Азербайжан - Кыргыз Өнүктүрүү фонду

Азербайжан - Кыргыз Өнүктүрүү фонду (АКӨФ) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы АКӨФ түзүү жөнүндө Макулдашууга ылайык 2022-жылдын 12-октябрында түзүлгөн жана иштейт. Макулдашуу КРнын 2023-ж. жылдын 3-мартындагы №46 Мыйзамы менен ратификацияланган.

Фондду түзүүнүн максаты КР менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, экономикалык эки тараптуу кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Кол коюлган Макулдашууга ылайык Фонд агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, кен казуу жана металлургия өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка секторлор сыяктуу тармактарда зайымдарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорундагы өзүн актоочу долбоорлорду каржылоону ишке ашырат. 


Ишке ашырылган долбоорлордун саны

Суммасы

Дареги

Электрондук почта

Расмий сайты




г. Бишкек, ул. Жумабека 105/1




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу