2017-жыл
5474

2017-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү: 

2017-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында өкмөттөр аралык соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан комиссиясынын үчүнчү жыйыны Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.Кожошевдин төрагалыгынын алдында өттү. Пакистандын делегациясын Суу жана энергетика федералдык министри Хаваджа Мухаммад Асиф мырза башкарды. Комиссиянын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда эки тараптуу кызматташуунун маселелери каралды, бул: соода, текстиль өнөр жайы, энергетика, транспорт, айыл чарба, азык түлүк коопсуздугу, почта сектору, банк иши, финансы сектору, саламаттык сактоо, маданият, туризм, билим берүү, маалымат, телерадиоберүү жана башка маселелер. Министр  А.Кожошевдин Исламабад шаарында болгон иш сапарынын жүрүшүндө төмөнкү жетекчилер менен жолугушуулар өткөрүлдү: Пакистандын Президенти Мамнун Хуссейн мырза, Премьер-министри Наваз Шариф мырза, Провинция аралык координация боюнча федералдык министри жана спорт боюнча Президенти Миан Риаз Хуссаин Пирзада мырза, Премьер-министрдин тышкы иштер боюнча   атайын кеңешчиси  Саед Тарик Фатеми мырза жана Коммуникациялар министрлигинин федералдык катчысы, -Улуттук шоссе жолдорунун төрагасы Шахид Ашраф Тарар мырза.

________________________

2017-жылдын 17-февралында Москва шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 19-отуруму өттү. Кыргыз Республикасынын делегациясын Вице-премьер-министри О.Панкратов, Россия Федерациясынын делегациясын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавин башкарышты. Тараптар өнөр-жай, айыл-чарба, транспорт, туриз, маданият, илим жана билим, миграциялык саясат, банк иши жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери каралды. 

________________________

Катар Мамлекетинин Доха шаарында 2017-жылдын 13-14 мартында  Экономикалык, соода жана техникалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-катар Комиссиясынын 1-жыйыны Кыргыз Республикасынын Экономика министри А.Кожошевдин жана Катар Мамлекетинин Экономика жана соода министри Шейх Ахмед бин Мохаммед бин Джасим Аль Тани мырзанын төрагалыгынын алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө Тараптар төмөнкү тармактарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашууларды кабыл алышты, бул: соода, инвестициялар, транспорт, айыл-чарба, маданият, саламаттык сактоо жана башка маселелер.

Кыргыз-катар комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________________

2017-жылдын 14-15-мартында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд  Кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-сауд комитетинин 1-жыйыны Кыргыз Республиксынын Транспорт жана жолдор министри Ж.Калиловдун жана Сауд Аравия Падышалыгынын Айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман А.Альфадли мырзанын төрагалыгынын алдында өттү. Тараптар бир ирет толук жана иштиктүү жолугушуулдарды өткөрүшүп, төмөнкү тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, бул: соода, инвестициялар, өнөр жай,  айыл-чарба, финансы сектору, долбоорлорду ишке ашыруу, энергетика, тоо кен иши,  авиация, банк иши, билим, маданият, туризм, ишке орношуу, пенсиондук система, саламаттык сактоо, спорт, жана башка маселелер.

Кыргыз-сауд комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________________

2017-жылдын 5-6-июнунда Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Н.Мурашевдин жана Белорус Республикасынын Айыл чарба жана азыктүлүк министри Л.Заяцтин төрагалыгынын алдында кыргыз-белорус Өкмѳттѳр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиянын 7-жыйыны ѳттү. Жыйындын жүрүшүндө  соода, экономика, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маалымат, туризм, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, регионадордун кызматташуусу жана эркин экономикалык аймактар тармактарындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды. 

Кыргыз-белорус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________________

2017-жылдын 7-июлунда Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана или министри Г.Кудайбердиеванын жана Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Е.Григорьевдин төрагалыгынын алдында Биргелешкен кыргыз-санкт-петербург Өкмѳттѳр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча комиссиясынын 9-жыйыны ѳттү. Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө көңүл билим башкаруу чөйрөсүнө информациялык жана компьютердик технологияларды ишке киргизүү, электрондук окутууну пайдалануу, ачык билим берүүчү ресурстарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү,  Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун жогорку окуу жайларынын ресурс алмашуу тажрыйбасын өнүктүрүү маселелерине бөлүнгөн. Ошондой эле жакынкы убакытта электрондук окутууну пайдаланууга даярдык көрүү боюнча Кыргызстандан адистердин тобун жиберүү боюнча маселе макулдашылды.

Комиссиянын Протоколу (расмий тилде)

________________________

2017-жылдын 28-июлунда Урумчи шаарында өкмөттөр аралык Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы “Кыргызстан-СУАР КЭР” координациялык тобунун 9-отуруму кыргыз тараптын төрагасы Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары А.Сазбаковдун жана кытай тараптын төрагасы КЭР Синьцзян-Уйгур Автономиялуу Районунун элдик өкмөттүн төрагасынын орун басары Хуан Саньпин мырзанын төрагалыгынын алдында өттү. Жыйындын жүрүшүндө Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө, айыл чарба,  өнөр жай, туризм, социалдык чөйрө ж.б. тармактарындагы кызматташуу боюнча макулдашуулар кабыл алынды. “Бир бел – бир жол” демилгесин ишке ашыруунун алкагында кызматташууну активдештирүү, чек ара кызматташуусун бекемдөө жана өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү, Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо, энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу, саламаттык сактоо, илим, маданият тармакатрында байланыштары кеңейтүү боюнча макулдашуулар кабыл алынды.

Кыргыз-СУАР комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________________

2017-жылдын 16-августунда Бишкек шаарында өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек биргелешкен Комиссиясынын 8-жыйыны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жээнбеков жана Өзбек Республикасынын Премьер-министри А.Ариповдун төрагалыгынын алдында өттү. Өкмөттөр аралык Комиссиясынын жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда кызматташуу  маселелери талкууланды, бул соода-экономикалык кызматташуу, транспорт, маданият, спорт, саламаттык сактоо, туризм, энергетика ж.б.

Кыргыз-өзбек комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу