Жарнама
5236

Жарнама жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы Кыргыз Республикасындагы товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары - товарлар) рынокторунда, ага кошо жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын пайдаланууга байланышкан баалуу кагаздар рынокторунда, банктык, камсыздоочу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторунда жарнак чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

Ак ниет атаандаштыктын принциптерин сактоонун негизинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокторун өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн ак ниет жана ишенимдүү жарнак алуу укугун ишке ашыруу, социалдык жана мамлекеттик жарнакты чыгаруу жана жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарнак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушун алдын алуу, жарнактын керектөөчүлөрүн адаштырууга же жеке же юридикалык жактардын ден соолугуна, мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө же болбосо көрсөтүлгөн адамдардын ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик аброюна зыян келтирүүгө жөндөмдүү, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулуктун жана моралдын принциптерине шек келтирген талаптагыдай эмес жарнакка бөгөт коюу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу