Экспортту/импортту лицензиялоо

Үчүнчү өлкөлөр менен тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган, товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана (же) импортуна лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн тартиби (Документти жүктөө)


Экономика министрлигинин Лицензиялык комиссиясы 

тууралуу маалымат


Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин   лицензиялык комиссиясы төмөнкү маселелерди кароо үчүн түзүлгөн:

а)  

- үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана (же) импортуна;

 - экспорттук контролдонуучу продукциялардын  экспортуна жана (же) импортуна;

- курал-жарак жана аскер техникасын жана башка аскердик буюмдардын экспортуна жана (же)  импортуна

лицензияларды берүү;

б)  үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана (же) импортуна корутундуларды (уруксат документтерин) берүү;

в) лицензиялык талаптарды бузуу боюнча материалдарды жана  лицензиянын аракеттенүү мөөнөтүн узартууга,  лицензиянын аракеттенүүсүн токтотууга же убактылуу токтото турууга байланыштуу маселелерди кароо.

Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй ченемдик укуктук

актыларын жана эл аралык келишимдерин:

“Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

" Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишим;

Евразия экономикалык комиссиянын 2012-жылдын 16-августундагы №134 жана 2015-жылдын 21-апрелиндеги №30 Чечимдери;

Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары жөнүндө Протокол (ЕАЭБ жөнүндө Келишимге №7 Тиркеме);

Товарлардын экспортуна жана (же) импортуна лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелери (үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары жөнүндө Протоколго карата тиркеме);

2014-жылдын 6 - ноябрындагы №199 Товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана импортуна лицензия берүүгө арызды тариздөө тууралуу жана ушундай лицензияны тариздөө жөнүндө нускама жана товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортуна жана импортуна уруксатты тариздөө тууралуу нускама;

Евразия экономикалык комиссиянын 2012-жылдын 16-майындагы №45 Чечими (бөлөк товарлардын экспорт жана импортуна корутундунун формасы);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3 - февралындагы № 67 токтому менен бекитилген Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө Убактылуу жобосу;

Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24- мартындагы № 142 токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө Жобосу;

жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

Министрликтин лицензиялык комиссиясынын курамы министрдин буйругу менен бекитилет. Комиссиянын курамына министрликтин соода саясаты башкармалыгынын, укуктук колдоо жана экспертиза башкармалыгынын укуктук колдоо бөлүмүнүн жана ишкердикти жөнгө салуу башкармалыгынын лицензиялык уруксат берүү ишин жөнгө салуу жана ЖСТТ бөлүмүнүн башчылары кирет.

Комиссиянын төрагасы тескөөгө алган министрдин орун басары болуп саналат.


                    
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу