Мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана тескөө маселелери
Учурда мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана тескөө боюнча функциялар, негизинен, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүгө жана мамлекеттик органдарды, мекемелерди жана уюмдарды мамлекеттик административдик имараттарга жайгаштырууга багытталган.
Ижара келишимдеринин маселелерин жөнгө салууга байланыштуу маалымат
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү ижарага берүү маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.
Жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мамлекеттик менчикте турган жер участокторун пайдаланууга берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат.
Ошондой эле, мамлекеттик мүлктү ижарага алуу келишимдерин түзүү укугуна электрондук тооруктарга катышуу үчүн https://auctionetp.gov.kg/fugi/ шилтемеси аркылуу өтсөңүз болот.
Мамлекеттик кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо тартиби төмөнкүлөр менен аныкталган.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 1566-б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер тилкелерин ижарага берүү келишимдерин түзүү укугуна аукциондорду өткөрүү үчүн старттык ижара акысынын өлчөмүн, ошондой эле мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер тилкелерин ижарага берүү келишимдерин түзүү укугуна түз берүүдө ижара акысынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө нускама”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-декабрындагы № 758 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды (квартира акысын) пайдалангандыгы үчүн акынын өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” – турак жай объекттери үчүн;
Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик мүлктү эсепке алуу
Мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана инвентаризациялоо маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 638-р буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри” ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
Бул ведомстволор аралык автоматташтырылган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри” маалыматтык системасын координациялоону жана жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги ишке ашырат.
Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү ченемдик жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, мамлекеттик менчикте турган мүлктү менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына ылайык жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик менчикте турган стратегиялык объекттерди менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн тартиби жана шарттары төмөнкү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларда аныкталган:
- Жогорку Кеңештин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2023-2025-жылдарга мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Өкмөттүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтому;
- Өкмөттүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү регламенттеген жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 “Мамлекеттик мүлктү кийин сатып алуу шарты менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 “Мамлекеттик менчикти аукциондо сатуу методу менен менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 774 “Баалуу кагаздар рыногундагы соода уюштуруучусу аркылуу акциялардын мамлекеттик пакеттерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.
“Баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө баалоочуларды (баалоо уюмун) тартуу менен көз карандысыз баалоо жүргүзүлөт.