Тарифтик эмес жөнгө салуу
8970

ЕАЭБде тарифтик эмес жөнгө салуу

Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин IX бөлүгүнүн 46 жана 47-беренелеринин, Үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө протоколдун (Келишимдин №7 тиркемеси) негизинде колдонулат.

 Бирликтин аймагында үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары (мындан ары - чаралар) колдонулат. 

Чараларды киргизүү, колдонуу, узартуу жана жокко чыгаруу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан колдонулат.

Келишимдин 46-беренесине ылайык Бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүсүндө төмөнкүдөй тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чаралары колдонулат: 

1) товарларды ташып кирүүгө жана (же) ташып чыгууга тыюу салуу;

2) товарларды ташып кирүүгө жана (же) ташып чыгууга сандык чектөө киргизүү;

3) товарлардын экспортуна жана (же) импортуна өзгөчө укук берүү

4) товарлардын экспортун жана (же) импортун автоматтык түрдө лицензиялоо; 

5) товарларды ташып кирүүгө жана (же) ташып чыгууга уруксат берүү тартиби.  

Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары ЕАЭБ жөнүндө келишимдин №7 тиркемесине ылайык тартипте, ачыктык принцибинин негизинде жана басмырлоосуз киргизилет жана колдонулат.

 Келишимдин 47-беренесинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге Келишимдин №7 тиркемесинде каралган тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын бир тараптуу тартипте киргизүү жана колдонуу аркылуу үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүү укугу берилген.

ЕАЭБдин аймагында тарифтик эмес жөнгө салуунун дагы бир маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп, ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Чечими саналат. Ушул Чечим менен Евразия экономикалык комиссия Коллегиясы үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу товарлардын эки тизмесин жүргүздү жана бекитти.

ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги №30 Чечиминин №1 тиркемесинде ЕАЭБдин бажы аймагына ташып кирүүгө жана (же) ЕАЭБдин бажы аймагынан ташып чыгууга тыюу салынган товарлардын тизмеси камтылган.

ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги №30 Чечиминин №2 тиркемесинде ЕАЭБдин бажы аймагына ташып кирүүгө жана (же) ЕАЭБдин бажы аймагынан ташып чыгууга уруксат тартиби белгиленген товарлардын тизмеси камтылган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 31-мартындагы №23 Чечими менен бекитилген тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сунушун ЕЭКге киргизүү тартибине ылайык үчүнчү өлкөлөргө карата тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарын ЕЭКге жөнөтө алышат.  

 Кыргыз Республикасы тарабынан бир тараптуу тартипте киргизилген чаралар:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-июлундагы №390 “Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы №566 “Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу  жөнүндө” токтому.


ЕАЭБдин алкагында киргизилген чаралар:

ЕАЭБ ЕЭК Коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы №90 Чечими менен болот түтүктөрүнүн айрым түрлөрүнүн импортун автоматтык түрдө лицензиялоо (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 7304-7306) киргизилген.

ЕАЭБдин тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча материалдарын ушул жерден кароого болот: http://www.eurasiancommission.org/ru/act/trade/catr/nontariff/Pages/default.aspx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу