Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө чөйрөсүндөгү айрым буйруктарын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                                 24-сентябрындагы № 183 “Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2022-жылдын                                14-сентябрындагы № 501-б “Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” буйругун эске алуу менен буйрук кылам:

  1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
  2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2016-жылдын                26-январындагы № 8 “Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” буйругу;
  3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2016-жылдын             22-июнундагы № 168 “Министрликтин 2016-жылдын 26-январындагы № 8 “Мамлекеттик, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” буйругуна толуктоону киргизүү жөнүндө” буйругу.
  4. Мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгы:
  5. ушул буйрук катталгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” газетасына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
  6. ушул буйрук расмий жарыялангандан кийин үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
  7. ушул буйрук күчүнө киргенден кийин, үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберсин.
  8. Басма сөз кызматы ушул буйрук катталган күндөн баштап үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында расмий жарыялоону камсыздасын.
  9. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  10. Ушул буйрукту аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары И.Э. Асылкуловго жүктөлсүн.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу