2020-жыл
7223

2020-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү:  

2020-жылдын 28-январында Австрия Республикасынын Вена шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жана Австрия Республикасынын Санариптештирүү жана Экономика министрлигинин Тышкы экономикалык байланыштар боюнча Башкы директору Франц Вессигдин төрагалыгы астында эки тараптуу тышкы экономикалык байланыштар боюнча Аралаш кыргыз-австрия комиссиясынын жетинчи жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар соода жана инвестиция, каржы, санариптештирүү, энергетика, айлана чөйрөнү коргоо технологиялары жана суу ресурстарын башкаруу, инфраструктура, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы, туризм, тоо-кен иштери, геология жана минералдык ресурстар, жогорку билим берүү, илим жана изилдөө сыяктуу тармактардагы эки тараптуу экономикалык мамилелердин абалын жана өнүгүшүн талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кыргыз-австрия ӨАкомиссиясынын 7-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2020-жылдын 21-февралында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-беларуссиялык комиссиянын тогузунчу жыйыны болуп өттү. Отурумду Комиссиянын теңтөрагалары Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри К.А.Боронов жана Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары В.Е.Кухарев алып барды. Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын экономикалык абалы жөнүндө маалымат алмашышты, кыргыз-беларуссиянын соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги талкууланды. Ошондой эле, Тараптар өнөр жай, энергетика, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба, айыл чарбасы жана агроөнөр жай комплекси, санариптик трансформация, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, маданий-гуманитардык чөйрө жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында кызматташуу тармактарындагы бир катар маанилүү макулдашууларга жетишти. Жолугушуунун жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кыргыз-белорус ӨАКомиссиясынын 9-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


2020-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ш.Асрандиев жана Россия тараптан Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары А.Л.Оверчук төрагалыгы астында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) 22-жыйыны болуп өттү. Комиссиянын ушул жыйындын жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, өз ара аракеттенүү механизмдердин өнүгүү жолдору, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин көйгөйлүү маселелери боюнча чечимдер каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптардын Төрагалары Комиссиянын 22-отурумунун акыркы Протоколуна кол коюшту, анын аткарылышында тиешелүү иштер жүргүзүлөт.

Кыргыз-орус ӨАКомиссиясынын 22-жыйынынын Протоколу (расмий тилде).pdf


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу