Баалоо иши

Баалоо иши


       Башкармалык баалоо ишин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасында баалоо институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди жүзөгө ашырат.

       Мүлктү баалоонун өнүккөн системасы инвестициялык клиаматтын абалына таасирин тийгизүүчү рыноктук экономиканын бирден-бир атрибуту жана маанилүү элементи болуп саналат. Баалоо ишин коомдук жөнгө салуу менен биргеликте мамлекеттик жөнгө салуучу өлкөлөр инвесторлорго маанилүү чоң ишеним артат.

       Кыргыз Республикасында баалоо ишин жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча ченемдик-методикалык баалоо жана сунуштарды даярдоо боюнча иштерди координациялоо максатында, баалоо ишин өнүктүрүү боюнча Кеңеш түрүндө эл аралык кеңешүүчү орган түзүлгөн. Бул Кеңештин курамы профилдүү мамлекеттик органдардын жана түздөн-түз өз баалоочуларынын өкүлдөрүнөн тең укуктуу негизде түзүлгөн. 

       Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында баалоо ишинин бардык субъекттерин милдеттүү түрдө пайдаланууга төмөнкү баалоо стандарттары ишке ашырылат:

       баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандарттары;

       - бизнести балоо стандарты;

       - кыймылсыз мүлктү баалоо стандарты;

       - баалоо жөнүндө отчеттун курамына жана таризделишине карата талаптардын стандарты;

       - материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо стандарты;

       - кыймылдуу мүлктүү баалоо стандарты. 

      Ошону менен бирге баалоо кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын көбөйүүсү менен бирге баалоочулардын ишинин сапатына да суроо-талап көбөйүүдө. Бул талаптарга жооп берүү үчүн баалоочулардын кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүүгө багытталган кесиптин сапатын жогорулатуу чаралардын комплексин иштеп чыгуу зарыл. Баалоо ишин өнүктүрүү үчүн негизги маселе, баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салуу механизмин түзүү деп саналат.

       Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалоо иши чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүүгө багыттоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу