"Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

ЧУА кыскача мазмуну
Ушул “Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору чийки зат ресурстарынын (кара металлдардын сыныктарынын жана калдыктарынын) жетишсиздигине жол бербөө жана даяр продукциянын өндүрүшүнө стимул берүү максатында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021 -жылдын 20 -августундагы № 8 тапшырмасына ылайык, ошондой эле 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимдин 47-беренесинин негизинде иштелип чыкты.
Аталган токтом долбоору боюнча Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу каралат.
Комментарийлер:
Комментарий калтыруу: