Экономика министрлигине караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш
5745

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеши (мындан ары - Кеңеш), керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмесинин (алардын бирлигинин, ассоциацияларынын) макулдашылган иштерин ишке ашыруу үчүн түзүлгөн коллегиялык кеңешүүчү орган болуп саналат.

Кеңеш мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ишкерлердин жана эл аралык уюмдардын ассоциацияларынын (бирлигинин) расмий түрдө жиберилген өкүлдөрүнөн түзүлөт. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Экономика минисрлиги тарабынан бекитилет.

Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.


Кеңештин иш принциптери


Кеңештин иши төмөнкү негизде ишке ашырылат:

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында көйгөйлөрдү жамааттык, эркин жана ачык талкуулоо жана аларды чечүү үчүн макулдашылган иштерди жүзөгө ашыруу;

- Кеңештин чечимдерин милдеттүү түрдө аткаруу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы ишти өркүндөтүүгө байланышкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген тиешелүү ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте кабыл алуу.


Кеңештин негизги милдеттери


Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмесинин (алардын бирлигинин, ассоциацияларынын) макулдашылган иштерин жүзөгө ашыруу;

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого дем берүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароо, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө коомдук уюмдардын өнөктөштүк мамилелерин камсыздоо;

- Кыргыз Республикасында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу укуктук жана методологиялык негиздерин “Кыргыз Республикасы жана Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ишке ашырууну колдоо” долбоорунун алкагында Европа биримдигинин тиешелүү компоненттерине шайкеш келтирүү;

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө бийликтин аткаруу жана мыйзам бутактары менен өз ара аракеттенүү;

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иштердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.


Кеңештин функциялары


Негизги милдеттерге ылайык, Кеңешке төмөнкү функциялар жүктөлөт:

Кеңештин мүчөлөрүнүн биргелешкен иштерин пландоо, анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында өз ишин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана коомдук уюмдардын иштерин координациялоо;

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө укуктук, администрациялык, экономикалык, уюштуруучулук жана башка барьерлерди четтетүү боюнча сунуштарды кароо;

керектөөчүлөрдүн жана ишкерлердин кызыкчылыктарынын балансынын негизинде биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу максатында, ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик орган менен коммерциялык уюмдардын ассоциациялары (бирликтери), айрым тармактарда адистештирилген жана республиканын башка ишкердик түзүмдөрү менен өз ара аркеттенүү;

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча эл аралык конференцияларга, съезддерге, семинарларга, тегерек столдорго жана башка форумдарга катышуу;

Кеңештин жумушчу органы (Катчылыгы) тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча республикалык съезддердеги, конференциялардагы жана тегерек столдордогу чечимдерди жана сунуштарды аткаруу боюнча маалыматтарды кароо;

башка өлкөлөрдүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук жана мамлекеттик тажрыйбасын изилдөө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасы менен эл аралык уюмдарынын байланыштарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында маалыматтар жана ой-пикирлер менен алмашуу.


Кеңештин укугу


Кеңеш жүктөлгөн милдеттерин ишке ашыруу жана өз функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чечимдерди иштеп чыгууга жана алардын аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;

- ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды кароомакулдашылган чечимдерди кабыл алуу жана аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга таанышуу үчүн жөнөтүү;

аткаруу бийлигинин органдарынан мыйзамда белгиленген тартипте зарыл маалыматтык, аналитикалык, маалымат-статистикалык жана башка материалдарды суроого;

мамлекеттик органдардын жана ишкердиктин субъекттердин өкүлдөрүн ишке катышуу үчүн тартуу.


Кеңештин ишин уюштуруу

Кеңешти монополияга каршы саясат, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама чөйрөсүндөгү иштерди тейлеген Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары жетектейт, ал Кеңештин төрагасы болуп саналат.

Кеңештин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органынын - “Керектөөчүлөрдүн укуктарын когоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сакталышын контролдоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси саналат.

Кеңештин жыйынын төрага алып барат, ал эми төрага жок учурда анын орун басары алып барат.

Кеңештин төрагасы:

Кеңештин ишин жетектейт, анын алдында турган милдеттерди аткарууну уюштурат;

Кеңештин мүчөлөрүнүн макулдугу менен иш-чаралар планын жана аларды аткаруу графигин бекитет.

Кеңештин жыйыны зарылдыгына жараша, бирок Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилген иш планга ылайык, кварталда бир жолу өткөрүлөт. Кеңеш оптималдуу сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгууда эркин жана конструктивдүү пикир алмашууну камсыз кылуучу кырдаалда өткөрүлөт.

Кеңештин күн тартиби Кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча күн мурун түзүлөт жана аларга жыйынга чейин 3 күн мурун жөнөтүлөт.

Кеңеш анын жыйынында Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан аз эмес катышуучу катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу. Чечим жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

Кеңеш тарабынан анын компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер, төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлган протокол менен таризделет жана Кеңештин бардык мүчөлөрүнө жана зарылдыгына жараша анын аймактык өкүлчүлүктөрүнө жөнөтүлөт. Кеңештин Катчылыгы Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону андан ары ишке ашырат. 


Кеңештин мүчөлөрү


Кеңештеги мүчөлүк төмөнкү мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болуп саналат:

- монополияга каршы саясат боюнча;

- стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча;

саламаттык сактоо;

- айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо;

- ишкердикти өнүктүрүү боюнча;

билим берүү;

- транспорт жана коммуникациялар;

мамлекеттик каттоо боюнча

- отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча;

Кеңешке ыктыярдуу негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери, ошондой эле ишкерлердин коомдук бирикмелери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кире алышат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу