2014-жыл
5138

2014-жылы төмөнкү өкмөттөр аралык Комиссиялардын жыйындары уюштурулуп, өткөрүлдү: 

2014-жылдын 29-майында Улан-Батор шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-монгол экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча Комиссиянын 2-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри К.Султанов жана монгол тарабынан Монголиянын Маданият, спорт жана туризм вице-министри М.Тумэнжаргалдын төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө тараптар соода, инвестициялар, энергетика, өнөр-жай, айыл чарба, ишкердик, транспорт, тоо кен өндүрүү, курулуш, туризм жана социалдык тармактарындагы кызматташуу маселелери каралды. Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр-жай палатасынын жана Монголиянын Улуттук Соода жана өнөр-жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлуп, Кыргыз Республикасынын жана Монголиянын ортосундагы Биргелешкен Ишкердик Кеңеши түзүлдү. 

Кыргыз-монгол комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________

2014-жылдын 10-июлунда Урумчи шаарында өкмөттөр аралык Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы “Кыргызстан-СУАР КЭР” координациялык тобунун 7-отуруму өткөрүлдү. Кыргыз тараптын төрагасы Кыргыз Республикасынын Экономика министри Т.Сариев, кытай тараптын төрагасы КЭР Синьцзян-Уйгур Автономиялуу Районунун төрагасынын орун басары Ши Даган болуп саналат. Күн тартипке ылайык төмөнкү тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча келишимдер кабыл алынды, бул: соода, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, туризм,, финансы, банк иши. Улуу Жибек Жолунун экономикалык алкагы боюнча стратегия демилгесин эске алып, жыйындын жүрүшүндө Тараптар кызматташууну жаңы жана интенсивдүү деңгээлге чыгарып, координациялык тобтун отурумдарын жыл сайын өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты. Мындан тышкары, Тараптар экономикалык кызматташууну жакшыртуучу төмөнкү иш чараларды өткөрүүнү макулдашты, бул СУАР товарларынын көргөзмө-жарманкеси, экономикалык форум, эл аралык Кыргызстан - Кашгар авиалиниясын жана Бишкек – Иркештам - Урумчи жана Ош - Иркештам – Урумчи эл аралык автоунаа катташуусун ачуу.

Кыргыз-СУАР комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________

2014-жылдын 9-10-июлунда Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясыны Свердлов обласунун ортосундагы өкмөттөр аралык биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын 2-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри А.Алияскаровдун төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун жүрүшүндө өнөр жай, курулуш, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, эмгек, миграция, маданият, туризм, спорт, билим берүү, илим, маалымат саясаты ж.б. тармактардагы кызматташуу маселелери каралды. 

Кыргыз-свердлов комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________

2014-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 10-отуруму өткөрүлдү. Комиссиянын кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Т.Сарпашев, кытай бөлүгүн Кытай Эл Республикасынын Соода министринин жардамчысы Чжан Сянчэнь башкарышты. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки мамлекеттин соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары активдештирүү маселелери талкууланып, энергетика, өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана банк тармактарына тартылуучу КЭР Өкмөтүнүн грант жана кредит каражаттарын эффективдүү пайдалануу маселелери каралды. 

Кыргыз-кытай комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________

2014-жылдын 27-28-августунда Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-таджик эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Комиссиянын 13-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А.Маматалиевдин жана таджик тарабынан Таджикистан Республикасынын Премьер-министринин орун басары А.Иброхимдин төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун абалы жана перспективалары боюнча, өнөр-жай, энергектика, транспорт, айыл чарба, суу ресурстарын рационалдуу колдонуу, илим, билим берүү, сациалдык тармактарындагы кызматташуу маселелери каралды.

Кыргыз-таджик комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________

2014-жылдын 9-10-сентябрында Азербайджан Республикасынын Баку шаарында Кыргыз Республикасы менен Азербайджан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен Комиссиянын 2-отуруму өттү. Комиссиянын кыргыз тарабы Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин жана азербайджан тарабы Премьер-министрдин биринчи орун басары Ягуб Эюбовдун төрагалыгынын алдында өттү. Комиссиянын жүрүшүндө төмөнкү тармактарда маселелер талкууланып, келишимдер кабыл алынды, бул: соода, инвестицияларэнергетика, өнөр жай, айыл чарба, чек ара жана бажы көзөмөл, транспорт, коммуникациялар ж.б. 

________________

2014-жылдын 13-октябрында Астана шаарында кыргыз-казак өкмөттөр аралык Кеңешинин 5-отуруму Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Дж.Оторбаевдин жана  Казак Республикасынын Премьер-министри К.Масимовдун төрагалыгынын алдында өткөрүлдү. Тараптар соода, инвестициялар, өнөр-жай, транспорт, айыл чарба, энергетика жана башка чөйрөлөрүндөгү эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин карашты жана талкуулашты.

Кыргыз-казак комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________

2014-жылдын 2-декабрында өкмөттөр аралык кыргыз-орус биргелешкен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Комиссиянын 17-отуруму өттү. Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө отун-энергетикалык комплекс, өнөр-жай, айыл-чарба, транспорт, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана ликвидациялоо, миграция, нефть жана газ тармактарында, бажы жана башка чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери каралды.

Кыргыз-орус комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________

2014-жылдын 11-декабрында Бишкек шаарында өкмөттөр аралык Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург биргелешкен Комиссиясынын 6-отуруму Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри В.Дильдин жана Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар боюнча Комитетинин төрагасы Е.Григорьевдин төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун жүрүшүндө эмгек,  ишкердик, айыл чарба, ишке орноштуруу, миграция, саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият, курулуш, маалымат ж.б. багыттарындагы өз ара аракеттешүү маселелери каралды.

Кыргыз-санкт-петербург комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

________________

2014-жылдын 24-26-декабрында Бишкек шаарында өкмөттөр аралык кыргыз-түрк биргелешкен соода-экономикалык кызматташуу боюнча Комиссиянын 8-отуруму кыргыз тарабынан Кыргыз Республикасынын Биринчи Вице-премьер-министри Т.Сарпашевдин жана түрк тарабынан Түрк Республикасынын Вице-премьер-министри Н.Куртулмуш мырзанын төрагалыгынын алдында өттү. Отурумдун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун эң эле актуалдуу болгон кийинки чөйрөлөрдөгү маселелер талкууланды, бул соода, стандартташтыруу, метрология, техникалык жөнгө салуу, аккредитация, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, коммуникациялар, ишкердик, бажы, билим берүү, маданият, туризм, саламаттыкты сактоо, статистика, айлана чөйрөнү коргоо, токой чарба ж.б.

Кыргыз-түрк комиссиясынын Протоколу (расмий тилде)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу