Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду
4180



Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
 2014-жылдын 17-мартындагы
 № 147 токтому менен
 бекитилген

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду жөнүндө
 ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фондунун (мындан ары - Фонд) каражаттарын түзүү, пайдалануу жана эсепке алуу тартибин аныктайт.

2. Фонддун бардык каражаттары казыначылык тутумунун эсептеринде эске алынат. Фонддун эсептеринде Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун колдоо жана каржылоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды топтоо ишке ашырылат.

3. Фонддун каражаттарын ушул Жободо каралбаган максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.

2. Фонддун каражаттарын түзүүнүн булактары, пайдалануу жана эсепке алуу тартиби

4. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- республикалык бюджеттин;

- эл аралык жана башка уюмдардын каражаттарынын.

5. Каражаттар Фонддун эсептерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келип түшөт. Фонддун акча каражаттарын жылдыруу боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

6. Фонддун каражаттары төмөнкү максаттарга пайдаланылат:

- МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча консультативдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого, ага тендердик документтердин пакетин даярдоо жана техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгуу кирет;

- МЖӨ долбоорлорун даярдоо процессинде жана тендердик жол-жоболорду өткөрүүдө көмөк көрсөтүүгө;

- башка булактардан каржылануучу МЖӨ долбоорлорун даярдоодо кошо каржылоого.

7. Фонддун каражаттарын пайдалануу МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык программаларын, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактарды өнүктүрүү программаларын, башка программаларды жана республиканын региондорун өнүктүрүү пландарын эсепке алуу менен мамлекеттик өнөктөш тарабынан киргизилген МЖӨ долбоорлору боюнча гана ишке ашырылат.

8. МЖӨ долбоорлорун даярдоого каражаттар жеке өнөктөш тарабынан толтурулат.

9. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн МЖӨ долбоорлорун даярдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Фонддун каражаттарын башкаруу

10. Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун каражаттарын башкаруу жана акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын мониторингдөөнү ишке ашырат.

11. Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына кызмат орундары боюнча төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестицияларды тартуу маселелерин тейлөөчү вице-премьер-министри, Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-июнундагы № 328, 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 736 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

12. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү анын ишине коомдук негизде катышат.

13. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү отурумдарга алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү келе албай калганда ал каралуучу маселе боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берет.

14. Фонддун Байкоочу кеңешинин отурумдары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.

15. Фонддун Байкоочу кеңешинин отурумдарына МЖӨ долбоорлорун демилге кылган мамлекеттик өнөктөштөр долбоорго түшүндүрмө берүү жана илгерилетүү үчүн милдеттүү түрдө катышат.

16. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими бир добуштан кабыл алынат.

17. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- Фонддун каражаттарынан каржылоо үчүн МЖӨ долбоорун жактыруу же жактырбоо;

- МЖӨ долбоорунун техникалык тапшырмаларын бекитүү;

- МЖӨ долбоорун даярдоого бюджетти бекитүү;

- Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо.

18. Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоону МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу