Мамлекеттин катышуусундагы ишканаларды башкаруу маселелери
Мамлекеттик ишканаларды башкаруу маселелери төмөнкү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык Мыйзам;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтому.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу тармактык мамлекеттик орган менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – Мамлекеттик мүлк) ортосунда мамлекеттик ишканаларды башкаруу функцияларын так бөлүштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтому кабыл алынган.
Бул токтом менен тармактык мамлекеттик органга кураторлук кылган тармактык маселелер боюнча мамлекеттик ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашыруу укугу берилген.
Мамлекеттик мүлк мамлекеттик ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктүн пайдаланылышынын натыйжалуулугун контролдойт. Мамлекеттик мүлктүн компетенциясына төмөнкү маселелер киргизилген:
- ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
- жылдык бюджетти, ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишмердүүлүгүнүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарынын ишмердүүлүгүн баалоо;
- ишкананын жетекчисине жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
- мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен түзүлүүчү эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
- ишкананын жетекчиси жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
- мамлекеттик ишканалардын жетекчилери катары ыйгарым укуктары канааттандырарлыксыз иши үчүн токтотулган адамдардын реестрин жүргүзүү;
- ишканага таандык мүлктүн максаттуу пайдаланылышына жана сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруу.
Мамлекеттин акционер жана катышуучу катары чарбалык коомдордогу укуктарын ишке ашыруу маселелери төмөнкү ченемдик актылар менен жөнгө салынат:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
- Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Чарбалык шериктештиктер жана коомдор жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 “Уставдык капиталда мамлекеттик акциялар пакети (катышуу үлүшү) бар чарбалык коомдордогу корпоративдик башкаруу маселелери жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы № 306 “Мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн жана Текшерүү комиссиясынын ишин баалоо жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтому.
Мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдорду башкарууда компаниялардын директорлор кеңешиндеги мамлекеттин өкүлдөрү негизги ролду ойнойт.
Директорлор кеңешинин негизги милдети - акционердик коомдун стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын түзүү, ошондой эле аткаруучу орган тарабынан алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө.
Өз кезегинде, мамлекеттик акциялардын пакети бар акционердик коомдун директорлор кеңешиндеги мамлекеттик өкүлдүн милдеттери компаниянын, акционер (катышуучу) катары мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, экономиканын тиешелүү секторлорунда тармактык мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, стратегиялык пландаштырууну киргизүү, чарбалык коомдун стратегиялык максаттарын жана саясатын түзүү жана илгерилетүү болуп саналат.
Мамлекеттик акциялар пакети бар акционердик коомдун директорлор кеңешине мамлекеттик өкүлдү тандоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 «Уставдык капиталда мамлекеттик акциялар пакети (катышуу үлүшү) бар чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруу маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген мамлекеттик акциялар пакети (катышуу үлүшү) бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрүн тандоо жана көрсөтүү тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат. Аталган Жободо мамлекеттик компанияларда корпоративдик башкарууну киргизүү максатында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордо директорлор кеңешинин курамынын кеминде 1/3 бөлүгүн көз карандысыз директорлор үчүн квота катары кароо дагы каралган.