Банкроттук
42652

Банкроттук


Экономикалык туруксуздук жана бизнес чөйрөсүнүн өзгөрүлүшү, ар кандай тармактардагы жана менчик формаларындагы уюмдардын финансылык туруктуулугуна жана туруктуулугунда таасирин тийгизет. Мындай шартта көпчүлүк уюмдар өз милдеттенмелерине жооп бере албай калышат, бул кийинчерээк банкроттукка алып келет.

Карызкорду банкрот деп таануу азыркы учурда кредиторлордун талаптарын канааттандыра албаган юридикалык жана жеке жактардын бардык карыздарын токтотуунун (түшүрүүнүн) жалгыз мыйзамдуу жолу болуп саналат. Банкроттук жол-жобосу өз ишин натыйжалуу жүргүзө албаган, анын ичинде өз карыздары үчүн жооп бере албаган ишкананын бизнесинен чыгуу маселелерин цивилизациялуу чечүүгө багытталган мыйзамдуу жол-жобосу болуп саналат.

Кыргыз Республикасында банкроттук жол-жобосун жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Банкроттук процессинин жол-жоболорун жана катышуучулардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменти эсептелет.

Банкроттук (кудуретсиздик) деп карыз тараптын макулдугу менен юридикалык жактын сот тарабынан таанылган же кредиторлордун чогулушу тарабынан жарыяланган төлөөгө жөндөмсүздүгү, башкача айтканда мыйзамда же келишимде белгиленген мөөнөттө толук көлөмдө акчалай милдеттенмелери боюнча өз кредиторлорунун негиздүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүздүгү түшүнүлөт, ага анын өтүмдүү активдерине милдеттенмелерди өзүнө алуудан ашып кетүүнүн натыйжасында бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрдү камсыз кылууга жөндөмсүздүгү кирет.

Коммерциялык банктарды, мамлекеттик мекемелерди жана табигый монополиянын объекттерин кошпогондо, карызкор деп жеке ишкер же юридикалык жак таанылат.

Банкроттук процессинин жол-жоболорун администратор жүргүзөт, ал убактылуу администратор, атайын администратор жана тышкы башкаруучу катары чыгышы мүмкүн.

Эгерде банкроттук процесси сот тартибинде жүргүзүлсө, администратор банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан дайындалат, четтетилет, бошотулат. Банкроттук процесси соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлгөн учурда администратор карыз тараптын кредиторлорунун чогулушу тарабынан дайындалат.

Убактылуу администраторду дайындоо, четтетүү, бошотуу (банкроттук процессин жүргүзүү тартибине карабастан) сот тарабынан ишке ашырылат.

Банкроттук жол-жобосунун жүрүшүндө негизги ролду Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент аткарат, ал банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

- администраторлордун ишин лицензиялоону жүзөгө ашырат;

- оpдунда жок каpыз таpаптын банкpоттугун ишке ашыpууну камсыз кылат

- соттун, пpокуpатуpанын же башка оpгандын суpоосу боюнча төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилеpинин болушу, ошондой эле жалган же атайын банкpоттуктун болушу жөнүндө корутунду даяpдайт;

- мамлекет кредитор болуп эсептелген карыз тараптарга карата банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин бирден-бир өкүлү болуп саналат;

- мамлекет катышуучу (ээси) болуп саналган карызкорлордун банкроттук процессинде мамлекеттин кызыкчылыктарын билдирет;

- кредитордун өтүнүчү боюнча карыз тараптын банкроттук процессин козгойт, эгерде ушул кредитор өзүнүн атынан банкроттук процессин козгоо үчүн каражаттарга же билимге ээ болбосо;

- банкроттук процессинде администраторлордун банкроттук жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткаруусун көзөмөлдөйт;

- администраторлордун отчеттук маалыматтарын жыйноону жүзөгө ашырат;

- банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө администраторду дайындайт, четтетет жана бошотот;

- банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө администраторлордун отчеттору боюнча корутундуну сотко берет;

- Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык банкроттук чөйрөдөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө иштерди карайт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү эң борбордук көйгөйлөрү:

- карызкор ишкананы иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъект катары сактап калуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгү;

- банкроттук жол-жобосу жүргүзүлгөндөн кийин кредиторлорго финансылык каражаттарды кайтаруунун төмөнкү деңгээли;

- карыз тараптын ээлеринин же активдеринин жоктугунун жогорку көрсөткүчү.

Онлайн кайрылуу