери каралды.

Кыргыз-санкт-петербург комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013-жылдын 4-5-июлунда Киев шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-украиналык биргелешкен Комиссиясынын 3-отуруму Кыргыз Республикасынын Экономика министри    Т.Сариевдин төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун жүрүшүндө кыргыз-украиналык Комиссиясынын 2007-жылдын 15-майындагы 2-отурумунун Протоколун аткаруу маселелери жана ошондой эле соода-экономикалык, айыл чарба, авиация, маданият, туризм, спорт, билим берүү, ишкердик жана эки мамлекеттин региондордун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Кыргыз-украиналык комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013-жылдын 18-19-июлунда Бишкек шаарында Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясынын алтынчы отуруму Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри О.Артыкбаевдын төрагалыгынын астында өткөрүлдү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө төмөнкү багыттарда кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды, бул: соода, каржы салым (инвестициялар), айыл чарба, өнөр жай,  энергетика, тоо кен өндүрүү, темир жол, курулуш жана инфраструктура, саламаттыкты сактоо, информациялык технологиялар, маданият, туризм, спорт, билим берүү, стандарттар жана метрология ж.б.

Кыргыз-индия комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013 жылдын 13-15- августунда Анкара шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын жетинчи отуруму Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Дж.Оторбаевдин жана Турция Ркспубликасынын Вице-премьер-министри Б.Боздагдын төрагалыгынын алдында өткөрүлдү. Комиссиянын жүрүшүндө тараптар соода, техникалык тейлөө, тоо кен өндүрүү, айыл чарба, азык-түлүк, мал чарба, транспорт, финансы рыногу, банк иштери, саламаттыкты сактоо, эмгек, миграциясы, социалдык коргоо, имараттардын энергетикалык эффективдүүлүгү, интеллектуалдык менчик, муниципалдык кызматташык, бажы иштери, токой жана суу чарба тармактарынлагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө маселелер макулдашылды.

Кыргыз-түрк комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013 жылдын 25-сентябрында Вена шаарында Эки тараптуу байланыштар боюнча өкмөттөр аралык аралаш кыргыз-австриялык комиссиясынын бешинчи отуруму Кыргыз Республикасынын Финансы министри О.Лаврова жана Австрия Республикасынын Федералдык экономика, үй-бүлө жана жаштар министрлигининдеги Департаменттин башкы директору Ф.Вессигдин төрагалыгынын алдында өткөрүлдү. Комиссиянын жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты төмөнкү тармактарда өнүктүрүү маселелерин  карашты: инвестиция, транспорт тармактарынын инфраструктурасы, энергетика жана айлана чөйрө технологиялары, айыл чарба, туризм, тоо-кен өнор жайы, геология жана минералдык ресурстар, медициналык техника жана саламаттыкты сактоо инфраструктурасы, стандартизиция, метрология, каттоо иштери, социалдык чөйрө, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, интеллектуалдык менчик ж.б. маселелери.

Кыргыз-австриялык комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013 жылдын 22-23 октябрында Варшава шаарында Экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясынын 3-отуруму Кыргыз Республикасынын Экономика министри Т.Сариев жана Польша Республикасынын экономика министринин орун басары Анджей Дыханын төрагалыгынын алдында өткөрүлдү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө төмөнкү багыттарда кыргыз-поляк кызматташуусун өнүктүрүү маселелери каралды, бул: финансы, техникалык жардам жана окутуу, каржы маселелери, транспорт, ишкердик, айыл чарба, туризм, техникалык жөнгө салуу жана метрологиялык көзөмөлдөө, айлана-чөйрөнү коргоо, калктын социалдык камсыздандыруусу, саламаттыкты сактоо ж.б.

Кыргыз-поляк комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013 жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-казак кеңешинин төртүнчү отуруму Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев жана Казак Республикасынын Премьер-министри С.Ахметов төрагалыгынын алдында өткөрүлдү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө төмөнкү багыттарда кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды жана макулдашылды, бул: соода жана инвестиция, өнөр жай, энергетика, газ тармагы, айыл чарба, чек аралык көзөмөлдөө, транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо ж.б. маселелер.

Кыргыз-казак комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

____________________

2013 жылдын 17-декабрында Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 16-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиевдин жана орус тарабынан Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси А.Бельяниновдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө отун-энергетикалык комплекс, өнөр-жай, айыл-чарба, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, миграция, нефть жана газ тармактарында, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүү, билим берүү, илим, туризм, бажы жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери каралды. 

Кыргыз-орус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу